Кытай/Индия

«1984» романы тууралуу

30 декабря 2017 г. 17:15 758

«Тынчтык – бул согуш. Эркиндик – бул кулдук. Сабатсыздык – бул күч».

Кызыктуу фактылар:

«1984» 2017-жылдын Америкада эң көп сатылган китеби.

2009-жылы The Times газетасы бул романды акыркы 60 жылдыктагы 60 эң сонун китептин катарына киргизди. Newsweek журналы болсо бардык элдердин жана убактардын эң мыкты 100 китебинин ичинен 2-орунду ыйгарды.

1988-жылга чейин СССР аймагында жайылтууга тыюу салынган.

2003-жылы «Би-би-синин версиясы боюнча эң сонун 200 китеп» тизмесинен 8-орунду алды.

«2 көбөйтүү 2 барабар 5» белгилүү формуласы Жорж Оруэлдин оюна СССРдин «4 жылда бир 5 жылдык» лозунгунан улам келген.

«1984» белгилүү англис жазуучусу Жорж Оруэлдин 1948-жылы жазылган антиутопия жанрындагы китеби. Чыгармада дүйнө жүзү 3 гана мамлекетке бөлүнгөнү, бирок үчөөндө тең дээрлик бирдей эле система жүрүп атканы айтылат.

Оруэлдин каарманы Уинстон Смит жашаган Океания өлкөсүндө бир гана партия өкүм сүрөт. Жашоочуларынын баары ошол партиянын айтканы менен жашоого мажбур. Ар бир үйгө көргөзүп да, көрүп да турчу телекран коюлган. Андан жашоочунун ар бир кыймылына көз салып, байкап турушат. Ал тургай ойлоруңду да окуп коюша турган ой окуучу полициялар иштейт. А мектептерде болсо балдарды жаштайынан партиянын патриоту кылып тарбиялашат. Ата-энеңде, ага-тууганыңда жаман ой барбы, партияга айт да, эрдик кыл. Күнү-түнү окутулганы ушул. Натыйжада балдар атасынан, же апасынан кичинекей эле шектүү кеп укса мугалимдерине жеткирип «сыйлык» алууга, мектептин ардак тактасына илинүүгө даяр. Ата-эне баласынан, кошуна кошунадан корккон учур...

Жумушка кайсы жол менен барсаң кайра ошол жол менен кел, болбосо шектүүсүң. Керектүү киши менен сүйлөш, керексиз менен сүйлөшпө, болбосо шектүүсүң. Эртең менен эрте да, кеч да чыкпа, шектүүсүң. Кечинде да эрте келбе, кеч да келбе, болбосо шектүүсүң. Ар бир көчөдө, ар бир аянтта, ар бир үйдө Улуу Аганын (партиянын лидери) сүрөтү бар. Бардык жерде экрандар бар. Көрүп да, көргөзүп да турат.

Жана согуш. Тынымсыз согуш. Бир гана мамлекет менен. Балким эки мамлекет менендир. Бирок, аны эч ким далилдей албайт. Маалыматтар дайыма бир гана мамлекет менен согушуп атабыз дейт. Ооба, маалыматтар дайыма жаңыланып турат. «Өткөндү башкарсаң келечекти башкарасың. Бүгүндү башкарсаң, өткөндү да башкарасың» дейт партия. Өткөн күндөгү бардык кабарлар бүгүнкү күнгө туураланып турат. Маалыматтар ушунчалык өзгөрүп тургандыктан бүгүн чын эле бүгүнбү деген ойго чейин барасың. Календарда 1984-жыл деп турганы менен, ага да толук ишенүүгө мүмкүн эмес. Эгер Уинстон Смит өзү ошол маалыматтарды тууралап турган жерде иштебегенде, мурун жазылган кабарды өз колу менен бүгүн кайра оңдоп, архивге сактап турбаганда...

Ооба, бул партияны тымызын жек көргөн, ага каршы чыккысы келген, баскынчылыктан тажап, эркиндикке умтулган катардагы жумушчунун, Уинстон Смиттин ойлору. Чынында мындай ойлонуу да өтө коркунучтуу. Себеби, ой окуучу полициядан эч нерсе жашыра албайсың. Бир гана үмүт бар. Ал партия менен тымызын күрөшүп келаткан революционерлер... Ошолорду табыш керек. Бирок, алар чын эле барбы?

Роман тууралуу окурмандардын пикирлери

moonmouse

Өзүмө келе албай отурам, достор. Бул менин жашоомдогу эң коркунучтуу китеп. Ооба, кайран Кинг Лангольерлери, Томминокерамдары менен четте эле калчудай. Анткени анын «тири шумдуктарына» караганда Оруэлдин окуясы чындыктан алынган, ал ушунусу менен коркунучтуу. Адамзат ушунчалык назик жандык болгондуктан, аны каалаганыңдай колдонсоң болот. Ал алсыз, жаны ооруса, же коркунучка кабылса бардык чыккынчылыкка даяр, ал тургай өзүн-өзү да сатып койот. Айрыкча, азап менен коркунучтан кутулуу үчүн өлүп да кала албай турганын билгени кандай коркунуч. Ушул жеринен менин тула боюм дүркүрөдү. Азыркы күнү да ушундай жалганчылар, болгондо да толугу менен ажыдаарга айлана алгыдай чыдамкай жалганчылар өсүп баратканын ойлогондо жүрөк шуу этет. Бир Улуу Ага бизде да болгон, Журт Атасы деп аталчу. Бирок ал кезде да бир нерселер жетишпей калды. Балким техникалык мүмкүндүк жетишпей калгандыр, же компартия ашкере эрктүү кишилерди да тарбиялап жибергенинендир. Андайларды багынтыш оңой эмес да. Кийинкилери болсо өзүн гана ойлой беришти, партияны эмес. А азыр болсо баары даяр. Демек жаңы Улуу Ага Орвелдикинен да коркунучтуу болушу мүмкүн...

Zdalrovjezh

Бардык замандын бир канча жолу кайталап окула турган эң актуалдуу чыгармасы. Ал жетилүүгө жардам берет. Аны бала чагыңда окусаң күрөшкө, жаңы-жаңы иштерди жасоого шыктанасың. Чыгарманы окугандан кийин али баары жоголо электигин, Оруэл жакшы жазуучу болгону менен пессимист экенин, Сталин менен Гитлер деле эчак жок болгонун жана ал убак кетип, жакшы заман келгенин ойлойсуң. Эгер аны эс тартып, турмушка кадам таштаган кезде окусаң, анда чынында эле дүйнөнүн көпчүлүгү ушундай жашаарын, биздин заман деле мурунку, же андан да мурункулардан айрымаланбай турганын түшүнөсүң. Эч нерсе деле өзгөргөн эмес, өзгөрбөйт дагы, болгону окурман өзү өстү. А эгер аны эр жетип, тажрыйба топтоп, наркы-беркини айрымалап калган кезде окусаң, анда бул чыгарма өзүң жөнүндө жазылганын билесиң. Андагы башкы каарман да өзүң. Байоо, ишенчээк бала кезиңде өзүң аракет кылсаң эле баары жакшы болот деп үмүт беришти да, кийин ал үмүттү кайра тартып алышты. Сүйүү менен кыялкечтиктин бүтүү мөөнөтү бар экени билинди. Башкача жолу жок. Мындай болгон жана боло да берет. Эч нерсени өзгөртө албайсың.

Bookoedka

Бул китепти бир-эки ооз кеп менен жеткирүү кыйын. Болбосо ал тууралуу эң татыктуу сөздөр «тоталитаризм» менен «калп» болмок. Романдын биринчи бетинен эле баары - ойлонуу да, сүйлөө да, сезимдер да (же алардын жоктугу да) көзөмөл алдында экени билинип, «партиянын алдындагы милдетибиз» («жубайлык милдет» да ошол эле маанайда) дегенге камтылган. Башкача ойлонгондор – душмандар, өткөн чак – жок (тагыраагы, ал из калтырылбай бат-баттан өзгөрүп турат), азыркы учур заматта өзгөрөт (Кечээ эле Евразия менен согушуп атсак, бүгүн Остазия менен). Романда кээде жалаң коркунучтан тажап кетесиң, маал-маалы менен кичине зериккендей болосуң. Бирок чыдап окуп чыгууга татыктуу. Ал гибриддик согуштар заманына анык эмдөө. Башында чыгарма баягы суук согуш заманы тууралуу болсо керек дейсиң, бирок кийин аны чыгыштагы мамлекет деп ойлойсуң (Орвелдин бийликке сугарылган коркунучтуу келечек тууралуу божомолунан бир гана Түндүк Корея ашчудай), финалга жакындаганда болсо – кайсы бир бөлүктөгү кишилердин трагедиясын көрөсүң. Бирок эң аягында календарды карайсың да, адамзат дагы эле 1984-жылда жашап атабы деген бүдөмүк ойго кабыласың.

linc055

Апакебай, айланайын! Бул чыгарманы окуу да, өзүңдү ошол коомдо элестетүү да кандай коркунучтуу! Ох, «1984» романынан да коркунучтуу китеп окуй элек элем. Мээмде болсо «Бул китеп чынында эле утопиябы? Бизди курчап турган нерсенин баарына окшошуп турган жокпу?» деген ой турат. Сен кыжылдаган көптүн бирисиң жана ошол кара таман көпчүлүктү башкаргандарга баш ийип жашайсың. Мыйзам экини экиге көбөйтсө беш болот дедиби, демек беш болот. Башкача ойлонууга да болбойт. Болбосо эмне болоорун билесиңби? Билесиңби? Жоок, силер керек болсо силерди эмне күтүп турганын билбейсиңер. Мээни чайкоо болбогон кеп тигилердин... Суранам, суранам-суранам, менин келемиштен коркконум тууралуу айпагылачы. Бир гана келемиш болбосун, мейли каалаганын кылышсын, баарына макулмун, баарын сатам, баарын айтам, бир гана келемиш эмес, айланайындар!!!