Борбор Азия

​Өзбек секириги. Ташкенттин Борбор Азиядагы жаңы дымагы

4 января 2018 г. 13:18 1390

Мирзиёев сүйлөгөн сөзү, кылган иш-аракети менен Өзбекстан жумшак жана прагматикалык саясат жүргүзө аларын көрсөтүп жатат. Кыргызстанга келгенинде болсо 20 жылдан бери чечилбей келген көйгөйлөр жакында чечилет деген. Чын эле андан бери Ташкент менен Бишкек чек ара тууралуу баштапкы келишимге кол коюшту. «Узбекгидроэнерго» компаниясы Камбар-Ата – 1 ГЭСин курууга катышканы турат

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев тышкы саясатта жорго-таскактан алыс. Бирок бир багыты айкын көрүнүп калды. Ташкент Каримовдун доорундагы жакынкы коңшуларынан обочолонуудан кутулуп, Борбор Азияда экономикалык жактан ачыгыраак тартип орнотууга өттү.

Өткөн жылдын сентябрында Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) бийик трибунасынан региондо жаңы маанай түзүлөөрүн жар салып, Борбор Азиялык мамлекет башчыларын ырааттуу жолугуп, кеңешип турууга чакырды. Ноябрь айында Самаркандда БУУнун алкагында регионалдык маселелер талкууланды. Жыл аягында өткөн Евробиримдик – Борбор Азия министрлеринин жолугушуусунда Евробиримдиктин комиссары Фредерика Могерини буга чейин болуп көрбөгөндөй «позитивдүү жана конструктивдүү диалог» өткөнүн айтты. Могерини айымдын айтымында бул кызматташуу руху өзбек президентинин жигердүү саясатынын натыйжасы.

Эксперттер өзбек бийлигинин тышкы саясаттагы аракеттери Борбор Азияда аймактык биригүүнү жандантып, оптимисттик маанай жаратты деп айтып келүүдө. Бирок Мирзиёев өзбек саясатын канчалык өзгөртө алат? Биригүү демилгелери Борбор Азиянын жаңы тарыхындагы адаттардай ооз көптүрүүдөн нары кетпей калбайбы?

Кош бол өзүмчүлүк

Мирзиёев Өзбекстанды буга чейинки жетекчиси кууп кирген туңгуюктан чыгаруу аракетинде. Анткени өмүрүнүн акырында Каримовдун тышкы саясаттан толугу менен көңүлү калган. Өткөн кылымдын токсонунчу жылдарында анын Борбор Азияны бириктирүү кыялы таш капкан. 2005-жылкы Анжиян окуясы Батыш менен алакаларынын кендирин кескен. 2011-жылы Евробиримдик менен баарлашууну жандандыруу аракеттери энергетикада кызматташуу боюнча үстүртөн макулдашууга кол коюу менен чектелген. Брюсселге барып келген соң, Бельгия падышасы да, НАТО жетекчилиги да, Еврокомиссиянын башчысы да Каримовду кимиси чакырганын ачык айтпаганы алакалардын мышык ыйлагыдай экенин даана көрсөткөн.

2012-жылы Өзбекстандын ОДКБдагы мүчөлүгүн токтоткону обочолонуунун акыркы кадамы болду. Ошондон баштап өзбек бийлиги ири державалардан болушунча алыстап, коңшулар менен эки тараптуу гана кызматташууга өткөн. Мындай абал Ташкенттин ошол убактагы эгемендигин сактап калуу жана лидерлердин жеке байланыштары тышкы саясатта кандай роль ойноору тууралуу оюн даана чагылдырган.

Шавкат Мирзиёев ал кезде өкмөттү башкарып турса да эл аралык алакалар менен алектенген эмес. Болгону тажик жетекчилигине Рогун ГЭСинин курулуусуна нааразылык каттарын жиберүү менен чектелген. Протокол боюнча премьер-министр баруусу керек болгон эл аралык саммит менен жолугушууларга ал кездеги каржы министри Рустам Азимов катышчу. Мирзиёевдин негизги максаттары пахта жыйноо боюнча планды аткаруу жана облус хакимдеринин ишин тескөө эле.

Мирзиёев тууралуу "орой, айылдыктардай мүнөзү бар, ошондуктан эл аралык алакаларга жарабайт" дегендей пикирлер күч болчу. Бирок президент болгондон бери ал мындай стереотиптерди четинен уратып, тышкы саясаты Каримовдукуна караганда ыкчам жана сапаттуу болоорун далилдеп келет.

Чет өлкөлүк журналисттердин өзүн Өзбекстанда айкын коом курууга киришкен реформачы жана модернчи катары сүрөттөгөнү жаңы өзбек лидерине аябай жагат. Мындай мактоолор үчүн тышкы саясатты карап чыкса болот. Айрыкча экономикадагы курч кырдаал өлкө жетекчилигин эски каримовдук ыкмалардан баш тартып, инвестицияларды караштырууга мажбурлап турат. Бийликтин барган сайын бир колго топтолушу бардык тармакта, анын ичинде тышкы саясатта да Мирзиёевге кеңири жол ачууда.

Баарынан мурун экономика

Ташкенттин тышкы саясатынын негизги маселеси – өзбек экономикасын жандандыруу. Мында коңшулар менен чек арада соода кылуудан баштап, жагымдуу инвестициялык маанай түзүүгө чейинки бардык нерсе ишке жарайт. Ал үчүн Мирзиёев Орусияга да, Түркияга да, Түштүк Кореяга да барууга даяр. Мисалы орусиялык компаниялар Өзбекстанга 16 млрд доллардан ашык инвестиция киргизүүнү мерчемдегени маалым. Өзбек тарап болсо бул өлкөгө жер жемиш, мөмө-жемиш жана автоунаа экспортун арттырууну көздөп турат.

Айрыкча энергетика тармагындагы маселелерди чечүү өтө маанилүү. Күйүүчу майлар борборго да жетпей турган учурда Түркмөнстан, Казакстан жана Орусия менен алакаларды алдыга чыгаруу абзел. 2017-жылдын март айында Мирзиёев Түркмөнстанга барганда O`zbekNeftGaz менен түркмөндөрдүн Türkmennebit (Түркмөнмунай) Каспий деңизиндеги мунай-газ кендерин бирге чалгындоо боюнча меморандумга кол коюшту. Орусия болсо жаңы алакаларды сыноо максатында өткөн жылдын 17-ноябрында мунайдын биринчи партиясын Өзбекстанга жөнөттү.

Ташкент коңшуларына экономикалык бакубаттуулук бардык нерсенин негизи экенин көрсөткүсү келет. Бул максат үчүн тыкыр эсептешүү менен көйгөйлүү маселелерди токтото туруу керек. Бардык нерсенин башатында бирдиктүү экономикалык өнүгүү каралган трансчекаралык дайраларды бирге колдонууну, аймактык экономикаларды бириктирүүнү, чек арадагы сооданы жандандырууну сунуштаган Өзбекстан Орто Азиялык республикалар менен жаңыча кызматташууга өтүү үмүтүндө. Борбор Азия мамлекеттеринин эффективдүү кызматташуусу ар бир өлкөнүн ички дүң өндүрүмүн эки эсе көтөрөт деп эсептеп жатат Ташкент.

Өзбекстандын ЕАЭБге кирүү мүмкүнчүлүгү да талкуулана баштады. Ташкентин популярдуу repost.uz интернет ресурсунда ноябрь айында ЕАЭБге кирүүнүн ыктымалдуу күнгөй-тескейин караштырган макала чыккан. AsiaTerra.info сайтынын редактору Алексей Волосевич баамдагандай, Каримовдун убагында мындай суроо коюлушу да мүмкүн эмес болчу. Анткени мындай собол ошол кездеги жалгыз төбөлдүн "Өзбекстан эч кимге, эч качан көз-каранды болбойт" деген сыяктуу сөздөрүнө карама-каршы келип калмак.

Ташкент Борбор Азиянын мамлекет башчыларынын кылдат, бирок ырааттуу жолугушууларын уюштуруудан баштады. Азырынча бирдиктүү структура түзүү тууралуу сөз жок. Бирок бул жолугушуулардын өзү эле өлкө аралык кызматташууга олуттуу түрткү бере алат. Анткени акыркы 15-20 жылда ортоазиялык лидерлер өз алдынча жолугушуудан такыр эле алыстаган. Региондогу мамлекеттер КМШ, ШОС, же америкалык С5+1 форматынын ичинде гана кездешип калышкан.

Мирзиёев сүйлөгөн сөздөрү, кылган иш-аракеттери менен Өзбекстан жумшак жана прагматикалык саясат жүргүзө аларын көрсөтүп жатат. Кыргызстанга келгенде 20 жылдан бери чечилбей келген көйгөйлөр жакынкы аралыкта чечилет деген. Чын эле андан бери Ташкент менен Бишкек чек ара тууралуу баштапкы келишимге кол коюшту. «Узбекгидроэнерго» компаниясы Камбар-Ата–1 ГЭСин курууга катышканы турат. Каримовдун учурунда бул сүйлөшүүлөр туңгуюкка кептелген болчу.

Борбор Азияда бир көйгөй кийинки маселеге тоскоол. Бул көп тараптуу түйүндөрдү саясатчылар чече албай калышкан. Учурда региондун мамлекеттери экономикалык дипломатия жүргүзүү сынагынан өткөнү турушат. Албетте мында баарынын, анын ичинде Мирзиёевдин алдында каатчылыктар пайда болот. Бишкек жана Дүйшөнбү менен сүйлөшүүдөгү прагматизмди Өзбекстанда көптөрү алсыздык деп кабыл алаары бышык. Бирок Чыгыш жана Түштүк-Чыгыш Азия үлгүсүндөй, тагыраагы саясий көйгөйлөр экономикалык өнүгүүгө тоскоол болбогондой жаңы «азиялык парадокс» жаратууда Ташкент чечкиндүүдөй көрүнөт.

Рафаэль Саттаров, carnegie.ru