Экономика

​КЫРГЫЗСТАНДА ЖАКШЫ АКЧА ТАБУУ. ЭКИНЧИ ЫКМА

6 января 2018 г. 11:21 1626

Сизде бизнес үчүн шумдуктуу идея бар дейли. Бул жерде биринчи кадам катары кантип каражат табуунун төрт жолу берилди. Биринчисин бул шилтемеден табасыз. Эми экинчиси менен таанышыңыз

Достор, туугандар, негиздөөчүлөр (Friends Family Founders)

Баары бир баштапкы капитал зарыл дейли. Мисалы жабдыкка, бөлмө ижарасына жана бизнести баштоо үчүн маанилүү бир нерсе алуу керек. Баштапкы каражатты жакындарыңыздан – тууган, дос жана жакшы тааныштардан издейсиз.

Бул ыкма кимге ылайыктуу?

Бир аз каражатты гана талап кылган чакан жана орто бизнеске жарайт. Буга өндүрүштөн баштап, түрдүү кызмат көрсөтүүгө тиешелүү бардык бизнести киргизсе болот.

Акчаны кимден алсак?

Көбүбүз адам бизге канчалык жакын болсо, акчаны ошончолук жеңил берет деп ойлойбуз. Кээде мунун тескериси болуп, эң жакындарыбыз биздин келечегибизди ойлогондуктан чоочундардан да катаалырак чыгышы мүмкүн. Иш ачууга жакындардан акча алсаңыз мамилеңиздер толугу менен өзгөрүп кетиши мүмкүн экенин эстен чыгарбаңыз.

Мындай старттын негизги талабы

Алган карызды убадага жараша төлөп бериш үчүн качан жана канча акча таба баштаарыңызды жакшы билүүңүз керек. Жакындар менен мамилени бузуп албаш үчүн кайтарып берүү мөөнөтүн так аныктаңыз. Акчаны кайтаруу шарттарын (керек болсо жазуу түрүндө) алдын ала макулдашып алуу маанилүү. Келишимди нотариуска бекиттирип коюу да ашыкча болбойт.

Дал ушул экинчи ыкма үчүн бизнес-долбоор өтө маанилүү экенин эстен чыгарбоо зарыл. Бул жерде маркетинг стратегияңыз ийне-жибине чейин жазылган А4 форматында 60 беттик текст тууралуу айткан жокпуз. Иш кантип кетет, ал үчүн эмне сатып алуу керек, бир айда канча акча таба алаарыңызды даана билишиңиз шарт.

Акча берген киши мындай маалымат үчүн ыраазы болот, анткени адамдар акчаны жөн эле карызга бере беришпейт.

Акчаны кантип суроо керек?

Эмне баштап жатканыңызды, эмне үчүн сиздин идеяңыз кирешелүү бизнеске айланып кете алаарын айтып бериңиз. Катуу кетпеңиз. Канча акча бериш керек экенин адамдын өзүнө калтырыңыз. Керектүү сумманы бир жолугушууда ала албасаңыз да, бир нече кишини кыдырсаңыз, жетиштүү каражат жыйнап аласыз.

Бизнести жамаат менен баштоо үчүн жоро-жолдош жана тууган-туушкан менен биригүү ишти мындай баштоонун негизги плюсу десек болот. Жамаатташа алсаңыз ишти тургузуу, башкаруу, өнүктүрүү жана бизнести кеңейтүү жеңил кетет.

Сиздин фирмаңызга инветиция жумшоону эң жакын тууганыңызга да сунуштай аласыз. Баштапкы акчасын кайтарып бербесеңиз да, жакын адамыңыз компаниянын ишинен киреше таап, анын өндүрүмү же кызматын бекер же арзан ала алат. Бул албетте сиздин сүйлөшүү жөндөмүңүзгө, тегерегиңиздеги адамдардын муктаждыгын сезүүңүзгө жана идеяңызды туура түшүндүрө алууңузга байланыштуу.

Чакан бизнесин жакын адамдын жардамы менен бутуна тургузуп кеткен жаш ишкер Данияр Есеналиев төмөнкү тажрыйбасы менен бөлүштү.

Менин атам да көп нерсге аракет кылып көргөн бизнесмен. Ошондуктан өз ишмди ачайын деп ниеттенгенимде атам мени моралдык жана материалдык жактан катуу колдоп берди. Биз сүйлөшкөн соң бизнести чогуу жүргүзөлү деген чечимге келдик.

Ал киного көп барчу, барган сайын 160 сомдон попкорн алчу экен. Биз ага канча чыгым кетээрин эсептеп көрдүк. Бардык жагын эсептегенде 50 сомдун тегерегинде каражат кетээрин билдик. Ошондон кийин попкорнго тиешелүү кандай чыгымдар болушу мүмкүн, мындай бизнести кантип түптөө керек деген бардык маалыматты алганга аракет кылдык.

Ошентип бизге ата мекендик оригиналдуу попкорн чыгаруу идеясы келди. Иштин эң оор тарабынан – керектүү жабдыктарды издештирип сатып алуудан баштадык. Жабдык саткан жигиттер технология жагынан да жардам беришти. Биз француз даны менен орусиялык түстүү глазур аралашмасын колдондук.

Бирок бир нерсе башкача кете берди. Биздин продукт атаандаштардыкындай таттуу жана өтүмдүү болбой туруп алды.

Биз ойлонуп, изденип, жергиликтүү компаниядан технолог чакырдык. Ал өндүрүш жараянын тескеп чыкты. Акыры бул технолог менен даамы да жакшы, баасы да өтүмдүү, сакталуусу да узак, кыскасы попкорндун оптималдуу вариантын таап чыктык.

Эң оору баштапкы команданы уютуп чыгуу болду. Иштин натыйжасы баары бир чогуу иштешкен адамдарга байланыштуу. Мен сатуу менеджерлерин, соода агенттерин жалдап баштадым. Кадрлар бири келип, экинчиси кете берди, себеби бир эле попкорн менен дүкөн кыдыруу анча пайдалуу эмес экен. Акыры жеткирүү менен сатууну дестрибютердик фирмаларга берип салдык.

Анатолий Федоренко, kloop.kg