Коом

Зулумга жообуң жок болсо, сен да жоксуң!

7 января 2018 г. 14:05 349

Бардык нерсе чегинен ашкан, ачуу жүрөктү, маани сөздү айрып чыккан заманда жашап жатабыз канчадан бери.

Эч кимдин бурчка жашынып алып дудук болгонго акысы жок.

Түшүнүп түшүндүрүүгө милдеттүүбүз.

«Улуу» тарыхты «кичине инсандын окуялары» менен окуп, жазып жатабыз.

Барлык менен жоктук, үмүт менен чыдоо, ачуу менен мээрим, бүгүн менен эртеңдин ортосунда ары-бери жүрөбүз.

Антпесек аң-сезим жана жүрөк, табият жана абийирибиз менен бирге өлөөрүбүздү билебиз.

Башкаларды жашатпасак өзүбүз да жашай албашыбызды түшүнүп жатабыз.

Көрбөсөк сокурлашаарыбызды, укпасак дүлөйлөшөөрүбүздү жана акылды колдонбосок кайра оңолбочудай акмакташаарыбызды...

Эч ким коопсуздукта эмес.

Эч ким үзүрлүү эмес.

Катуу сыноодон өзгөргөн сөздөр

Бирок акыйкатты билсек да, өкүнүчтүүсү «Билбегендер бизди тааныбайт, билгендерге дубай салам!» деген кайдыгерлигибиз жүрөктөрдө кандай так калтырып жатканын сезбейбиз.

Андан башкача болушу мүмкүн эместигин да...

Дасторконубузга отуруп баарлашкан адамдар кайсыл айып пардасынын артына жашынып калганын билбейбиз, мисалы.

Тандоолорунун натыйжалары менен бетме-бет келип-келбегенин да...

Күндөр айларга, айлар жылдарга айланып барат, бир сөз айтып коёбу деп күткөндөрүбүз дале унчугушпайт.

Көбүнчөсү «көксөгөнүңө» көңүл таарынат. «Албетте бир күнү жолугабыз!» дегенге, «Ушундай жарым жолдо калбаш үчүн эмне кылдың?!» деп кыйкыргың келет.

Ордунда деген түшүнүктөр чоочундашып барат. Сезимдерге котормочу болгон сөздөр сыноонун катуулугунан өзгөрүүдө. Берилген сөздөр атайын унутуу таштандысына ыргытылууда.

Сезимдер эскирип баштаганда жемелер жол таап асманга жол алууда.

Бирге жашалгандар, бөлүшкөндөр унутулганда акы жана укуктар каалабаган, ээси болбогон колдорго аманатка берилип жатат. Артынан барган жок, аркасынан караган жок...

Туугандык байланыштар да бошоп, чечилип кетүүдө. Ата-эне балдарына чоочундашууда.

Сөздүн таасири болбосо да сүйлөгүсү келет экен адам. Бул дүлөйлүккө көңүл гана эмес, абийир да ыраазы болбойт.

Кабар алынбаса жаралар ырбап кете берет. Үнү угулбаган сайын тереңдеп барат «мазлумдун» жалгыздыгы. Билип туруп билбемиш, көрүп туруп көрбөмүш болгондор кымызыңды ичейин, кадырыңы тепсейин деген мамилеси менен адам болууну оорлоштурууда.

Катыштарды кашаага алып, четке сүрүп күттүрүп койсо болот деп ойлойт кээ бирөөлөр. Сезимдерди тоңдуруп коёрун... Сүйүүнүн актануу менен шыбап коёрун... «Кайсыл жерге токтодук эле?» деп жолун улап кетээрин...

Өзүнөн алыстоонун аралыгы

Көздөр шаардын эң алыс жагынан жүгүрүп келчү берилген бирөөнү зарыгып карайт. «Эмне, сиз бир киши «Жаратканым Алла» дегени үчүн өлтүрөсүңөрбү?» (Муъмин, 28) деп сураган эрди, фараондордон коркпогон момундарды, Абу Бакирлерди уккусу келет кулактар. Көңүлдөр баасы канча болсо да төлөөдөн коркпой туруп акыйкатты айткан жигиттерди күтүүдө...

Адам болуу азирети Мевланадай дил менен угуудан башталат...

Анткени бир гана «кишинин окуясына» кулак салуу, өзүңдөн канчалык алыстаганыңдын аралыгын гана өлчөп берет.

«Тилге кулактан башка кардар жок» дейт Жалаледдин Руми. Укпасаң түшүнбөйсүң, өз жүрөгүңө да жол таба албайсың.

Укканда гана бир окуянын ээси да, баяндамачысы да болосуң!

Рухуңдун мөөнөтү сенин мөөнөтүң, бийликтегилерге баары бир. Сен эмнеге бийликтегилердин мөөнөтүн өлчөп кыйналасың? Зулумдукка каршы эркиндигиңе бир гана эзилгендердин үнүнө кулак төшөө менен жетесиң.

Өзүңдү анчалык аяба, кулактарыңды ач.

Уккандан эмес, унчукпагандан өлүп баратабыз!

Ук!

Сыбызгыдай сыздаган көңүлдөрдөн окуя да ук, арыз да ук.

Инсан болгон соң угуу милдетинен кутула албайсың. Уккандан эмес, унчукпагандан өлүп баратасың.

Капастагы миңдеген кишинин окуясын ук. Алардын үй-бүлөөлөрүнүн, балдарынын окуясын. Адилетсиз буйруктар менен жумушунан айдалгандарды. Кудум баш кесер каракчыдай үстүнөн арыз жазылгандарды. Бардык эшиктер бет алдында жабылгандарды. Бала-чакасы менен аңдылгандарды. Ырыскылары колунан алынгандарды. Жалгыз чарасы качуу болгондорду. Кайда бараарын билбей жолго чыккандарды. Кылтакка түшүрүлгөндөрдү. Жалган күбөлүккө өтүүгө мажбурлангандарды. Кыйноого алынгандарды. Өлүмгө калтырылгандарды, өлтүрүлгөндөрдү...

Үч айлык баласын кучактап дарыянын толкунуна бой таштаган эненин окуясы менен бүт ааламдын энелеринин сыздаганын ук. Адам аткезчилерине акчасы жетпей, бир баласын ээрчитип, экинчисин жолдо калтырган атанын жүрөгүндө турган күйүттү тыңда. Түрмөдөгү ата-энесине зыяратка барган балдардын аркасынан барып көр, көргүсү келбегендерден катылгандарды...

Мынча оорчулуктун алдында калып эзилип кетем деп коркпо! Мазлумдун үнүнө кулак салбаганың үчүн заалымдин дөөрүгөнүнө чөгүп баратасың.

Күчкө сыйынгандардын мактоосу бардык үндү басса да, жүрөктүн кулагы сөздөрдү табынан тааныйт.

Кимдин үнүндө жапа чегүүнүн аптабы жок болсо, андан бурулуп кет.

Жабылган эшиктин ичинен айткан сөздөрүң сени кекечтиктен сактап калбайт. «Сезимтал абийирдүүлөрдөй» бирөөсүн угуп, башканын сыздаганына кулагын жаап алуу да...

Күнөөлөрдүн арасынан жол таап, динсиздикке карай кеткен сымал шылтоолорду аралай зулумга баратасың. Унчукпай актанган сайын заалымдын түсүнө боёлуп, күн өткөн сайын заалымдын өзүнө окшой баштадың.

«Былтыркынын сөздөрү кеткен жылдын тилине таандык» дейт Элиот. Жаңы жылдын сөздөрү жаңы үндү күтөт дайыма. Ошол үндү тап. Өткөн жылга таандык сөздөрдү өтмүшкө калтыр. Кайраттуу бол! Бүгүн бизге өткөн күндү унуттургандай нерселерди айт.

Зулумга берчү жообуң жок болсо, сен да жоксуң.

Бар болууну танда!

Эмине Эроглу, tr724.com