Жорум

КАЛПАКЧАН ИТКЕ ДҮРБӨГӨН КЫРГЫЗ

27 декабря 2017 г. 15:55 2546

Бишкектеги соода борборлордун биринде иттердин мода конкурсу өтүп, калпак кийген ит фейсбукту дүрбөттү. Ит иттигин кылды дейли. Андан кийин Тажикстандын Жергеталынан келген боордошторубузду ур тепкиге алгандарга дүрбөдү. Кишини кордогон ит сымал кишилердин кылганына эмнеге дүрбөбөйбүз? Же бул келе жаткан ит жылына даярдыкпы?...

Ак калпак кыргыздын улуттук баалуулугу, символу. Аны сыйлоо керек. Сөз жок. Кыргыз ит калпакты кийсе эле намыстанабы? Аталган соода борбору менен уюштуруучулар мыйзам чегинде жоопко тартылабы, көрөбүз. “Жаза катары аталган соода борборуна бойкот жарыялап, барбай коёлу, сабак болот” деген пикирлер да бар. Кыргыз катары буга катуу реакция көрсөтөөрүбүз турган иш. Мындайда патриот болуп, намыстуу болуп дүрбөйбүз. Бирок, символдон да маанилүү болгон жөнөкөй адамдык маселелерде жетиштүү реакция кылбай койгонубуз өкүндүрөт.

Кыргыз болуу бир гана калпак кийип, туу көтөрүү менен аныкталабы? Калпак кийип жүз миңдеген кыргызды тентитип, акыл үйрөтүп, көчөдө какырынсаң, калпак кийип мамлекеттин казынасына, мүлкүнө кол салсаң, тоносоң, өлкөнү карызга батырсаң, калпак кийип үй-бүлөңдү какшатсаң, калпак кийип жолдогу элге ыңгайсыздык жаратып жол тостурсаң, калпак кийип алып бирөөлөрдү эркин пикирин айтканы, жазганы үчүн соттотуп, мүлкүн камакка алдырсаң, башкалардын акысын жегенине көз жумсаң... ушунун баарын көрүп туруп акыйкатсыздыкка, кайдыгерлигибизге эмнеге дүрбөбөйбүз? Калпакчан адамсымал "иттердин" итчилигине неге кайдыгербиз? Калпак кийип эле кыргыз өнүгүп-өсүп кетеби же кулчулук психологиядан арылып кетеби? Эң жакшысы калпаксыз болсок да, адам бололучу дегим келет!

Же сөз эркиндиги чектелип, акыйкатсыз жараяндар болуп жаткан окуяларга кайдыгерлик калпакчандардын мүнөзүбү? Эмнеге дүрбөбөйбүз мисалы. Акыйкатты туу тутуп, бейпилдик орношуна салым кошкон ак калпакчандар көп болсо кана?!

Кыргыз үчүн күйүмүш болгон калпакчан кээ бирөөлөрдүн чыныгы жүзү деле ачылып, жегени кустурулуп жаткан учурлар да жок эмес. Кыргыз кыргыз дейбиз. Бирок өзүбүз толук кандуу кыргыз улуту боло албаганыбызды мындай кой, адам боло албаганыбыздын бир терс көрүнүшүн - Тажикстандын Жергеталынан тарыхый мекенине келген боордошторубуздун балдарын жергиликтүү эле кыргыз балдар ур-токмокко алганын көрүп жаның кашаят. Зөөкүрлүккө барган балдарды жоопко тартуу менен эле маселе чечилип калса сонун болмок. Бирок ошол балдар эмнеге мындай кадамга барды экен деген суроо туулат. Бул балдардын үй-бүлөсүндө ”келгиндер”, “тажиктер”, “кытайлар”, “сарттар”, “аркалыктар” деген жатташтыруу стереотиптери сиңип калган, оо атам замандан. Бул көрүнүш Ошто деле, Чүйдө деле ошондой тилеке каршы. “Келгиндерди” өзүнөн төмөн көрүү же жаман көрүү адаты бар.

Кыргызстандагы “Кайрылман” программасы Тажикстан, Өзбекстан, Кытай сыяктуу өлкөдө жашаган боордошторубузду тарыхый мекенине көчүрүп келүү үчүн иштейт. Жакында эле Кыргыз өкмөтү Памирдеги кыргыз боордоштордун жаштарын Нарынга алып келип жайгаштырды. Албетте, ич жылыткан окуя. Бирок, кайрылмандарды Кыргызстанга көчүрүп, медицианалык кароодон өткөрүп, жер-үй берип эле тим койбой, улуу муундарына бул жака оңоюраак көнүп кетчү шарттарды түзүп, кесиптик курстардан өткөрүп, жумуш менен камсыздап, жаштарын билимге сугаруу менен гана коомдогу кадыр-баркын көтөрүүгө болот. Мамлекет бул иш-чараларды күчтөндүрүп, 5-10 жыл көзөмөлдөсө натыйжа чыгат. Кайрылмандардын билим аркылуу гана баркы көтөрүлөөрүн эске алуу менен бирге, коомдун толук кандуу мүчөсү болуп калышы үчүн жергиликтүү эл менен кыз алып, кыз беришкен даражага жеткирүү кыргыз мамлекетинин чыныгы жетишкендиги катары саналып, чыныгы боордоштук түптөлмөк.

Бирок, иш жүзүндө кайрылман боордоштор бул жака келгени менен коомдун шарттарына көнө албай, социалдык изоляцияда калган учурлар жок эмес. Боордошторубуз келген өлкө менен биздин саясий режимибиз, маданиятыбыз башка. Ошондуктан алардын дароо эле элге аралашып кетүүсү оңой иш эмес. Биз болсо аларга ооз учунан “боордош” дегенибиз менен, анык турмушта аларды пас көрүп, “келгиндер” деп өзүбүзгө жат кылабыз. Бечара боордошторубуз ал жакта да жат, бул жакта да жат сезими менен жашаса абат болбойт. Чынбы?

Билим албаган, алса да бир кесипти үйрөнө албаган, жумушу жок азыркы кыргыздар өздөрү кандай гана жапайы иштерди кылып жатат, өзүңүз таразасыз. Калпакты баса кийип алып, башкалардын сезими менен ойноп, улутчулдукту туу тутуп, бирок ит кылбаган жоруктарды кылган калпакчан кыргыздарга да дүрбөп коёлу. Өз тарыхый мекенине чоң үмүт менен келген кыргызды жат кылгандан, аларды ур-тепкиге алгандан өткөн акмакчылык барбы?

Көйгөй кыргыз калпакты керектүү сыйлабагандыгында эмес, негизги көйгөй кыргыз кыргызды сыйлабай кордоп жаткандыгында. Кыргыздардын баары диалектисине, салт-санаасына, жердигине, уруусуна карабай биздин бир тууганыбыз, бир боорубуз!

Биздин чыныгы көйгөй - билимсиздик, маданиятсыздык, кайдыгерлик, бөлүнүүчүлүк (трайбализм), көрө албастык эмеспи?