Орусия

​2018-жылы же Украина корупцияны, же коррупция Украинаны жеңет

30 декабря 2017 г. 13:07 427

2018 коррупцияны жеңүүдө чечүүчү жыл. Паракорлук биротоло калат же түп-тамыры менен жулунат. Бул президент, генпрокурор жана Украинанын коопсуздук кызматына (СБУ) байланыштуу

Украина үчүн 2018-жыл оор болмокчу. Карапайым калк революциядан кийинки төрт жылдан бери бийлигинен чечкиндүү аракеттер менен натыйжаларды талап кылып келет. Өлкөнүн чыгышындагы согуш, бийликтин булуң-бурчуна чейин кирген коррупция, жашоо сапатынын өзгөрбөгөнү коомду нааразы кылууда.

2019-жылы президенттик шайлоодо кайра жеңем деген Петр Порошенконун командасынын алдында украин саясатында душман издөө менен эле алек болбостон, иштин натыйжасын көрсөтүү деген оор маселе турат.

2017-жыл Украинанын чыгышына көп күтүлгөн тынчтык алып келе албады. Арка-аркасынан жарыяланган элдешүүгө, Европа менен АКШнын Орусияга басым кылуусуна, туткундарды бошотууга карабай Донбасстагы согуш уланууда. Кремль Минскидеги макулдашууларды каалабайт. Москвага Луганск менен Донецк облусундагы араздашуунун «түтөп» турганы керек.

Путин сырт тарапта Украина үчүн Ангела Меркель, Эммануэль Макрон жана Дональд Трамп менен соодалашып, өлкөсүнүн ичинде болсо келе жаткан шайлоо алдында эрки күчтүү Владимир Владимирович болуп көрүнүп жатат.

Алдыдагы жылда Орусиянын Донбасс боюнча өңүтү өзгөрөт деп күтпөш керек. Путин менен батыштык ортомчулар Донецк менен Луганск облустарына өзгөчө макам берип, жергиликтүү шайлоолорду өткөрүү тууралуу Киевдин милдеттенмесин аткартууга басым кылышат. Украина буга даяр. Жаңы жыл башталаары менен Донбассты деоккупация кылуу мыйзамында Орусияга «агрессор-өлкө» макамы ыйгарылмакчы. Кыскасы Киев менен Москва дипломатиялык «селкинчекти» ого бетер күүлөгөнү турушат. Орусияга бул ыңгайлуу, Киев үчүн анча эмес, анткени ал Путиндин «күүсүнө» түшүп калууда.

Донбасстагы абалды келе жаткан президенттик шайлоолор өзгөртүшү мүмкүн. Өлкөнүн чыгышында тынчтык орноткон адам 2019-жылкы шайлоону утуп алууга жакшы кадам таштай алат. Орусиянын активдүү катышуусу болмоюн бул араздашууну чечүү мүмкүн эмес. Орусия бүгүн Украинада ким менен ойногусу келет? Порошенко, Бойко, Тимошенко, Медведчук же Тигипко мененби? Азырынча айтуу кыйын. Бул 2018-жылы чечилчүдөй болуп турат.

Коррупцияга каршылар коррупцияны жеңе алабы?

Украина 2018-жылга Улуттук коррупцияга каршы бюро (НАБУ) жана «эски» күч органдарынын тирешүүсү менен кирип келе жатат. Үч жыл мурун украин саясатчылары дүйнөдөгү эң сонун антикоррупциялык мыйзамы, прогрессивдүү электрондук өкмөтү менен мактанган. Бир-эки жыл өтүп-өтпөй Украина арам кекиртек саясатчылар менен чиновниктерден биротоло кутулчудай көрүнгөн. Бирок көр турмуш жеңди. НАБУ жетектеген коррупцияга каршы салгылашуу тоң моюн жана бирдиктүү системага келип бир тийди.

НАБУ Мамлекеттик фискалдык кызматтын башчысы Роман Насировду камап, Боршайкомдун башчысы Михаил Охендовскийди шектүү деп жана парламенттеги бийлик фракциясындагы депутаттардын аркасынан түштү. Башкача айтканда «ыйык» макамдарга кол узатты. Мыйзам жана токтомдорду бузду деп ким какшаса да НАБУчулар быйыл чыныгы эл баатырлары болушту. Бийликтегилер жан-алакетке түштү. Бул НАБУнун кызматкерлерине эле эмес, бүтүндөй калкка көрүнүп калды.

Келечек жыл коррупцияга каршылар менен арам кекиртектердин тирешинин чечүүчү жылы. Маселе кырынан турат, же куу кекиртектер бийлигин сактап калат, же жер менен жексен болот. Мунун натыйжасы көбүнчө президент Петр Порошенкого, генералдык прокурор Юрий Луценкого жана СБУнун башчысы Василий Грицакка байланыштуу.

Мындан сырткары, 2018-жылдан баштап украиндердин эң ири паракорлору менен алектенчү Мамлекеттик тергөө бюросу да ишке кирет. Украинада батыш жана оппозиция талап кылган Коррупцияга каршы атайын сот да ачылышы мүмкүн. Мунун баары жапа тырмак коррупцияны жеңет деген үмүт бар.

Порошенконун «Терминатору»

Жаңы жылда Украинада президенттик жана парламенттик шайлоо компанияларынын бейрасмий старты берилет. Шайлоолор 2019-жылы өтүшү керек болгону менен алардын натыйжасы 2018-жылдагы окуяларга байланыштуу болоору турган иш. Мамлекет башчылыгына негизги талапкер – учурдагы президент Петр Порошенко. Бирок анын компаниясында негизги оюнду Юрий Луценко ойногону турат. Ал буга чейин президенттик «Блок Петра Порошенко» фракциясынын кыймылдаткычы болгондой эле, учурда генералдык прокурор катары НАБУ менен тирешип, Орусияга иштеп жатат деп Михаил Саакашвилини айыптаган.

2005-жылы ички иштер министри дайындалган Юрий Луценко өзүн «саясий терминатор» деп атап, учурда президент Порошенконун «тараны» атка конгон. 2019-жылдагы президенттик шайлоонун натыйжасы анын эпчилдиги менен саясий туйгуларына байланыштуу. Ошол эле Саакашвили эч жакка кетпейт да. Порошенкого жакын кишилердин сары изине чөп салган коррупцияга каршы мекемелер да жок болбойт.

Эч күмөнсүз 2018-жыл Юрий Луценконун жылы болмокчу. Ал премьер-министрликке жетиши да, саясий кургуйга да кулашы мүмкүн. Бирок анын карьерасы Тимошенконукуна окшоп селкинчек тээп бир бийлик - бир оппозиция, бир түрмө - бир министрлик, же генпрокурорлук кабинетке чайпалганын эстен чыгарбоо керек. Биз балким 2018-жылы президенттик талапкерликке дагы бирөөнүн көз жарганын көрүп калабыз. «Терминатор» ага чейин күйүп, күл болуп кетпесе эле.

Сергей Руденко, Deutsche Welle