Орусия

​«Ыйык индульгенция». Түркияда ички жана сырткы гибриддик согуштарга баары даяр

1 января 2018 г. 13:29 1145

Өткөн жумада кезектеги Мыйзам өкүмүндөгү токтом (МӨТ) чыкты. Анын бир беренеси менен Таййип Эрдоганга жакын куралдуу топторго индульгенция берилди, б.а., киши өлтүрсө жоопко тартылбайт

Орто кылымда Батыш Европанын аймагында бала аябай көп төрөлгөн. Калктын басымдуу бөлүгү сабатсыз, молдокелеринин оозун караган, христиандык фанатизм күч алган кез. Ал учурдагы мамлекеттерди башкарган абсолюттук бийликтин тегерегинде топтолгондор жакыр элге түрдүү салык жүктөп чатырап байыган. Улам ыңкылаптык кырдаал пайда боло баштаганда, бийликке жакын христиан молдокелер «Иса теңирибиздин көрүн мусулмандардан албасак болбой калды» деген чакырык салган. Согуш өлүм менен бирге талап-тоноо аркылуу баюу экенин билген жаштар Крест жортуулдарына жапырт аттанган. Алардын кымындай да күмөнү калбаш үчүн согушта кандай күнөө кылбасын кечирилет деген индульгенциялар берилген.

Өткөн жумада түрк президенти Таййип Эрдогандын кезектеги МӨТүнө ылайык, 2016-жылы 15-августта аскердик төңкөрүш аракети учурунда аскер өлтүргөн кишилер жоопко тартылбайт. Андан сырткары келечекте мындай иш-аракетке катышкандарды өлтүргөндөр да мыйзам алдында жооп бербейт. Бул фанатиктердин болочок күнөөсүн кечирүүгө орто кылымдагы христиандык индульгенциядан да кеңири эшик ачып берди.

Эрдогандын «алтын балыгы» каалоолорду аткарууга даяр

Алтын балык жөнүндө жомокту баарыбыз билебиз. Алтын балыкты кармайсыз, ал башында бир аз булталактайт, анан тыңшайт, тил бүтүп сүйлөй баштайт, акыры кожоюндун каалоолорун аткарып кирет.

2016-жылдын 20-августунан баштап Түркияда өкүмү өткөн жалгыз эле макам жана адам калган. Ал президент Режжеп Таййип Эрдоган. Өлкө анын Мыйзам өкүмүндөгү токтомдору (МӨТ) менен гана башкарылып келет. Парламенти МӨТтөрдү бекитет, сот Эрдогандын каалаганын соттойт, каалаганын чыгарат, өкмөт баш болгон бардык мамлекеттик мекемелер ага баш ийет, бардык жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) ага жагынуу боюнча жарышат.

Эрдогандын алтын балыгы болсо орто кылымдагы христиан фанатиктеринин бардык сапатын камтыган исламчыл түрк фанатиктери. Алар да дүйнө жана диний билим жагынан наадан, жаш, байлык менен бийликти жакшы көрүшөт. Ошон үчүн талап-тоноого даяр жана акыркы МӨТ менен колдоруна индульгенция берилди.

Эрдогандын фанатиктери түрк коомунун 30-40 пайызын түзөт. Ал бийликке келген соң, аны оозун ачып карап турду. Аа намаз окуйт экен, ии орозодо биз менен ооз ачып атпайбы, оо Куранды тимеле кубулжутуп окуйт экен, вай мусулмандан башканын баарын жек көрөт турбайбы деп сүйүндү... Анан сүйлөп кирди, жерге-сууга батыра албай мактап жатып калды. Бирөө чыгып «Алла Тааланын бардык сыпатын өзүнө камтыган зат» деди, аялдары эсинен танып «Анын заарасы да мен үчүн ыйык, ичем» деп суусады. Бул эки мактоонун арасындагы сөздөрдү кайталап зээниңизди кирдетпей эле коелу.

Эң негизгиси жана Эрдоганга керектүүсү - кепинге оронуп алган жаштар ««Өл» де, өлөлү» деп кыйкырып чыкты. Бекер өлүп кетпей, кереке жарап өлгүлө деп жаңы МӨТ топтомуна: «2016-жылдын 15-августунда төңкөрүш аракети, террор окуялары жана булардын уландысы болгон иш-аракеттерди токтотуу үчүн чечим чыгарган, аларды аткарган, түрдүү соттук жана административдик чараларды милдетине алган кишилер бул чечим, милдет жана аракеттери үчүн соттук, административдик, мүлктүк жана кылмыштык жоопкерчиликке тартылбайт», - деген соң – «Расмий сыпаты бар же жок экенине, же расмий милдетин аткарып-аткарбаганына карабай, 2016-жылдын 15-августундагы төңкөрүш аракети, террор окуялары жана булардын уландысы болгон иш-аракеттерди токтоткон кишилер үчүн да биринчи пунктун жоболору өтүмдүү», - деп кошумчаланган.

Эрдоганды колдогон 30-40 пайыз фанатиктер «алтын балыктын» акыркы милдетин – кожоюнунун каалоолорун аткаруу этабына өтмөкчү. Президенти аларды кимге каршы салыш үчүн алдын-ала күнөөлөрдөн азат кылып жатат.

Канкорлор үчүн үч багыт

Түркияда өткөн кылымдын акыркы жарымында беш аскердик төңкөрүш катталган. Кээси кан төгүүлөр менен, кээси кансыз ишке ашкан.

Ошондуктан акылга келген биринчи эле ой – Эрдоган расмий бийликти төңкөрүп көнгөн аскерлерине каршы өзүн колдогон топторду куралдантып, армиясына сес көргөзмөкчү. Айрыкча акыркы МӨТтөрдө 2016-жылкы 15-августагы аскердик төңкөрүш аракети кайра-кайра эскерилгени да көңүлдү ушул жакка оодарат.

Бирок бул максат негизги эмес дегендер көп. Анткени акыркы жылдары түрк куралдуу күчтөрү катуу алсыраган. Офицерлер, айрыкча генералдардын көбү кызматтан айдалып, миңдегени капаска солонуп, алардын ордуна «хоп майли» башчылар келген. Ошондуктан жогорудагы куйруктуу беренеде «аскердик төңкөрүш» сөздөрү көңүлдү негизги максаттан буруу үчүн колдонулган дешет.

Негизги максат – саясий ураан жана кол күчүк ЖМКлар менен учурда жалпы саны миллионго жеткен куралдуу жаштарды түрк коомунун түрдүү кысымдарына каршы колдонуу. Алар саясий конъюктурага жараша күрддөр, алевилер, армяндар, жөөттөр же секуляр динбезерлер болушу мүмкүн. Олжо жагынан келгенде да бул топтор бай турат. Андан сырткары Таййип Эрдогандын кылмыштарын эсинен кетире албаган абактагы 50-60 миң саясий туткун бар. Алар профессорлор, ЖОЖ жана мектеп мугалимдери, журналисттер, полициялар, прокурорлор жана соттор. «Бизди тоспогула, аларды бак-даракка асалы» деп кыйкырган фанатиктер аз эмес. Дүйнө коомчулугу «Ой, бул байкуштарды ким кырып салды?» десе, «Аскерибиз же полисибиз эмес, белгисиз патриоттор» деп кутуласың. Бир аз убакыт өткөн соң МӨТтөр менен аларды актап жибересиң.

Таййип Эрдоган Иран менен Орусияныкындай гибриддик согуш үчүн кан ичкичтерди даярдап жатат деген да пикирлер бар.

Таййип Эрдоган байыркы Осмондордун түшүн көрүп, халифатты кайра түптөйм деген кыялы бар экени белгилүү. Ошондуктан Египет, Ирак жана Сириянын шайлоо жана жарандык согуштарына активдүү катышкан.

Бүткүл дүйнө жүзүнөн Түркия аркылуу террордук топторго согушкерлер менен курал-жарак өткөн. Ал жакта жараланган канкорлор Түркиянын бейтапканаларында айыктырылып, отелдеринде күч топтогону далилденген. Бирок террорчулар түрдүү улуттан болуп, көбү араб улутчулдугуна алдырып, түрк раисинин максаттарына жарап берген эмес.

Эми халифалык кыялдарды ишке ашыруу үчүн эң берилген канкорлор даяр болду. «Алтын балык» фанатиктер. Булар Таййип Эрдогандын каалоолорун ийне-жибине чейин аткарууга даяр. Ички «душмандардын» канын оозанып, мал-мүлкүн тоноп, оңой олжого көнгөн соң, раистин «улуу максатына» даяр болушат.

Орусиянын Крымды «жашыл кишилер» менен каратып, Украинанын Донбассында «отпускага чыккан аскерлерин» колдонуп гибрид согуш жүргүзгөнүн, Ирандын Ливандык шийитеринин «Хезболлахы», ошол эле орустардын «жеке согуштук компаниялары» менен Сириядагы таразаны терс оодарганын Таййип Эрдоган көрүп, баамдап чыкты.

Раис Сирия жана Иракта түрк аскерлерин колдоно албайт, бирок «алтын балыктарына» каалоолорун аткарта алат. Дүйнө коомчулугу «Ой, бул канкорлор кимдер?» десе, «Түрк аскери эмес, бирок Түркияга жакшылык кылгысы келген бирөөлөр окшойт» деп кутулат.

Анткени менен дүйнөдө ирандыктар менен орустар ойногон оюн түрктөргө уруксат эмес болушу мүмкүн. Таййип Эрдоган алтын балыкты башкарам деген кемпирдей болуп Түркияны эски таштектей талкалатып албаса болду.