Жорум

"Блокчейн технологиясы" – Blockchain - кызыктуу тема...

5 января 2018 г. 17:17 62

Өкмөт «Санарип экономикага» өтүү тууралуу ойлонуп, кенен-кесири даңазаланып жаткан «40 кадам» программасында жазып аткан кез. Дүйнө жүзү болсо «жашыл» экономикага өтүүгө карай туруктуу өнүгүү тууралуу канчадан бери айтып келет. Анан калса биздин Экономика министрлиги инклюзивдүү (жоопкерчиликтүү) «жашыл» экономика тууралуу отчетун да жарыялады... Анткени менен экономиканы «жашылдандыруу» үчүн өтө көп маселени чечиш керек. Анын ичинде табигый байлыктардын акчалай наркын да баалоо зарыл... Бул болсо жеңил-желпи маселе эмес...

А көрсө так ушул дүйнөнү дүңгүрөтүп аткан «блокчейн технологиясы» татаалдашкан маселелерди – бүтүндөй Туруктуу өнүгүү үлгүсүн түзүүнү жана «санарип экономика» менен инклюзивдүү «жашыл» экономиканы бириктирүүгө шарт түзөт экен. Макаланы окуп отуруп мына ушундай жыйынтыкка келдим. Эксперттер блокчейнди бардык санариптик экономиканын башында турган технология деп жазып атышат. Мына ушундан улам эч күмөнсүбөй туруп «блокчейн технологиясы» менен санариптик «жашыл» экономика тууралуу кеп кылса болот. Бул чындык.

«Блокчейн технологиясын» колдонуу дүйнөлүк да, дүйнөлүк эмес да акча бирдиктерин айланып өтүп, бардык ресурстардын наркын биткоин менен бычууга жардам берет.

Ошону менен блокчейн бүткүл планетанын табиятын куткарышы мүмкүн. Эгер «блокчейн технологиясын» аңчылыкты, чийки кен байлыктарды казууну жана ташууну көзөмөлдөөгө колдонсок, анда ал экономиканы «жашылдандыруу» эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөөгө жардам берип, атмосферага аралашуучу зыяндуу заттарды азайтып, таштандыларды жоготууга жана акыр аягы айлана-чөйрөгө тийчү адамдык фактордун бардык терс таасирин азайтат. «Блокчейн технологиясынын» жалпы көзөмөлү алдында табигый ресурстарды соодалоодо мыйзамсыз байыгысы келгендер азаят. Бул биринчиден.

Экинчиден, «блокчейн технологиясы» менен биздин биометрикалык паспорттордун негизинде жүргүзүлгөн шайлоо системасы да идеалдашат. Идентификация процесси, автоматташкан шайлоо сандыгы жана шайлоочулардын маалымат казынасы (база данных) бир эле блокчейн системасы менен бириксе, анда идентификациядан өтпөгөн шайлоочу урнага бюллетень таштай албайт. Ошондой эле бир эле шайлоочу бир канча аймактан добуш бере албайт. Себеби, маалыматтар казынасы жалпы болот жана ал бир гана серверде сакталып, ал сервер бардык шайлоо аймактарына бекитилет. Бул автоматтык түрдө ошол эле блокчейн системасы менен камсыздалат. Ошол эле маалда хакерлердин чабуулунун коркунучу да өзүнөн-өзү жоголот. Себеби, 3500 маалымат казынасын бир эле маалда талкалоо мүмкүн эмес.

«Блокчейн технологиясын» кайсы жерде маалымат сактоо талабы болсо, ошол жердин баарына киргизүүгө болот.

Кана эмесе, технологиялык жаңылыктарды карай алга!!!