Экономика

Кыргызстанда инвестициялык климат начар

28 декабря 2017 г. 19:25 434

Инвестицияны илгерилетүү жана коргоо агенттигинин директору Эсенкул Момуналиевдин «Азаттыктын» суроолоруна берген жоопторунан.

- Инвестицияны илгерилетүү жана коргоо агенттигинин негизги өзгөчөлүгү жана инвестиция кантип тартылат?

- Бул агенттик экономика министрлигинин алдында болгондо көп эле аракеттер болгон. Бирок ишке ашырууда бюрократия болуп, жетекчилик, экономика министринин орун басарлары, анан министр, анан вице премьерлер, министрликтер менен макулдашкыча көп убакыт кетип калчу экен.

Азыр болсо макамыбыз жогорулагандан кийин биз түздөн-түз премьер министрге баш ийебиз. Коомчулук, бизнес ассоциациялары, эл аралык донорлор жана башка партнерлор менен иштешип, азыркы кездеги ортодогу барьерлерди алып салуу маселесин түздөн-түз премьер-министрге жеткиргенге мүмкүнчүлүк болуп турат.

Андан сырткары, учурда ири долбоорлорду талкуулап, аларды ишке ашырганга аракет жасоодобуз. Бирок айтып кетерим, инвестициялык климатты жакшыртууда жөнөкөй жарандан баштап, Жогорку Кеңешке чейинки ар бир этапта баарыбыз аткара турган иш чаралар бар.

Мисалы туура мыйзамдар кабыл алынышы керек. Мамлекеттик органдар алардын аткарылышын көзөмөлдөп, ишке ашышын тездетиш керек. Мына ушундай комплекстүү иш чараларды жүргүзүү зарыл. Бир эле агенттиктин макамын көтөрүп коюп, инвестициялар эртең эле келе калат деген да туура эмес.

- Ушул инвестиция жаатында 25 жылдан бери өкмөттөрүбүз «сонун болот» деп какшап эле келетат. Бирок инвестор келсе колдомок тургай чоңдорубуз кайра тоногонго аракет кылат. Принципиалдуу өзгөчөлүк качан болот?

- Негизи ооруган киши качан оңолот? Качан оорулуу экенин мойнуна алып, дарыгерге барып дарыланышым керек дегенде өзгөрө баштайт. Ооба, биз да оорулуубуз. Чынында инвестициялык климатыбыз начар. Муну оңдошубуз керек. Оңдой турган жолдорубуз ушулар деп өзүбүз да так түшүнүшүбүз керек. Буга чейин деле мисалы бизнес ассоциациялар болобу, эл аралык партнерлор болобу, баары бизнеске түзгөн шарттарыңар начар деп айтып келген. А биз жок, жакшы эле, мына жакшыртып атабыз, биз баландай кылабыз деп келгенбиз. Азыркы принципиалдуу айрыма ушул.

Мен бүгүнкү инвестициялык абал начар экенине ишенем. Анткени мурун өзүм да бизнес долбоорлордо жүргөм, ар бир тепкичин өткөм. Өкмөттө да, эл аралык уюмдарда да иштегем. Жеке ишкер да болгом. Ошон үчүн менде ар тараптан караганга мүмкүнчүлүк бар.

Азыр рейтингдерде Кыргызстандын инвест климаты төмөндөгөнү көрүнүп турат. Бул рейтингдерде кантип өзүбүздү жогорулатышты билебиз деп айта алам. Жана бул шарттарды өзгөрткөнгө даярбыз деп ишендирип кетем.

Чынында жакшы мыйзамдарыбыз деле бар. Бирок алар аткарылбагандыктан ошол рейтингдерде төмөндөп атабыз. Же болбосо мыйзамдар мамлекеттик органдар тарабынан даярдалат. Бул дагы бир көйгөй. Анткени жашоо менен айкалыштыгы жок. Коомдук талкууга алып чыгыш керек. Андай мыйзамдар кийин кимге таасирин тийгизет? Коомчулукка, бизнеске, жалпы мамлекетибизге таасирин тийгизет. Ошон үчүн биз коомчулукту да чакырабыз. Мисалы бир тармак боюнча мыйзам өзгөртүлгөн атса, мейли ал токтом болобу, мыйзам болобу, баарыбыз жапа тырмак талкуулап, натыйжасына кызыкдар болушубуз керек. Активдүү жарандык позициябызды көрсөтүшүбүз керек.

Азыр ар бир жыйынга агенттик катышып атат. Биз азыр ар бир тармакта маселе көтөрүлүп атканда ошол маселе боюнча оюбузду айтабыз деп ишенебиз. Бул жакшы көрүнүш. Мурун ошол бир тармакты караган бир мамлекеттик орган маселе көтөрсө болду, ошолор айткан токтом өтүп кете берчү. Азыр биз өз оюбузду кошуп калдык. Мисалы бул өзгөрүү баландай бизнеске баландай таасир этет, инвест климатка мындай таасир этет дейбиз.

Көп жылдан бери уруксат кагаздарын ала албай жүргөн, же бир сот процесстери аягына чыкпай жүргөн компаниялар бар. Ар бир процедураларда өзгөрүүлөр, реформалар болуш керек. Анан мунун баарын жалпы-жонунан караш керек. Бүгүнкү күнү бул жумуштар да алпарылып атат.

- Быйыл жалпы инвестиция көлөмү 500 млн доллар экен. Бул өтө эле аз. Бир ири долбоордун баасындай акча. Мисалы, инвестицияны өнүктүрүү жана коргоо мамлекеттик агенттиги иштей баштаганы бир жыл ичинде бул сан мынчага көтөрүлөт деген конкреттүү убада бере аласыздарбы?

- Ар бир ири инвестициялык долбоордун башталышы кыйла убакыт алат. Балким бир жылдан ашып кетиши мүмкүн. Бирок биз кийин коомчулуктун алдында да ыңгайсыз абалга түшүп калбаш үчүн, өзүбүз белгилеп алган бир чекит бар. Мисалы, агенттик курулгандан берки инвестициялык көлөм 500 миллиондун тегерегинде болсо, эмдиги жылы бир миллиардга жеткиребиз деп турабыз. Бул минималдуу белги.

Эми бул чекке кантип жетебиз? Мына баарыбыз Кыргызстан хаб болуш керек деп ишенип турабыз. Буга Орто Азиядагы бардык мамлекеттер аракет кылып атышат.

Хаб деген эмне? Биздин аэропортубуз эл аралык деңгээлге чыгып, эл аралык кызматтарды жасап, билеттер арзандаса жана учактарыбыз түздөн-түз рейстерди аткарса деген максаттар. Эл аралык стандарттар боюнча иштейли деп атабыз. Ачык-айкын элге жеткирип, ЖКда талкуулап, өкмөт демилгелеп дегендей, жалпы иш жүргүзүлүш керек.

Мисалы жакында эле Түркиялык ТАФ деген компания келди. Бул жалпы капитализациясы 2 млрд доллар турган компания экен. Эми ошого окшогон компанияларды алып келип, бир эле Ош менен Бишкек аэропортторуна инвестиция тартсак кандай сонун! Бул сатуу эмес, бул менеджмент. Алар инвестиция кылат, а биз 20 жыл болобу, же андан көппү, иши кылса ошол жерден киреше алып турабыз. Бул 500 миллиондон 1 миллиардга жеткире турган бир эле ири долбоор. Эгер ушул эле долбоорду ишке ашырсак кийинки жылга койгон максатыбызга жетип калабыз. Бирок бизде буга окшогон көптөгөн долбоорлор бар.

- Бирок ошол эле маалда Кыргызстанда ири долбоорлорго инвестиция тартуу көйгөйлөр менен коштолуп, ар түрдүү чыр-чатак менен уланып жатканын акыркы мисалдардан билебиз. Мисалы Жогорку Нарын ГЭС каскаддары боюнча болобу, же Альфа-телеком компаниясын сатуу боюнча болобу, Кара-Кечени комплекстүү иштетүү боюнча болобу, ушунун баарына буга чейинки өкмөттөр пландарды койгон, бирок ишке ашкан жок. Жада калса эларалык колсалтингдик компанияларды жалдайбыз дегенге чейин барышты. Эми мына сиздер инвестиция тартуу боюнча атайын агенттик катары түзүлдүңүздөр, эми ушунун баары өзгөрүшү мүмкүнбү?

- Жакында биз мамлекеттик мүлк фонду менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, өзүбүздүн кызматыбызды айттык. Биз эл аралык консалтинг компаниялар менен иштешип жүргөнбүз, бизде тажрыйба бар дедик. Мисалы ушул Альфа Телекомду сатуу ишин IFC, Дүйнөлүк банктын уюму, биз өткөрүп берели деп атат. «Силер бүт шарттарыңарды айткыла. Бизде башка эл аралык фонддорго байланыш бар, жардамдашалы» деп атышат.

Мамлекеттик органдар тендер өткөргөндө жергиликтүү гезиттерге реклама берип, «Альфа Телеком 200 млн долларга сатылат» деп коюшат экен. Бул туура эмес да. Эл аралык инвесторлордун мындан кабары жок болуп калып атпайбы. Бул бир эле мисал. Эгер жанагыдай эл аралык чоң компаниялар муну дүйнөлүк аренага алып чыкса, сөзсүз түрдө дүйнөгө белгилүү брендер келет деп ишенем. Бул бизге өтө маанилүү. Анткени дүйнөлүк бренд киргенде артынан дагы башка бизнестер келет, башка инвесторлор келет, ишеним пайда болот. Элдин да ишенимин алабыз. Ушуга окшогон кичинекей эле технилкалык маселелер бар. Анан элге да туура жеткирүү көйгөйү турат.

- Мына сиз премьер министр Сапар Исаковдун кеңешчисисиз. Азыркы учурда да эки ишти айкалыштыруу менен ошондо иштеп атасыз. Анан Сапар Исаков чет өлкөдөн билим алган кеңешчилерди айланасына чогултту дейбиз. 4 айга жакын убакыт өттү. Ошол кеңешчилер эмне кылып атат, эмне өзгөрттү? Бир учурда атайын компания жүрүп, макталган иштен эмне жыйынтык чыкты деген сөздөр айтыла баштады. Сиздер бир нерсени өзгөртүүгө кандай салым коштуңуздар?

- Билимге инвестиция, IT технологияга инвестиция, мына ушулар өтө маанилүү. Биз жаңы келген кеңешчилер коомдук эле негизде (акы төлөнбөгөн) иш алып барабыз. Буга чейин келечекте Кыргызстан өзүнүн ордун кайсыл жерден табат, кайсы жакка умтулушубуз керек деген глобалдуу ой пикирлерди айтып, ошонун негизинде эмне кылышыбыз керек деген жумуштар алып барылды.

Менимче мурун иштеп аткан бюрократтар дагы эле иштеп атат. Бирок жаңылануу күндөн-күнгө жүрүүдө. Ушуга ишендирип кетет элем. Ошон үчүн кеңешчилер келип эле мурунтан иштеп аткан механизм 4 айда өзгөрүп кетет деген ойдон алыс болуш керек. Бул пландуу жүрөт.

Мунун жыйынтыгына буюрса ишенем. Кийин биздин убакыт жетпей калса да, ушул азыр коюлуп аткан максаттарды, стратегиялык пландарды башкалар деле колдойт деп ишенем. Анткени бул программалар элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын көздөп, эртеңки күнү кандай болот деген суроолорго жооп катары жазылган.