Маданият/Искусство

Келечектин жамааттык маданияты (корпоративдик маданият) кандай?

5 января 2018 г. 15:57 385

Азыркы тынымсыз өзгөрүп турган коомдо кандай болбосун бизнести так ушул таасирдүү жамааттык маданият ийгиликке жеткирет десек болот.

Жамааттык (корпоративдик) маданият – бул тек гана компанияны иштетип кетүү үлгүлөрүнүн жыйындысы эмес. Бул баасы жок ресурс. Аны ар түрдүү маселелер үчүн колдонууга болот. Мисалы, кызматкерлердин иштеринин натыйжасын арттырууда, же болбосо атаандаштар менен күрөшүүдө. Бирок мында бир көйгөй бар. Айланабыздагы бардык нерселер өтө тез өзгөрүүдө. Ушундан улам келечектин жаматтык маданияты кандай болушу мүмкүн деген суроо туулат.

Бул суроого жооп бериш үчүн бизди кандай келечек күтүп турганын тактап алган оң. Учуучу машиналарбы, же сезимтал роботторбу? Мега шаарларбы, же картайбас жаштыкпы? Муну эч ким так айта албайт.

Өзгөрүүлөр өтө ылдамдап, туруксуздук адат болуп калган кезде абалга тез көнүшүп кетүү өтө зарыл болуп калды.

Глобалдык тенденциялардын ишкерликке таасири

Бир жагынан алганда, жумушчу күчтүн өсүшү жана кесип түрүнүн көбөйүүсү бизнеске ар кайсы мамлекеттеги ар башка маданияты бар беш муунун башкарууга умтулууга мажбурлайт. А дагы бир жагынан алганда, технология жумуштардын жана карым-катыш ыкмасын көз көрүнөө өзгөртүп барат.

Бир кесиптин автоматташуусу өзүнө жараша билими жана тажрыйбасы бар башка бир кесипти талап кылат (мисалы, киши менен роботтун карым-катышы). Гаджеттерди жигердүү колдонуу виртуалдык команданы башкарууда, киши ресурсун колдонууда жаңы чакырыктарды таштап, дүйнөнүн булуң-бурчунан иш жүргүзүү кадимкидей көрүнүшкө айланды.

Маалымат көлөмү аябай артып турган шартта чечим чыгарууга жарай турган баалуу маалыматты тандап чыгуу уламдан-улам татаалдашууда.

Туруксуз чөйрөдө жамааттык маданияттын ролу

Жамааттык маданият – бизнес көзөмөлдөй алган, бирок ошол эле убакта толук көчүрүп алууга мүмкүн эмес атаандаштык артыкчылыгы.

EУнун глобалдык иликтөөсү берген билдирмелер боюнча, дүйнө жүзүндөгү компаниялардын 80 пайыздан ашыгы эффективдүү жамааттык маданият бардык бизнестин ийгилик кепилдиги деп эсептейт. Бирок ошол эле маалда ошол тандалган жетекчилердин 14 пайызы гана өз жаматтык маданияттына ыраазы.

Дүйнөдөгү көпчүлүк жетекчилер үчүн (87%) жамааттык маданият жана кызматкери менен жекеме-жеке алектенүүнү башкаруунун маанилүү талаптарынан деп билет.

Жамааттык маданияттын келечеги

Келечекте жамааттык маданият кандай өзгөрүшү керек деген маселеге келсек, анда анын компоненттери өзгөрүүсүз калаарын айта кетүү керек. Бирок, алардын жалпы мүнөзү кызматкер менен бизнеске ылайыкташуусу керек.

Эксперттердин божомолу боюнча, 2025-жылы «Y мууну» (1981-жылдан кийинки туулуп, «миллениалдар» деп аталган муун – ред.) жалпы жумушчу күчүнүн 75 пайызын түзөт. Компаниянын көздөгөн максаты менен өнүгүү багытын жөн гана түшүнүү кызматкер үчүн (Y мууну) эми жетишсиз. Миллениалдар кылган иштери келечекте жалпы коомго салым кошоорун билип эргүү менен иштөөнү каалайт.

Иликтөөлөр боюнча, Y муунунун 88 пайызы коомдук жоопкерчилиги бар компанияларда иштегиси келет. А компания жетекчилеринин 92 пайызы бизнесинин эффективдүүлүгүн баалаш үчүн бир гана кирешени эмес, башка финансылык эмес параметрлерди да караш керек дейт.

Эргүү берүүчү миссияны түзүү үчүн компания түптөөдө 3Р деп, же “triple bottom line” деп аталган ыкмага, кишилер (people), планета (planet) жана киреше (profit) деп саналган «үч устунга» маани берүү зарыл.

Компаниянын эң жогорку максатына жетүү үчүн, эң биринчиден жамааттык баалуулуктарга ыкташып кете алган «туура» кызматкерлер тандалышы керек.

Баалуулуктар

Баалуулуктар – бул кызматкерлер күн сайын бири-бири жана сырткы дүйнө менен ымалалашып иштөөсүн жана жашоосун чагылдырган жамааттык маданияттын компоненти.

Баалуулуктар компаниянын миссиясы менен көз карашына дал келип, анын иштөө принциптерине так отурганда жана бардык кызматкерлерге жеткиликтүү, түшүнүктүү болгондо жамаатка күч берет. Мында кызматкерлер үчүн жетекчинин үлгүсү өтө маанилүү.

Жетекчи

Жамааттык маданияттын бул компонентине өзгөчө көңүл буруу керек. Себеби көпчүлүк учурда жамааттык маданият менен компаниянын максаты толугу менен андан көз каранды болот.

Учурдагы компанияларда жетекчи анык лидер болушу керек. Башкаруучу коучингти (бир нерсени үйрөтүү), шыктандырууну жана эмоционалдык интеллекти сөзсүз билиши керек.

Мындан сырткары, ал бизнеси жана башкаруусу тууралуу пикирди туура кабыл алуу жөндөмүнө да ээ болушу керек. Себеби так ошол Y муундун басымдуу бөлүгү (2/3) жетекчилиги менен жок эле дегенде айына бир байланышта болууну каалап, туруктуу устаттыкка жана коучингге муктаж.

Түзүлүш

Компания ансыз да дайыма өзгөрүп турган шартында ийгиликке жетүү үчүн ийкемдүү болуп, көбүнчө стартап (бизнестин жаңы тармагы) менен иштеп аткандай мамиле кылуу керек. Бул иерархиянын артык баш деңгээлдерин жоготууну билдирип, кызматкерлерге колунан кайсы иш жакшы келип атса, ошону менен иштөөгө мүмкүндүк берүүнү, бири-бири менен иш чөйрөсүндө да, сырткы чөйрөдө да тыгыз байланышта болууну жана фирманын пайдасы үчүн өз алдынча чечим кабыл алуу эркиндигин берүүнү билдирет.

Мунун баары көбүнчө ийкемдүү, түз жана ыкташып кете алган жеңилдетилген уюмдун түзүмү.

Берилүү

Көптөгөн күчтүү сапаттарынан сырткары, миллениалдар ишенимдүү, элпек кызматкерлер болгону менен, жумушун ар бир үч жылда, же андан да тез өзгөртүп турушат.

Бул келечектин жамааттык маданияты кызматкерлердин берилүүсүн камсыздашы керек дегендик. Кыйындарын өзүңө тартып, колуңда кармап жана кызыктырып туруш үчүн алардын пайдасын да камсыздаш керек.

Коммуникация

Жамааттык маданияттын бул компоненти бүгүнкү чөйрөдө алдыга чыккан. Соц тармактар, жаңы тиркемелер, смартфондор кызматкерлерге дайыма байланышта болуу мүмкүндүгүн берүү менен «өз ара байланыш» маданиятын калыптады. Ошондуктан жамааттык маданияттын эффективдүүлүгүн камсыздоо үчүн коммуникация мегаэффективдүү болушу керек.

Ушундан улам жамааттык маданиятты түптөөдө баалуулуктар боюнча байланышты, кызыктыруучу контентти (тамашакөйлүк, кызыктуулук), тасмаларды (сапаттуу 30 секунддук тасма миңдеген сөздүн ордун басып, эсте оңоюраак калат), мультиканалдуулукту (байланыштын бир канча каналын колдонуу) жана өлчөмдүүлүктү (ар бир каналдын өзүнчө жана бардык каналдардын жалпы эффективдүүлүгүн байкоо керек. Анткени так ошол туура бириктирүү да эң сонун таасир жаратышы мүмкүн) камсыздоо керек.

Келечектин жамааттык маданият платформасын камсыздоодо төмөнкү суроолорго жооп табуу маанилүү:

  • Компаниянын миссиясы кызматкерлерди шыктандырабы?
  • Кызматкерлер анын баалуулуктарын өздөрүнө сиңиришеби?
  • Компания максатына жетүүсү үчүн жамааттык маданият кандай таасир этет?

Азыркы корпоративдик маданият менен келечекте түптөлүүсү керек болгон маданияттын айрымасын тактаган соң, кааланган маданиятка жетүү үчүн жетекчилер, кызматкерлер жана жалпы компания эмне кылыш керектигин белгилеп алуу жакшы болот.

Антон Михеев , консультант EY, отдела People Advisory Services