Маданият/Искусство

5 саат эрежеси. Маск, Гейтс жана Баффет эмне үчүн дайыма бизден алдыда

2 января 2018 г. 0:15 2272

Business Insider маалымат порталында Майкл Симмонс алдыңкы бизнес-лидерлерди дайыма жандуу кармаган жана башкалардан мурда алдыны көргөзгөн үч сапатын жарыялады.

«Малкольм Гладуэлл бизди туура эмес түшүнүптүр» макаласында «10 000 сааттык эрежени» жактаган иликтөөчүлөр дүйнөлүк деңгээлдеги адис болуш үчүн ай кайсы сферага ар кандай көлөмдөгү практика керек дешет.

Демек, 10 000 саат – баарына жарай турган универсал эреже болбосо, анда эмгек базарында эң алдыңкы болуш үчүн эмнелерди жасаш керек?

Акыркы убактарда атайын практика эрежелерин кантип колдонушаарын билиш үчүн мен Илон Маск, Опра Уинфри, Билл Гейтс, Уорен Баффет жана Марк Цукерберг сыяктуу көптөгөн атактуу лидерлердин өмүр таржымалын изилдеп чыктым.

Менин бул эмгегим албетте академиялык иликтөө эмес, бирок ал өтө таң калыштуу нерсени көрсөтөт.

Бул лидерлердин көпчүлүгү ушунчалык иши көп болуп, бошобой турганына карабай, бүткүл карьералык жашоосунда жок эле дегенде күнүнө бир саат (же аптасына беш саат) убактысын үйрөнүү, же атайын практикага кире турган иштерди жасоо менен өткөрүшкөн.

Эмесе мен бул адатты «5 сааттык эреже» деп атадым.

Алдыңкы лидерлер «5 сааттык эрежени» кандай колдонушат

Мен иликтеген чыгаандар «5 сааттык» алкагын 3 багытка: окууга, ойлонууга жана экспериментке бөлүшкөн.

1. Окуу

HBRдин макаласында «Nikeтын түптөөчүсү Фил Найт өзүнүн китепканасын ушунчалык урматтагандыктан, ага бутуңузду чечип кирип, жүгүнүшүңүз керек» деп айтылат.

Опра Уинфри китепти өзүнүн зор ийгиликтеринин негизи деп эсептейт. «Китептер жеке эркиндигим үчүн берилген уруксат кагазы болду» дейт ал. Ал өздүк клубу аркылуу китеп окуу адатын дүйнө жүзү менен бөлүшкөн.

Бул жаатта бул экөө жалгыз эмес. Эмесе башка миллиардер ишкерлердин да китеп окуу ышкын карап көрөлү:

  • Уоррен Баффет күнүнө беш-алты саатты беш газета жана 500 беттик корпоративдик отчет окуу менен өткөрөт.
  • Билл Гейтс жылына 50 китеп окуйт.
  • Марк Цукерберг болбой калды дегенде 2 жумада бир китеп бүтүрөт.
  • Бир тууганынын айтуусу боюнча Илон Маск бала чагында бир күндө экиден китеп окучу.
  • Марк Кубан күн сайын 3 сааттан ашык китеп окуйт.
  • Home Depotтун түптөөчүлөрүнүн бири Артур Бланк китеп окууга күнүнө эки саат бөлөт.
  • Миллиардер ишкер Дэвид Рубенштейн аптасына 6 китеп окуйт.
  • Дэн Гилберт, миллиардер Cleveland Cavaliersтин ээси, күн сайын 1-2 саат китеп окуйт.

2. Ойлонуу

5 саат эрежесинин калган убактысы ой толгоого жана ой жүгүртүүгө бөлүнөт.

AOLдун генералдык директору Тим Армстронг жамаатынан жумасына төрт саатты жөн гана ойлонуу менен өткөрүүсүн талап кылат. Жек Дорси – серүүндөп басууну сүйөт. LinkedInдин аткаруучу директору Джефф Вейнер ой толгоого күн сайын 2 сааттан убакыт бөлөт. O2E Brands компаниясынын негиздөөчүсү Брайан Скудамор аптада 10 саатты ойлонуу менен өткөрөт.

Рид Хоффман бир идеяны ойлонууга жардам керек болгондо Питер Тил, Макс Левчин же Илон Маск сындуу досторунан бирөөнө телефон чалат. Миллиардер Рей Далио кетирген катасын компаниянын бардык мүчөлөрү кире алчу системага каттатат. Андан кийин бардык жамааты менен негизги себепти таба турган убакытты белгилейт.

Миллиардер ишкер Сара Блейкли өзү тажрыйбалуу журналист. Кайсы бир интервьюсунда ал натыйжасы укмуштай жакшылыктарга айланган чоң жамандыктар тууралуу жазылган 20 дептери бар экенин айткан.

3. Эксперимент

Мына эми, 5 сааттык эреженин формасы ылдам эксперимент жүргүзүүгө жетти.

Бен Франклин бүткүл өмүрү боюнча пикирлештери менен ойлоп табылган нерселерди эксперимент кылууга жана кылган иштеринин натыйжасын көзөмөлдөөгө убакыт бөлгөн. Google жумушчуларына иш убактысынын 20 пайызын жаңы долбоордун үстүндө эксперимент жүргүзүүгө уруксат берүүсү менен белгилүү. Facebook Hack-A-Months аркылуу эксперимент жүргүзүүнү кеңейтүүдө.

Экспериментчилик боюнча эң жаркын үлгү Томас Эдисон болсо керек. Ал укмуштай кеменгер болгонуна карабай, жаңы ачылыштарына өтө кылдат мамиле кылчу. Бардык күтүлгөн чечимдерди белгилеп алып, андан кийин системалуу түрдө ар бирин текшерип чыгаар эле. Анын өмүр таржымалын изилдегендердин бирөөсүнүн айтуусунда «Ал өз мезгилиндеги теорияларды жакшы түшүнгөнүнө карабай, өзүнө белгисиз маселелерди чечүүдө аларды колдончу эмес».

Эдисон өз ишинде ушунчалык чектен ашкандыктан атаандашы Никола Тесла Эдисондун текшерүү жана жаңылуу ыкмасы тууралуу: «Эгер бир үймөк самандын арасынан бир ийне табууга туура келсе, ал ийнени самандын кайсы жеринен издеш керек деп ойлонуп отурбайт. Тек гана ийне табылганга чейин аарыдай жанталашып ар бир саманды карап чыгат» деген.

5 сааттык эреженин күчү: Өзүн өнүктүрүүдөгү ылдамдык

Эмгек дүйнөсүндө 5 саат эрежесин колдонгон кишилердин артыкчылыгы бар. Атайы практиканы көпчүлүгү жөн гана тырыша иштөө менен адаштырып коюшат. Анан калса, көпчүлүк адистер канчалык тездикте прогресске жетишкенине эмес, өндүрүмдүүлүк жана эффективдүүлүккө гана көңүл бурушат. Натыйжада жумасына 5 сааттык атайын окуу менен сиз башкалардын арасынан кадимкидей байкалып каласыз.

Миллиардер ишкер Марк Андриссен өзүн өнүктүрүүдөгү ылдамдык тууралуу жакында эле берген интервьюсунда төмөндөгүдөй кеп кылган:

«Менимче, 22 жашар стартап негиздөөчүлөр тууралуу окуялар акылга сыйбай тургандай көптүрүлүп кетти... Жеке пикиримде чындап өнөрлүү болуу жана бир нерсе кандай жасалаарын так түшүнүү деген такыр бааланбай калды. Чыныгы турмушта көлмөгө терең чумкуган кишилер чөгүп өлгөнүнө карабай, эл көлмөгө терең чумкуу зарылчылыгын ашыкча эле баалап калышкан. Жана Марк Цукерберг тууралуу уламыштар ушунча көп айтылып жатканынын себеби да түшүнүктүү. Себеби Марк Цукербергдер өтө аз жана алардын көбү дагы эле бассейндерде тереңди карай сүзүп баратышат. Мына ошондуктан көпчүлүгүбүз үчүн кайсы бир өнөрдүн ээси болгон жакшы.

Кийинчерээк ал интервьюсун минтип толуктайт: «Эгер чыныгы алдыңкы жетекчилер менен аңгемелешип калсаңыз, бул кеп бүгүнкү Марк Цукербергге да, же азыркы учурдун болобу, же мурунку мезгилдин болобу, айтор бардык алдыңкы СЕОлорго да айтылса болорун түшүнөсүз. Алардын компанияны башкаруу тууралуу билим деңгээли энциклопедиялык даражада. 20дан бир аз өтө калып ушунун баарын жөн эле сезимталдык менен түшүнүү кыйын. Көпчүлүк кишилерге өнөр үйрөнүү үчүн 5-10 жыл кетирүү татырлык нерсе».

Үйрөнүүгө физикалык көнүгүүгө жасалгандай мамиле керек.

Биз «өмүр бою үйрөнүү» деген сызыктан чыгышыбыз керек жана катардагы киши туруктуу жана ийгиликтүү карьерага жетиш үчүн орто эсеп менен күнүнө канча саат окушу керек дегенди терең ойлонуу зарыл.

Анткени сак-саламат жашоо образында деле витаминдин минимумдук чеги, минимум таштала турган кадам жана минимум аэробикалык көнүгүү белгиленет эмеспи. Мына ошондой эле экономикалык саламаттык үчүн да максаттуу окуунун минималдык чеги болот.

Саламат эмес жашоо образынын зыяны бир топтон кийин тийе тургандай эле, эч нерсе окубоонун да көптөн кийинки тийгизчү натыйжасы өтө катуу болот. AT&Tкомпаниясынын генералдык директору New York Times гезитине берген интервьюсунда бул тууралуу аябай так жана айкын түшүндүрмө берген. Анын айтуусунда аптасына 5-10 саат билим албаган киши «моралдык жактан эскирет».

«5 сааттык эрежени» жашооңузда колдонгуңуз келеби?

Бул дүйнөдө эң эле жумушу көп, эң эле ийгиликтүү делген кишилер да жок эле дегенде КҮН САЙЫН бир саатын окууга бөлөт. Сиз да ошондой кыла аласыз!

Окуунун жеке өзүнө таандык салтын түптөө үчүн болгону үч кадам керек:

  • Чынында эле колуңуз бошобой, ишиңиз чачтан көп болуп турганына карабай окуганга жана үйрөнгөнгө убакыт табыңыз.
  • Ошол табылган убакытты артка жылдырбай жана башка ишке алаксыбай өз маалы менен колдонуңуз.
  • Ар бир үйрөнүү саатынын жыйынтыгын өзүңүз билген жаттоо ыкмалары менен бекемдеңиз жана аларды колдонуңуз.