Батыш

Ирандагы митингдер саясий өңүт ала баштады

30 декабря 2017 г. 17:59 599

Ирандын шаарларынын биринде жумуртка кымбаттаганына каршы башталган митинг жума күнү бүткүл өлкөгө жайылып, саясий талаптар да коюлуп кирди

Инфляцияга каршы башталган митингдерде диний авторитеттердин бийлиги жана кымбатка турган тышкы саясатка сын айтыла баштады. Бул 2009-жылы Махмуд Ахмединежад президентикке кайра шайлануусуна нааразы болуп чыккандардан берки эң ири толкуулар болуп калды.

Ири нааразылык акциялары тууралуу кабарлар Решт жана Керманшахтан, андан бир аз кичирээктери тууралуу Шираз, Исфахан жана Хамадандан келүүдө. Өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Мешхеддеги эң ири митингде 52 киши кармалганы тууралуу маалымат келүүдө.

Демонстранттар башында бааларды ооздуктоого чакырышкан. Анкени тоок жумурткасынын баасы бир аптада эки эсе көтөрүлүп кеткен. Андан кийин саясий туткундарды бошотуу, полистердин ээн баштыгын токтотуу сыяктуу саясий талаптар коюулуп кирди.

Нааразылар «Эл жакыр, молдокелер болсо өздөрүн кудай сезип кетти» деп кыйкырып кирген. Мешхедде болсо «Газза да, Ливан да эмес, Иран» деп кыйкырып, Тегерандын Орто Чыгышта үстөмдүк кылам деген тышкы саясатын сындашты.

Катардан көтөрүлгөн башты томуйта чапкан жазалоо аппараты бар өлкөдө башаламан нааразылыктар чанда болот. Бийлик адатынча ички абалдын курчушуна чет элдик агенттер менен Иран исламдык революциясына каршы элементтер күнөөлүү деп, уруксатсыз акциянын баарынын мизин майтарабыз деп сөз берди.

Иран экономикасы артка кетенчиктебей калды, инфляция басаңдаган, бирок жумушсуздук мурункудай эле жогору, бизнес болсо инвестициянын жоктугунан чабал. Би-би-синин баамында орто жашаган ирандык үй-бүлө акыркы он жылдыкта 15 пайызга жакырланган.

Бийлиги геосаясий оюндарга чоң каражат сарптаганына Иранда көпчүлүк нааразы. Тактап айтканда, шииттик исламды таңуулайм деп Йемен, Сирия жана Иракта Сауд Аравиясы менен тирешүүгө каршы.

Президент Хасан Роухани АКШ, Орусия баш болгон беш мамлекет менен 2015-жылы кол коюлган өзөктүк келишимден кийин экономикасы өнүгөт деп күткөн. Анда өзөктүк курал иштеп чыгуудан баш тартканы үчүн Иранга каршы санкциялар алынмакчы болгон.

Бирок АКШда президенттин алмашуусу макулдашууга бөгөт болду. Дональд Трамп Тегеранды фанатиктердин режими деп, келишимди кайра карап чыгаарын айткан.

Өткөн жумада АКШнын Мамдепартаменти демонстрацияларга байланыштуу Иран бийлигин айыптап чыкты. Америкалыктар: «Иран төбөлдөрү эзелки тарыхы жана маданияты бар бай өлкөнү экономикасы жабыркаган дүйнөгө өгөй мамлекетке айтантты. Зомбулук, канкордук жана хаос мамлекеттин бирден-бир экспорттук товары болуп калды», - деген баасын берген.

«Кошмо штаттар тынчтык митингдин катышуучуларын камакка алынганын айыптайт. Биз бардык мамлекеттерди иран элинин негизги адам укуктарын сактоого жана коррупцияга бөгөт коюу талабын ачык колдоп чыгууга чакырабыз», - деп айтылган АКШнын мамлекеттик департаментинин билдирүүсүндө.

bbc.com