Кытай/Индия

​Исламдык билимдин жетишсиздиги экстремисттик идеологиянын жайылуу себеби катары

28 декабря 2017 г. 12:40 568

Кара ниеттикпи, же түшүнбөстүкпү?

Экстремизм жана терроризм “исламдык” деп айткан кишилерди эки түргө бөлсөк болот.

Биринчилерди, исламды атайылап жаман көрсөтүү ниети бар кишилер деп божомолдойлу. Бирок адамдын ниетин биз текшере албайбыз. Баланча биздин ыйык динибиздин таза экенин билип туруп, “экстремисттик жана террористтик аракеттерге жол берет” деп каралаш үчүн гезит, радио, телекөрсөтүү жана интернет аркылуу туура эмес маалыматтарды таратып жатат деп айта албайбыз. Ислам тууралуу туура маалымат динибизге жарашкан жумшак жолдор менен жеткирилсе, ал мусулманчылыкты бизден да жакшы карманып кетээрин жокко чыгара албайбыз. Исламды кабылдабаса да, аны каралоо аракетинен баш тартат деп божомолдой алабыз. Демек, биз “киши ниети жамандыгынан исламды каралап жатат” - деп эч качан айта албайбыз.

Экинчиси, адам “ислам”, “экстремизм” жана “терроризм” деген сөздөрдү билбестиктен, исламды терең түшүнбөгөндүктөн бирге колдонот.

Бул жерде да кишилерди жана топторду экиге бөлүп кароо керек. Биринчилери, жогоруда айтылгандай, мусулманчылыктан алыс, ошондуктан өздөрү билбеген исламдан чочулашат, коркот. Билбеген, түшүнбөгөн нерседен коркуу кишинин табиятында бар. Аларга ислам тууралуу түшүнүк ким тарабынан, кандай ыкма менен жеткенине байланыштуу биздин динди “экстремизм” жана “терроризм” менен байланыштырат, же тескерисинче ислам жана экстремизм менен терроризмди бирге айтуу туура эмес дешет.

Экинчи группадагы кишилер жана топтор өздөрүн “мусулманбыз” дегендер. Башкалар жана дүйнө жүзү экстремисттик, террористтик деп баамдап, кабыл алган аракеттер менен натыйжаларды булар норма катары кабыл алат.

“Мусулман” экстремист жана террорист

Эмне үчүн “мусулманбыз дегендер” деп айттык?

Дүйнөдө “мусулман террорчу” деп аталгандардын эң атактуусу “Аль-Каида” уюмунун башчысы Бен Ладен. Анын атайын исламдык илими жок. Араб улутунан чыккан кишини эле исламды терең билет деп түшүнө бербеш керек. Анын кесиби инженер. Ал бир атадан төрөлгөн 57 бир туугандын онунчусу. Исламдык жашоодон алыс, ондогон аялы бар кишинин төртүнчү жубайынын баласы. Энеси Бен Ладендин атасынан ажырашып, башка күйөөгө тийген. Бала кезинен өгөй атадан көп запкы чеккен. Ошондуктан ал тарбиясы тайкы, өз дини тууралуу маалыматы өксүк чоңойгон. Жаштайынан психикалык трамвалары бар, коомго каршы таарынычы ашынган жигит болду. Бен Ладен исламды өзү калыптап алган идеяларга курал гана катары колдонгону делилденген.

Аль-Каиданын экинчи кишиси Аль Завахири кесиби боюнча медик. Анын да ислам тууралуу илимин бул жакка коёлу, дурус маалыматы бар деп айтуу кыйын.

Өзүн мусулман катары таанытып, террордук аракеттерге катышкан же терактты ишке ашырган бир да кишинин терең исламдык билими болбогону үстүртөн караштырганда эле белгилүү болуп жатат. Интернеттен бул зөөкүрлөр тууралуу маалыматты караштырганда, алар көйгөйлүү үй-бүлөдө чоңойгонун, же эң керектүү убакта туруктуу коомдук байланыштардан үзүлүп калган инсан экенин көрүүгө болот. Акыл-насаат айтчу эч кимиси жок, чоочун бирөөнүн пропагандасы, тукуругуна азгырылып, өзүнүн жеке таарынычтарын диний ураанга жаап-жашырып алганы оркоюп көрүнүп турат.

Исламды жамынган террорчуларга романтикалык таажы кийгизбеш керек. Алардын бул жолго түшкөнүнүн негизги себеби – бир гана исламдык эмес, жалпы сабатсыздыгы. Кандайдыр бир кесиптик жөндөмдү жакшы өздөштүрүп алганы менен тарых, коом таануу, адам укугу жана адам акысы тууралуу эч кандай түшүнүгү жок.

Мусулман террорчу эмес

“Ислам жана мусулман террору” деген түшүнүк дүйнөдө XX кылымдын ортосунан кийин гана колдонула баштаган. Ага чейин “экстремизм” жана “терроризм” түшүнүгү башка кишилерге жана топторго айтылып келген. Буга чейинки он төрт кылымдык тарыхында мусулмандар буга окшогон, айбанга да жарашпаган, коркоктук, мыкаачылык аракеттерден алыс болгон.

Эгер дүйнөдө сөздү маанисине жараша жайгаштырган сөздүк чыгарылса, “ислам” түшүнүгү менен “террор” түшүнүгү алфавиттеги “А” менен “Я” тамгаларындай сөздүктүн эки учунда болмок. Анткени ислам сөзүнүн өзөктүк мааниси “тынчтык”, террордуку болсо “эч бир эрежени тааныбаган согуш”. Ошондуктан “исламдык террор” дегенде биз “тынчтык согушу” деген маанисиз түшүнүк айткан болобуз. Ушундан улам XX кылымдын аягында мусулман аалымдары: “Мусулман террорчу эмес, террорчу мусулман бойдон кала албайт”, - деген аксиоманы чыгарган.

XXI кылымда мусулмандар гана эмес, көрүнүктүү дүйнө лидерлерида исламдын экстремизм менен терроризмден алыс экенин айтып чыгышты.

Ислам терроризмди колдогон эмес, колдобойт дагы.

Исламдык билим берүү

Кыргыз Республикасы ислам динине “сен мага тийбе, мен сага тийбейин” деген мамиледен алыстады. Учурда ажолорубуз макамына отурарадан мурун эл алдында Алла Тааланын аты менен ант берип жатат.

Өлкөбүздө дин эркиндиги так сакталгандыктан, мусулмандар өз динин кеңири жашап, жигердүү үйрөнүп-үйрөтүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Мусулман диний уюмдары түрдүү иш-чараларды уюштуруп, динибиздин аалымдары АКШ, Швеция жана Орусия сыяктуу мамлекеттерге чейин барып, мигранттарыбызга ислам тууралуу терең түшүнүк берип келе жатышат.

Мусулмандык жеке демилге менен миңдеген мечиттер салынып, куран курстары жана медреселерде диний илим берилүүдө. Мамлекеттик жана жеке менчик жогорку окуу жайларында дин таануу жана теология факультеттери ачылууда. Жергиликтүү жана чет олкөлүк аалымдар келип лекция өтүп жатат. Интернеттен ислам жөнүндө туура маалымат алам десең кыргыз, орус, англис жана башка кыргыздар билген тилдерде ондогон ресурстар бар.

Бул маалымат жана илим алууга тиешелүү нерселер экстремист жана террорчу болуп кетпес үчүн кыргыз мусулманына жетиштүү. Мындан сырткары, жогоруда белгилеп кеткендей, баланы канкор зөөкүргө айланткан психикалык травмаларды бербеш үчүн бир гана исламдык эмес, жалпы педагогикалык ыкмаларды да карап чыгуубуз керек.

500дөн ашык киши Сирияга кетти деп жатабыз. Ооба, биздин бир да атуул чоочун жерге, бөтөн бирөөнүн исламды жамынган улуттук, саясий, же топтук таламын талашып барбаш керек. Ал жактан адамдык сапаттардан толук ажыраган кан ичкич, же табытка салынган илме-тешик дене болуп кайтып келбеши керек.

Бирок туура эмес тарбиядан улам канча киши Кыргызстанда ууру-кески, канкор кылмышкер болуп кетти. Жөө жүргунчүлөрдү, же башка айдоочуларды сыйлабай, жол эрежесин сактабай, канча киши кайтыш болуп, канчасы майып болуп жатат.

Мунун баарын карап чыгып ой жүгүрткөндө, кыргыздарга мээрим педагогикасы жетпей жатканын көрүүгө болот.