Борбор Азия

АКШДАГЫ СОТТО ТҮРК БАНКИРИ АТИЛЛА БОЮНЧА ЧЕЧИМ ЧЫКТЫ. ЭМИ ЭМНЕ БОЛОТ?

5 января 2018 г. 12:00 447

АКШнын Иранга карата эмбаргосун жарып өтүү боюнча Нью-Йорктогу сот иши аяктап, түрк банкир Хакан Атилла жюри тарабынан 6 айыптан 5өөсү боюнча күнөөлүү деп табылды.

2017-жылдын ноябрь айында АКШда башталган сот “Реза Заррабдын иши” деп аталып келет. Бирок сот кийинчерээк бул кылмыш-жаза ишинин аталышын “Америка эли Хакан Атиллага каршы” деп өзгөрткөн. Анткени сот иши башталаарына бир нече ай калганда Реза Зарраб америкалык прокуратура менен келишим түзүп, сотто айыпталуучу макамынан, күбө макамына өткөн. Натыйжада бул иште Түркиянын мамлекеттик Халк банкынын мүдүрүнүн орунбасары Мехмет Хакан Атилла жалгыз айыпталуучу болду.

Эмнеге Иранга карата санкцияда түрк банкир соттолуп жатат? Эмнеге Түркия жарандары түрк сотторунда эмес, АКШда соттолуп жатат? Эмнеге Иран эмес, түрк саясатчылардын тиешеси бар? Иран тектүү түрк бизнесмени Реза Заррабга эмне болот? Деги эле эми эмне болот? Бул суроолорго жооп төмөндө.

Эмбарго боюнча кыстарма. Ирандын өзөктүк курал (атомдук) долбоору күчөп бара жаткандыктан жана Иран бийлигинин фанатизминен чочулаган АКШ бул өлкөгө каршы эмбарго (санкция) киргизет. Бул экономикалык санкцияны учурунда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук Кеңеши да колдогон.

Эмбаргонун шарты боюнча Иран сыртка саткан газ менен мунайдын акчасын түз ала албай, ордуна башка өлкөлөрдүн банктарынан эсеп ачып, акчаларды ошол жерге котортуп, Иранга азык-түлүк гана алып кире алмак. Мисалы, Иран элине керектүү товарлардын тизмеси коңшу Түркияга берилип, түрк банктарында жаткан Ирандын каражаттарына азык-түлүк берилмек. Бул ыкма менен Ирандык мунай-газдан түшкөн жүз миллиарддан ашык доллар Түркиянын товар өндүрүү жана кызмат сунуу тармактарынын да кирешесин көбөйтмөк.

Ошентип Нью-Йорктогу сотто Иранга карата санкцияны жарып өттү деп түрк банкир Хакан Атиллага прокурорлор 6 кылмыш боюнча айып койгон. Алар:

  • АКШ каржы министрлигин алдоо максатында көз боёмочулук кылуу (эң жогорку жаза мөөнөтү 5 жыл);
  • Эл аралык экономикалык актыларды аткарууда (International Emergency Economic Powers Act) көз боёмочулукту уюшкан кылмыштуу топ менен кылуу (эң жогорку жаза мөөнөтү 20 жыл);
  • АКШнын банк системасын алдап колдонуу (махинация) (эң жогорку жаза мөөнөтү 30 жыл);
  • Банк системасын жаңылтуу максатында көз боёмочулук уюштуруу (эң жогорку жаза мөөнөтү 30 жыл);
  • Арам акчаны адалдоодо уюшкан кылмыштуулук топ түзүү (эң жогорку жаза мөөнөтү 20 жыл)
  • Арам акчаны адалдоо.

Нью-Йорктогу соттун 12 кишиден турган жюриси (регламент боюнча жюринин чечими бир добуштан гана алынат-ред) Түркиялык Халк банкынын генералдык директорунун орун басары Мехмет Хакан Атилланы болгону 6-пункт боюнча, т.а. “кара акчаны адалдоо” айыбы боюнча күнөөсү жок деп тапты.

Хакан Атилла айыпталган кылмыштардын жалпы жаза мөөнөтү 105 жыл. Бирок түрк банкир Хакан Атилланын АКШда мурда кылмыш жасабаганын эске алганда жаза мөөнөтү 50% азайтылышы мүмкүн. Ошондо деле Атилла 50 жылдай эркинен ажыроо жазасын алаары күтүлүүдө.

Бул сот аяктаган соң Түрк өкмөтүнүн маалымат катчысы жана вице-премьери Бекир Боздаг твиттерден “Заррабдын соттук ишинде укук, мыйзам, сот адилеттиги саясий максат үчүн гана колдонулду. Биз үчүн таң каларлык деле эмес. Биз үчүн эч кандай укуктун мааниси жок” деп билдирди.

Эми жюринин чечиминен кийин эмне болот?

Жюри чечим чыгаргандан кийин Нью-Йорк прокуратурасы төмөндөгүдөй маалымат таратты: “Бүгүнкү адилеттүү жана ачык-айкын соттон кийин жюринин бир добуштан алган чечичими менен Хакан Атилла күнөөлүү деп табылды. Мындан мурун коюлган бардык айыптарды Реза Зарраб да мойнуна алган. Федералдык мыйзамдар боюнча Иранга коюлган эмбаргону бузуп, миллиарддаган долларга тете кылмыштарды жасаганы үчүн аты аталган эки киши күнөлүү деп табылды. Чет элдик банктардын жана банкирлердин алдында бир тандоо бар: Иран жана башка өлкөлөргө киргизилген санкцияларга карабай, аларга ачык көмөк көрсөтүү, же эл аралык банк системасынын негизинде анын бир мүчөсү катары иштөө. Бирок эки ишти бир убакта жасоого болбойт. Эгерде Хакан Атилла сыяктуу Ирандын мунай сатышы боюнча миллиарддаган доллардды көз боёмоочулук кылып, жасалма документ даярдап, АКШ каржы министрлигинин жетекчилерине далай жолу жалган айта турган болсоңуз, анда анын жоопкерчилигин мойнуңуз менен тартаарыңызды белгилейбиз. Атилла тандаган жол - АКШ мыйзамдары боюнча далилденген кылмыш."

Хакан Атилланын Виктор Рокко аттуу адвокаты сот отурумунан кийин “Соттук отурумдар эч качан идеалдуу болбойт. Бул сот иши да ошондой. Ошондуктан кийинки инстанцияга аппеляцияга беребиз”, - деп белгиледи. Атилланын дагы бир адвокаты Кэти Флеминг болсо "бул биринчи раунд " экенин гана билдирди.

Соттун өкүмү 11-апрелде окулат

Аталган соттун судьясы Берман тараптарларды 11-апрель күнү чогултуп, күнөөлүү деп табылгандарга берилген жаза тууралуу сот өкүмүн окуй турганы белгилүү болду. АКШ сот системасында сырттан өкүм чыгаруу болбогондуктан, мурдагы экономика министри Зафер Чаглаян жана башка 6 качкын айыпкерге өкүм окулбайт.

Бул 7 качкын айыпкер менен кошо сотто биринчи жолу аты аталган ошол кездеги өкмөт башчы (азыркы түрк президенти) Таййип Эрдоган, Эрдогандын күйөө баласы, азыркы энергетика министри Беррак Албайрак жана аны менен табакташ саясатчы-бизнесмендерге жакынкы жылдары башка кылмыш-жаза иштери ачылып, соттолушу мүмкүн.

Эмбаргону бузган түрк банктары боюнча экономикалык жаза же санкциялар кийинчерээк АКШ каржы министрлиги тарабынан кабыл алынары күтүлүүдө.

Атактуу Реза Зарраб боюнча кандай сот өкүмү чыгат?

Жасаган кылмыштарын мойнуна алган жана прокуратура менен келишим түзүп, күбө макамына ээ болгон Реза Заррабга берилчү жаза мөөнөтү боюнча тергөө органынын сотко жибере турган арыз-каты маанилүү ролду ойнойт. Келишим боюнча, прокуратура судья Берманга бир арыз-кат жазып, күбө макамындагы Заррабдын аталган соттук ишке канчалык көмөк көрсөткөнүн, жазасын азайтып-азайтпоо керектиги тууралуу пикирин билдирет. Судья Берман болсо Заррабга карата өкүм чыгараарда прокуратуранын арыз-катын эске алат. Реза Зарраб бул кылмышка байланыштуу келечекте козголчу сот иштеринде да көмөк көрсөтөөрү келишимде белгиленген.

Эмнеге Ирандын эмес, түрк саясатчыларынын тиешеси бар?

Иран соту убагында Реза Заррабдын Ирандагы партнеру Баабек Зенжаниге өлүм жазасын чыгарган. Ошол кездин президенти Ахмединежат да саясий карьерасы менен коштошкон. Өлкө ичиндеги сот процедурасы тийиштүү чечимдерди чыгарганы үчүн бүгүнкү күндө Иранга карата санкциялар менен Иран саясатчыларына эл аралык деңгээлде айып коюлбайт. Түрк саясатчылары болсо бул иште жеке кызыкчылыгын көздөп, өлкө ичиндеги соттук процесстерди жаап салганы үчүн эми чет элдин сотторунда айып тагылып, соттолуп жатат.

Эмнеге түрк жарандары түрк сотторунда эмес, АКШда соттолуп жатат?

Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат деген абал Түркияны кайра Осмон империясынан калган “оорулуу киши” абалына алып келди көрүнөт. 2013-жылы 17-25-декабрларда коррупциялык иштерге байланыштуу түрк министрлери менен алардын балдарына Реза Заррабдан пара алып, кылмышка ортомчулук, арам акчаны адалдоо сыяктуу операцияларды жүргүзгөн деген айып коюлган. Аталган операцияларды ошол кездеги өкмөт башчы Таййип Эрдоган “өкмөтүмө каршы төңкөрүш” деп атап, бүгүнкү күнгө чейин ал операцияны жүргүзгөн прокурор, сот, полиция кызматкерлерин эле эмес, алардын жубай-балдарына чейин камап, кугунтуктап келет. Эрдоган бийлиги тоталитардык басым менен сот ишин жаптырып салган. Түркияда төрт-беш мамлекеттик чиновникти жоопко тартуу менен аякташы мүмкүн болгон кылмыш иши эми бүтүндөй Түркиянын саясий элитасына, банктарына жана экономикасына зыянын тийгизээри күтүлүүдө.

Булактар: Би-би-си, Sözcü гезити