Экономика

​Кыргызстанда жакшы акча табуу. Биринчи ыкма

28 декабря 2017 г. 14:53 1000

Сизде бизнес үчүн шумдуктуу идея бар дейли. Бул жерде биринчи кадам катары кантип каражат табуунун төрт жолу берилди. Биринчиси менен таанышыңыз.

Биринчи ыкма – Нөл капитал

Сиздин өз ишиңизди баштап кетүүгө акчаңыз жок, же бир аз гана бар.

Сиз баары бир бизнес баштасаңыз болот. Бул эң коопсуз жана тобокелсиз ыкма.

Анын артыкчылыгы көп. Эң негизкиси башкалардан акча сурап жалдырабайсыз, баштапкы капиталды жоготуп алам деп коркпойсуз, эч кимге көз каранды эмессиз. Негизги минусу – жакынкы арада чоң кирешеге үмүт кылбайсыз.

Аброюңуздан башка эч нерсеңиз жок. Ошондуктан кардарлардын арызданганына алдын-ала даяр болуңуз. Кыргыз базарында сиздин өндүрүмгө салыштырчу эч нерсе жок болсо да арызданышат. Кардарлар кетип калбаш үчүн эмне кылаарыңызды алдын-ала чечип алыңыз.

Кийинки маанилүү нерсе – каржы коопсуздук олпогуңуз болуш керек. Бир аз убакыт жашап турчудай каражатыңыз бар экенин байкап алыңыз. Бул маанилүү, анткени, убактыңыз менен мүмкүнчүлүгүңүздүн бардыгы жаңы бизнести өнүктүрүүгө кетет. Сиздин башка жерден акча таба калууга мүмкүндүгүңүз болбойт. Балким өзүңүзгө маяна чектегенге да каражат болбойт.

Компаниянын акчасын өзүңүздүкү менен аралаштырып албаңыз. Антсеңиз канча таап, ишиңизге канча каржылаганыңызды так эстей албайсыз. Бул өз учурунда чыныгы абалды баамдаганга тоскоол болуп, банкроттукка алып барат.

Мындай бизнесте нетворкинг (тааныштардан максимум жардам алуу) негизги роль ойнойт. Таанштарыңыз бар болсо, арзан кеңсе же баштапкы буйрутмаларды ала аласыз. Баары керектүү байланыштарды түзүүгө, ишке тишелүү сүйлөшүүлөрдү туура жүргүзүүгө жана өз идеяңды суна алууга байланыштуу.

Мындай старттын негизги принциби – болгон мүмкүнчүлүктөрдү толук пайдалануу жана өнүгүү мүмкүндүгүнүн бирин да көз жаздымда калтырбоо. Сиз кирешеңизди жеке максаттарга колдоно албайсыз, баары бизнестин өнүгүүсүнө реинвестиция кылууга кетет. Биринчи кардарларга жеңилдиктерди берүүгө даяр болуңуз жана ар бир кийинкиси ыраазы болуп, кайтып келиши үчүн болгон күчтү жумшоо керек. Сиздин кирешеңиз ушуга байланыштуу болот.

Жарнама маселесинде да өз күчүңүзгө гана таянасыз. Кардарды тартууга соцтармактар, арзандатуу купондорду берген платформалар (мисалы besmart.kg) жана, албетте, кардарлардын кайра өз жакындарына сунуштоосу бар. Мындай бизнесте тааныш-билиш өтө маанилүү.

Бизнести нөлдөн түптөгөндөр

Оlolo art studio ишканасын түзгөн Данияр Аманалиевден кеңештер:

Биз нөлдөн баштаганга болоорун баарына көргөзгүбүз келди. Бизнес ачам деген жаштар 10 000-20 000 доллар жыйнап киришет. Бул эң чоң акмактык. Эч качан бизнес кылбаган киши чоң капитал менен иш баштаса, сөзсүз фиаского учурайт.

Акча сага кубат берип, маанилүү кездерде уктатып салат. Акчаң жок, колуңан эч нерсе келбей жатса, сен алдыңдагы максатты, эмне туура эмес кетип бара жатканын даана көрөсүң.

Биз бизнесибизди курган ыкма Lean Startup (үнөмчүл стартап же нөлдөн бизнес) деп аталат. Ал АКШда башталып, көп компаниялар пайдаланышат.

Ал эч кандай акчасы жоктуктан эмес, стартап – бул инновациялык идея, ошондуктан ал башынан иштеп кетеби, же жокпу деген ойго негизделет. Сен жасайын деген нерсе гипотезага негизделгендиктен, иш-аракетиңдин баары эксперимент.

Канчалык көп, ар түрдүү варианттарга аракеттенсең, ошончолук ийгиликке жакындайсың. Башкача айтканда сенде ар кандай ыкмалар менен ишке ашырчу кандайдыр бир идея бар дегендик.

Lean Startup идеясы өзүңдүн чакан бюджетиң менен болушунча көп варианттарга аракет кылууда жатат. Lean Startup башталганда сиз минималдуу жаны бар – MVP (minimum viable product) өндүрүм жасайсыз. Өндүрүм болушунча тезирээк ишке кирет, сен аны үч жыл ойлоп таап, додо акча коротуп жылмалап отурбайсың. Кардардын көйгөйүн дароо чечип баштаган жөнөкөй продукт сунасың. Аны дароо сатып киресиң. Ооба сатасың. Ошондо гана сен кардарлардан реалдуу фидбек (товар тууралуу пикир) аласың.

Мындан сырткары төмөнкү ыкманы колдондук. Биздин 10 миң сомубуз бар болчу. Эркиндик бульвары менен Токтогулдун кесилишинде, өтө көрктүү сталиндик үйдө студиябыз бар эле. Бул өтө кооз жер. Менимче Бишкектин эң сонун жери.

Бишкекте соода желеси бар «Сиерра» кофеканасы менен макулдаштык. Алар бизге өзгөчө шарт менен кофе берет, биз аларды жарнамалайбыз. Алар бизге кофе даярдаган жабдык берди, бул өтө чоң үлүш. Бул иш «биз байкуштарбыз, жардам бергилечи» дегендей эмес, биз чын эле аларды рекламаладык, кофени болсо «Сиеррадан» сатып алчубуз. Чындап келгенде алар берген жабдыгын узак мөөнөттө акташты. Биз болсо, келген кардарлырыбызга ээритме эмес чыныгы кофе сунганга мүмкүндүк алдык.

Андан кийин суук түшүп, бизге тапичкелер керек болду. Мен Golden Tulip отелине кайрылып бутту сала коймо тапичкелерди алдым. Анын ордуна кардарларыбызга Golden Tulip биздин өнөктөш деп айта баштадык. Кардарлар тапичкелерге маркер менен аттарын жазып, келгенде ар ким өзүнүкүн кийип калды. Биз аларга «Ololo - өз тапичкеңер бар өз үйүңүздөр. Өзүңөрдү үйдөгүдөй сезгиле», - дей алдык.

Ресуртарды тартуунун түрдүү жолу бар. Биз батирге да макулдашуунун негизинде төлөчүбүз.

Өнүгүп баштаганда искусство менен алектениш үчүн айына 7000 сом алчубуз. Биз өлкөбүздө санат үйрөтө алган эң күчтүү адамдарды тартып, кардарлардан алган акчанын жарымын аларга берчүбүз.

Биздин жарнамага акчабыз жок болчу, башынан эле ага каражат коротуудан баш тартканбыз. Анткени рекламага же көп коротуш керек, же бир тыйын да салбаш керек. Ага аз коротсоң кумга сиңген суудай эле натыйжа чыгат.

Биз K-news менен макулдашып, алардын бизнес-блогун жүргүзө баштадык. Жума сайын Ololohaus кандай түзүлгөнү жөнүндө башка бизнесмендер колдоно алгандай макала жаза баштадык. Окурмандар кызыгып кирип, лайктап, бөлүшүп, бири-бирине айта баштады. Биз ушунтип жарнамалана баштадык.

Биз баары иштеп, өз нугуна түшүп калганда гана киши жалдап, акча төлөп калдык.

Ololohausту түзгөн үчөбүз тең андан эч кандай киреше көрбөйбүз. Бул туура, анын ордуна биз азыркыдай ыкчамдык менен өсүп жатабыз. 10 миң сом менен ушунча ызы-чуу чыгарганга, үч жердеги 1800 чарчы метрге, толтура көп тараптуу долбоорду иштетүүгө жана 20 кишиге чейин өстүк. Биз 10 миң сом менен эки жылга жетпеген убакыт мурун баштаганбыз. Эмне үчүн? Анткени биз дайыма инвестиция кылабыз. Анын ичинде каражаттын көбүнчөсүн жамаатыбызга жумшайбыз. Кандайдыр бир материалдык нерсеге аз эле акча коротобуз.

Анатолий Федоренко, kloop.kg