Маданият/Искусство

Мүнөтүнө чейин эсептелген: Гейтс менен Маск күнүн кандай мерчемдейт

27 декабря 2017 г. 18:26 100

Эки улуу бизнесменди бириктирген бир өзгөчө адат.

Билл Гейтс менен Илон Маск – технология жаатындагы эки эң салмактуу ысым.

1975-жылы Гейтс Microsoftтун түптөөчүлөрүнөн болуп, персоналдык компьютер жаатындагы төңкөрүш отун тутантууга салым кошкон. Азыр ал убактысынын көпчүлүк бөлүгүн кайрымдуулукка коротот.

Маск болсо PayPalды негиздеген, азыр Tesla менен Space Xке көңүл буруп турган убагы.

Бул экөө тең иш графигин көзөмөлдөөгө жардам бере турган бир эле адатты карманышат. Бул бир күндөгү ар бир көз ирмемди мерчемдөө адаты.

Гейтс менен Маск күнүмдүк убактысын беш мүнөттүк бөлүктөрдөн турган графиктерге бөлүп алышат.

Мынчалык тыкыр мерчемдөөнүн себеби эмнеде дейсиз? Биринчиден, күндү майда бөлүкчөлөргө бөлүү өндүрүмдүүлүктү арттырат дейт Fast Companyнин автору Стефани Возза.

Андан сырткары, мындай өжөрлөнө мерчемдөө жоопкерчиликти да арттырат. Мисалы, убактыңыз мүнөтүнө чейин такталган болсо, анда эс алуу, күч-кубат топтоо үчүн да убакытты мерчемдөөгө туура келет. Жөн эле бир-эки саат тук эте калайынчы дегениңиз күнүмдүк мерчемдин 10-20 бөлүгүн дароо жалмап койот.

Бир күн үчүн даана-даана бөлүнгөн жадыбал түзүп алуу килейген кайрымдуулук фонддору менен дүйнөлүк деңгээлдеги инновациялык технология компаниясы гана эмес, бизге окшогон карапайым кишилер үчүн деле пайдалуу. Албетте, күнүңүздү 5 мүнөттүк бөлүктөргө майдалаңыз деле дебейбиз. Бирок, күн мерчемин түзүүнүн өтө көп түрлөрү бар.

Ошолордун ичинен өзүңүзгө ылайыктуусун эле тандап алыңыз.