Орусия

Молдокелердин саясаты. Ирандын 1979-жылдан берки миллиарддаган доллары кайда кеткен

5 января 2018 г. 10:47 968

Жалпы ислам цивилизациясынан бөлүнүп чыккан, перс улутчулдугуна негизделген шииттик багыттын өзөктүк өлкөсү Ирандагы акыркы окуялар сунний исламды карманган мусулмандардын бүйүрүн кызытты. Молдокелер башкарган бул өлкөнүн учуру жана келечеги дүйнө эксперттеринин калеминде

Өткөн жылдын көшөгөсү жабылаарда Иранда калың эл катышкан нааразылык аракеттери башталды. 29-декабрдан 2-январга чейинки кагылышууда каза болгондор 21ге жетти. Алардын арасында Ирандын эки тизгин бир чылбырын мыкчып отурган молдокелерге түз баш ийген Ислам ыңкылабынын сакчылар бирикмесинин бир кызматкерин набыт болгон. Борбор Тегеранда эле 450 митингчи кармалган. Арак шаарында Басиж ыктыярдуу милистеринин бөлүмү, Мешхедде полис мотоциклдери өрттөлгөн.

Козголоңдун көмүскө себептери

Иранды жакшы билген дүйнө эксперттеринин баары экономикалык себептердин алдында көп жылдан бери ырбап келе жаткан маселелер бар дешет.

Брюсселдеги Түштүк Азиялык аналитикалык борборду (SADF) негиздеген Иран боюнча адис, Европарламенттин мурунку депутаты Пауло Касака ирандык режим өлкөсүн баарына душман кылып өзүн-өзү туңгуюкка кептеди деген ойдо. «Ичинде да, сыртында да Ирандын консервативдүү күчтөрү ишке ашырган исламдык ыңкылап (1979-жылкы) ойрон болду деп эсептешет. Режим репрессияларды күчөтүү менен гана жашап кете алат, - дейт Касака. – Маселе болгону эл колдобогон өкмөт Сирия менен Ирактагыдай бийликте кала алабы дегенде».

Германиялык Deutsche Welle (DW) маалымат порталынын Ирандагы баяндамачысы Мостафа Малекан эки жыл мурун эле эксперттер топтолуп калган экономикалык, социялдык жана саясий көйгөйлөр нааразылыкка алып бараарын эскертишкен деп билдирди. «Коркунучтуу божомолдор акталды. Турмуштун оордугу элди көчөгө чыгарды, - деп төмөнкү фактыларга көңүл бурган. – «Ислам республикасынын» 40 жылында 80 миллион калктын 40 жакырчылыкта жашайт. Айылдагыладын 60-70 пайызы жакыр. Шаарлардын тегерегинде эптеп өмүр сүргөн 11 млн киши бар. Жогорку билими бар 15-24 жаш курагындагы жаштардын 25%ы жумушсуз».

Украиналык liga.net маалымат агенттигинин журналисти Георгий Эрман учурдагы рахбар (башкы молдо) Али Хаменеи бийликке келгенден берки 30 жылда Ирандын абсолюттук башчысы болуп алганын айтат. «Ал рахбарды көзөмөлдөөчү Конституция боюнча эксперттер ассамблеясына өз кишилерин коюп алган. Хаменеинин саясатына каршы чыккандар чыккынчы аталып, капаска солонгон, - дейт журналист. – 78 жаштагы рахбар аскер башчыларды, күч органдарынын бардык жетекчилигин, конституциялык соттун жарымын дайындайт. Ирандын мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлиги диний лидердин көзөмөлү алдында. 2011-жылдагы каттоо боюнча, өлкөнүн 64 пайызы 34 жаштан төмөнкү курактагылардан турат. Ислам республикасын колдогон 50 жаштан жогоркулар 16,5% гана».

Эл аралык саясат таануучу Александр Мишин: «Коррупция менен жумушсуздукту оор кабыл алган жаштар араб жазынын да негизги күчү болуп берген. Аларды токтотуп калуу кыйын. Өлкөнү башкарган молдокелер аларга эч нерсе сунуштай алышпайт. Жашоо шарттар күн санап начарлап баратса, ислам революциясынын упчусуна ким алданмак эле», - дейт.

Жакынкы Чыгыш боюнча эксперт Илия Куса: «Козголоң президент Хасан Роухани менен ашкере молдокелердин тирешүүсүнүн натыйжасы дегендер бар. Анткени биринчи аракеттер молдокелердин тунгуч шаары Мешхедде башталган», - деген оюн билдирген.

«Экономикалык факторлорду эле карабай, ураандарга да көз чаптыруу керек, - дейт Украинанын илимдер академиясынын Чыгыш таануу институтун жетектеген Александр Богомолов. – Исламдык республикага, митингчилер «диктатор» деп атаган Хаменеи баш болгон молдокелердин бийлигине каршы чыгуу күч. Араб азчылыгы ирандык желектерди өрттөгөнү нааразылыкта этникалык фактор да бар экенин көрсөттү. Бул болсо Ирандын коопсуздугуна чоң коркунуч».

Иран экономикасы боюнча эксперт Ферейдун Хаванд Ирандын президенти Хасан Роухани менен анын мурунку коллегасы Барак Обама 2015-жылдагы өзөктүк курал боюнча келишимди ирандык саясаттагы бурулуш катары көргөн деген ойдо. «Өлкөнү жетектеген рахбар Али Хаменеи (санкциядан бошогон - Саресеп) мунайдын акчасын Ирандын буга чейинки регионалдык саясатына жумшаган, - дейт эксперт. - Бул Батыш менен Ислам республикасынын алакасына шынаа урду. Президенттер алысты ойлосо, молдокелер мурдунун учунан нары көрө албай коюшту. Калк Исламдык республиканын бардык баалуулуктарынан баш тартып, ага туш тарабынан сокку ура баштады».

Орусиянын чуулгандуу публицисти Александр Невзоров: «Перстер бийлигинин өзгөрбөгөнү, баарын уурдап, өз көмөчүнө гана күл тартканы, молдокелердин мурдун бардык жерге тыга бергени, адепсиздиги, зөөкүрлүгү, каалаганын кылганы, аялдарды кара чүмбөткө орогону, интернеттеги сайттарды жапканы, алардын эки жүздүү адеп жана руханиятынан, капкаяктагы Сириядагы акылдан айныган согуштан жадап бүттү», - деп жоруган.

Экономика эмнеге начар?

Иран Орто Чыгыштын мунай-газга эң бай өлкөлөрүнөн. Өткөн жана азыркы кылымда бул эки булак адамзат колдонгон эң негизги энергетикалык зат катары жакшы сатылып келет. Белгилүү бир убактарда гана баасы төмөндөп кетпесе, дайыма мол киреше алып келип турат. Мунай-газдан түшкөн миллиардаган киреше кайда кетип жатат деген суроо жүйөөлү.

DWнын баяндамачысы Мостафа Малекан чын эле Иран өтө бай мамлекет, мурунку президентинин сегиз жылдык башкаруу мөөнөтүндө Иран мунайдан эле 700 милиард долларга жакын киреше көргөн дейт. «Бирок бул каражат жакырлык менен жумушсуздукту жоюуга кеткен эмес. Мунайдан түшкөн кирешенин көбү бийликти кармап турган диний жана идеологиялык курумдарга жумшалган, - дейт Малекан. – Ирандын өзөктүк жана ракеталык долбоорлоруна эбегейсиз суммалар кеткен. Башар Асаддын Сириядагы режимин, Ливиядагы шииттик «Хезболлах» топторун, Ирактагы шиит милистерге, Йемендин бийлигине каршы чыккан хуситтерге миллиарддаган доллар кеткен».

SADF аналитикалык борборун негиздеген Пауло Касака: «АКШнын мурунку президенти Барак Обаманын учурунда АКШда 1979-жылдан бери тоңдурулуп турган миллиондогон доллар Иранга кайтарылган, бирок бийлик аны өз жарандарынын бакыбат жашоосуна эмес, региондогу террорду арттырууга жумшаган», - дейт.

«Президент Роухани жана Иран эли эки анжы жолго түшкөн. Ал элинин ишениминен ажырап калды, ошондуктан өлкөдө куугунтук башталышына же болбошуна таасир эте албайт деген ойдомун, - деп жоруйт Пауло Касака. – Ирандагы эң күчтүү куралдуу күч болгон Ислам ыңкылабынын сакчылары бирикмеси Роуханиге баш ийбейт. Аны Ирандын рахбары Али Хаменеи көзөмөлдөйт».

Мостафа Малекан Хасан Роухани президенттик шайлоо учурунда ирандыктардын турмушун оңдойм деген дейт. «Ал Ирандын өзөктүк куралына байланыштуу эл аралык көйгөйдү чечкени менен элинин экономикалык жана турмуштук маселелерин чечүүдө чабалдык кылды».

Сырткы күчтөр

3-январда бийликти колдогон митингчилер «Жоголсун АКШ», «Жоголсун Сауд Аравиясы», «Жоголсун Израиль» деген ураандар менен чыгышты. Бийликтин айтымында бул өлкөлөр Ирандын өскөнүн көрө албай, митингчилерди каржылап, аларга курал берип жатат. Бул сөздө канчалык чындык бар?

Иран экономикасы боюнча эксперт Ферейдун Хаванд быйылкы көтөрүлүшчүлөрдү колдогон бир да сырткы жана ички структура жок, лидерлери да көрүнбөйт, ошондуктан алыска узабайт деген ойдо. «Ал эч кандай альтернатива суна албайт. Режимдин каршылыгы өтө катуу жана барган сайын күчөйт, - дейт Хаванд. – Бирок митингдер майда шаарларда да болуп жатканына караганда, быйылкысына орто класс эмес жакыр тайпа чыкканы көрүнүп турат. Бул козголоң басылганы менен Иран державасынын пайдубалы борпоң экени билинип калды».

Европарламенттин мурунку депутаты жана Иран боюнча адис Пауло Касака өлкөдө нааразылык күч алганда улам кайталана берген иран бийлигинин сырткы күчтөргө шылтоосу кулакка сиңип бүткөн деп жоруйт. «Ирандын молдокелери айткан АКШнын интервенциясы тууралуу сөзгө ишенип болбойт. Акыркы жылдары Батыш тескерисинче Иран менен компромиске келген», - дейт Касака.

Эл байкуш мүдөөсүнө жетеби?

Германиялык медиа-ресурс Deutsche Welleнин Ирандагы баяндамачысы Мостафа Малекан иран коомчулугунун калганы колдобосо, өкмөтү көчөгө чыккандарды күч менен басып салышы мүмкүн деп ойлойт. «Анын арты менен бийликке аскерлер жана диний төбөлдөр келиши мүмкүн, - дейт Малекан. – Бирок бул да Иран жарандарынын улам күч алган нааразылыгы менен өзгөрүү талабын баса албайт».

Украиналык liga.net маалымат агенттигинин аналитиги Георгий Эрман Иран бийлиги коогалаң өзүнөн-өзү күчүн жоготоорун күтүп, кандайдыр бир талаптарды аткарат же күч менен таркатууга өтөт деген ойдо. «Ислам ыңкылабынын сакчылары бирикмесинин генералдары «темир муш» жейсиңер деп элин эскертишти. Бүгүнкү козголоң кантип аяктаса да өзгөрүүлөрдү каалагандар барган сайын артып барат жана чоң ыңкылаптын убактысы гана белгисиз, - дейт Эрман. – Эл молдоке Хаменеи турганда өзгөрүүлөр мүмкүн эместигин да түшүнөт».

Украинанын илимдер академиясынын Чыгыш таануу институтун жетектеген Александр Богомолов режимдин өзгөрүүсү кыйын, анткени 2009-жылы мындан да күчтүү нааразылык болгондо бийлик көзөмөлүн жоготкон эмес деген ойду айтты: «Иран атайын кызматтары күчтүү өлкө. Анда Ислам ыңкылабынын сакчылары бирикмеси менен Басиж элдик милистеринин таасири күч. Митингчилерге зомбулук кеңири колдонулуп, нааразылыктар басылышы мүмкүн. Бирок эртели-кеч Ирандын режими өзгөрөт деп ойлойм».

Эл аралык саясат таануучу Александр Мишин молдокелер президент Роуханини элге салып берип кутулат деп божомолдойт. «Кандай болбосун бул абалдын жоопкерчилигин моюндачу бирөө керек. Бийлик элди тынчыткан жаңы убадаларды бериши керек, - дейт Мишин. – Мында орто жана чакан бизнес кайсыл тарапка оогону маанилүү. Анткени Ирандагы режимдин тирөөчтөрү ошолор».

Орустардын тентек журналисти Александр Невзоров Иранда эмне болоору белгисиз, канды суудай агызып токтотушса өтө жаалдуу оппозиция пайда болот деп жоруйт: «Кан жыты сиңген экинчи ыңкылап адатта биринчисинен жаалдуу чыгат».

Ошол эле Александр Невзоров Ирандагы окуялар орус бийлигине да чоң таасир берди деген ойдо. «Жигиттер, Владимир Владимировичтин жаңы жылдык сөзүнүн мүнөзү башкача го. Адаттагы пафос, улуу даражалуулук көрүнбөйт. Ал да Ирандык сабакты алган сыяктуу. Биз Иранды туруктуулук, даражалуулук, улуулуктун жана башка өзгөрбөс адаттардын үлгүсү көрчү элек го. Иран эли ана-мына дебей эле шымаланып жергиликтүү ГБны талкалап, асыш керек болгон кишилерди аса баштады го, - деп сүйүнөт Невзоров. – Эл эч кимден коркпой эле түрдүү аятоллаларга заара ушатып сүрөткө түшүп жатат. Ыңкылап качып кутулгус шаңдуу нерсе. Анын учурунда полистердин, аскердин, молдокенин, тыңчынын канча экени маанисиз болуп калат. Революцияны эл эмес, өз акмакчылыгы жана ошол акмакчылыгына көк беттенген бийлик кылат».

Невзоровдун бул сөзүн ар бир бийликтин кулагына күмүш сырга катары такса болчудай.