Батыш

​Бирөө 143 миң доллардан. Бишкекке келчү автобустар кандай болот

29 декабря 2017 г. 17:09 2619

Шаар бийлиги жазга жуук Бишкекке 350 автобуз келерин убада кылды. Аларга жалпы жонунан 50 млн $ (3,5 млрд сом) кетмекчи. Демек ар бирине 142 857 $ кетет, б. а., 10 млн сом.

«Сөзсүз эле орусиялык, же 350 даана болбойт»

Бишкек шаарынын вице-мэри Ренат Макенов автобустар тендер аркылуу алынат деп, баасы тууралуу төмөнкүлөрдү айтты: «Сатып алууга али көп бар. Биз оболу баалуу кагаздарды сатышыбыз керек. Автобустар тендер аркылуу алынат, ошондуктан сөзсүз орустуку болот деген нерсе жок. Бир автобуска 143 миң доллар коюлганы тууралуу айтсам, бул божомолдуу сумма. Биз тендер кандай өтөөрүн билбейбиз да. Балким 100 миңден алып калаарбыз», - дейт Макенов.

Вице-мэрдин айтымында 350 эмес, андан аз автобус алынышы да мүмкүн.

Башында автобустарды сатып алууну Орусиянын ири банктарынын бири «Газпромбанк» каржылайт деп айтылган. Ал үчүн Бишкек мэрлиги 50 млн долларлык жабык, б.а., «Газпромбанкка» гана сатылчу муниципалдык облигация чыгармак. Кийин схема бир аз өзгөрүп, ортого «Газпром Кыргызстан» кирип, облигацияларды алмак болгон. Бирок сатып алууга кеткен акчаны кайра эле «Газпромбанк» бермек.

Ренат Макенов: «Биз баалуу кагаздарды каттап, бир жыл ичинде сатышыбыз керек. Бул облигациялардын шарты боюнча аларды «Газпром Кыргызстан» менен Кыргыз Республикасынын социалдык фонду сатып алмакчы. Мында Соцфондго артыкчылык таанылып, андан калган облигацияны «Газпром» алат. Балким натыйжада 3,5 млрд сом болбой калаттыр… Кыскасы биз ушул суммага уруксат алдык, бирок бир жыл ичинде миллиард сомго араң сатсак, ошого жараша эле автобус алабыз», - дейт.

Бул жерде шаардык облигациялар эч бир мүлк менен камсыздалбагандыктан, анын кайтарымы толугу менен шаардык бюджеттен чегерилээрин айта кетүү керек. Мэрлик аны 12 пайыз үстөгү менен жети жыл ичинде элден түшкөн акчадан кайтарып бериши шарт.

Облигациялардын чыгарылышы жана каражат менен камсыздалуусу Бишкектин шаардык кеңешинде ызы-чууга себеп болду. «Республика – Ата-Журт» фракциясы каржы коопсуздугу каралган эмес деп добуш берүүдөн баш тарткан. Чечим бюджет жана регламент боюнча комитеттеринин бүтүмү жок эле кабыл алынганы депутаттарды чочуткан.

«Газпром» орусиялык гана автобустарга акча берет

Вице-мэр Ренат Макеновдун айтымында орус тарап тендерде орусиялык автобусчулар утуп алса гана акча берээрин маалымдаган. Ошол эле убакта конкурс 2018-жылдын январь-февраль айларына мерчемделүүдө. Облигациялар болсо автобустардын даярдыгына жараша сатылмакчы.

Бишкектин мэрлиги орусиялык компаниялардын баасын гана сурагандыктан жогоруда аталаган 50 млн доллар деген сумма чыккан. Аларга «Группа ГАЗ», «НЕФАЗ» и Volgabus фирмалары кирет.

Бул убакта шаарга эл ташуучу унаа алуу меморандумуна 25-декабрда борбор калаанын мэри Албек Ибраимов, «Газпром Кыргызстан» ААКтын генералдык директору Болот Абилдаев, «Газпромбанк» АОнун башкармалыгынын төрагасынын орун басары Дмитрий Зауэрс жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун башкармалыгынын төрагасы Тенизбек Абжапаров кол коюп салышкан.

Бишкектин жаңы автобустары кандай болмокчу?

Үч орусиялык завод чыгарган автобустардын техникалык мүнөздөмөсү төмөмкүчө: узундугу 11,5-12,5 метр, туурасы 2,5 метр, эшиктеринин саны – 3, сыйымдуулугу 95 кишилик, отуруучу орундары 23төн кем эмес, автобустар 2016-жылдын IV-кварталынан кийин чыккан болушу керек.

Мындан сырткары дат басууга каршы атайын шыбагы, айдоочунун кабинасында кондиционер, сыртта 30 градус суукта 15-20 даражага чейин ысыта алуучу мештери, таза аба үчүн люктары жана терезелери, метан менен иштеген газ кыймылдаткычтары (Евро-4 экологиялык стандарттан кем эмес), GPS-көзөмөл, маршрут көргөзгөн үч электрондук табло, беш видеокамера, валидатору (электрондук төлөм) бар болуусу тийиш.

Бишкекке келет деп күтүлгөн автобустардын көрүнүшү:

"Группа ГАЗ"

ЛиАЗ-5292 low floor

ЛиАЗ-5293

Volgabus

СИТИРИТМ - 12 CNGLF

СИТИРИТМ - 12 CNGLE

НЕФАЗ

НЕФАЗ-5299-0000020-31

НЕФАЗ-5299-0000030-51

НЕФАЗ – 5299-0000030-31

материалдын толук түп нускасын kaktus.media сайтынан орусча окуңуз