Батыш

Бишкекке таштанды полигонун куруу үчүн атайын техникалар келди (фото)

29 декабря 2017 г. 16:40 825

Бүгүн 28-декабрда Бишкекке «Бишкек шаарындагы катуу таштандыларды иштетүү системасын жакшыртуу» долбоорунун алкагында эски таштанды аңгегин жаап, кайра жаңы санитардык аңгек (полигон) куруу иштерин аткаруу үчүн Ehitusfirma Rand Ja Tuulberg AS жалданма ишканасынын атайын техникалары келди.

Баары алты даана:

  • бульдозер (40 тонналык);
  • эки экскаватор (38 тонналык);
  • үч дампер (40 тонналык).

Жалданма организациянын өкүлү Янека Карунун айтуусу боюнча, бул келе турган техниканын биринчи эле бөлүгү, экинчиси кийинки жылы келет.

Борбор калаанын мэрлиги Евро биримдиктен бөлүнгөн 8 млн евро гранты, Европа банкынын реконструкция жана өнүктүрүү бөлүмүнөн 11 млн евро кредити жана 3 млн гранты менен каржыланган «Бишкек шаарындагы катуу таштандыларды иштетүү системасын жакшыртуу» долбоорун ишке ашырганы турат. Долбоордун максаты Кыргыз Республикасынын борборунан чыккан күнүмдүк колдонуудагы катуу таштандыларды иштетүү системасын түзүү.

  • Таштандыларды башкаруу системасын комплекстүү түрдө жакшыртуу, жыйналып, ташылгандан тартып, утилизацияланганга чейин;
  • Шаардык санкцияланган таштанды аңгегинин экологиялык абалын рекультивациялоо жолу менен жакшыртуу, жаңы таштанды аңгегин түптөө жана таштанды иргөөчү завод куруу.

Бул долбоордогу экологиялык аспект бирден-бир маанилүү максат болгондуктан жеткирүү, орнотуу, техникалык кызмат көрсөтүү жана азыркы таштанды аңгегин жабуу жана акырындап колдонуудан чыгаруу баскычтарында долбоорду башкаруу процесси бардык жагынан айлана-чөйрөнү коргоо шарты менен жүрүшү керек.

Долбоордун алкагында эки келишимге кол коюлган:

  • BSWM-5 «Жаңы санитардык аңгекти долбоорлоо жана куруу» келишимине 28-март 2017-жылы 7 млн 538 миң 345 евро баа менен кол коюлган.
  • BSWM-6 «Бишкек шаарынын аймагындагы күнүмдүк таштанды төгүлгөн азыркы аңгекти жабуу жана рекультивациялоо» келишимине 2017-жылдын 20-июнунда 1 млн 596 миң 900 евро баа менен кол коюлган.

Жаңы таштанды аңгекке мурунку шаардык аңгектин жанынан орун берилди. Эски таштанды аңгеги жаңысы салынып бүткөндөн кийин жабылып, рекультивацияланат.

Жогоруда айтылган келишимдерди ишке ашыруу мөөнөтү эки жыл. Бул аралыктын ичинде толук түрдө суу жана электр менен камсыздалган кириш жолу бар жаңы аңгек курулуп бүтөт.

Таштандыларды коркунуч жаратпагыдай көмүп, айлана-чөйрөгө зыянын тийгизбөө үчүн жер алдындагы жана жер үстүндөгү агын сууларга аралашпай турган атайын уяча куруу мерчемделген.

Шаардык өкмөт бардык иштерди европа өлкөлөрүндө кабыл алынган жана иштеп жаткан экологиялык жана технологиялык стандарттарга ылайык аткарууну убада кылууда.