Жорум

Бишкекке баары күткөн кар жаады. Кар күрөгөндөргө асмандан сооп жаады

27 декабря 2017 г. 14:23 1205

Жаш балдар менен кары-картаңдар таң атпай көп жүрөт. Бир кадам капталга аттаса, өтүгүнүн кончуна кар шыкалат. Оор карды малтап жүрүп тар өтмөктү эптеп таптап алышкан. Ошол өтмөккө бирөө келип унаасын туурасынан коюп алып, ичинде отурат. Өтүп баратып карасаң, көзүн ирмебей тикирейет – мал!..

Күндө 12-кичирайондон шаардын борборуна жөө келем. Тазараак аба барда кетейин деп эртерээк туруп, обочо жолдорго салып, кыдыңдап жүрүп бир сааттан өтүп калганда жетип келесиң кеңсеге.

Бүгүн эрте турган жокмун. Аба ырайы алмашканданбы баш ооруп калыптыр, дары ичип, кайра жаттым. Антип-минтип чыккыча тогуз болду. Тайгалактан айдабай эле коёлу дегенби, короодо бир топ машине калыптыр.

Кеч чыкканым жакшы эле болуптур, үйдөн алыстаган сайын эл жакшыраак таптаган жолчолор башталды. Ошондой болсо да бир киши өтүп кетчүдөй эле жер тапталган. Алдыдан чыккан улуу-кичүүгө жол бошотуп берсең чолок өтүктүн кончуна кар шыкалат.

Кайсыл ишкана, же соода түйүнү иштеп жатканы калың кар түшкөндө даана билинет экен. Кандай иштегенин да баамдасаң болот.

Кичи базарды аралап баратсаң, ар бир чарчы метрдин кожоюну болгондуктан карды күрөп, шыпырып-тазалап бүтүп калышкан. Айрыкча баары жапа тырмак киришип, бири-биринин аянтын тазалашып, бири күрөп жатса, экинчиси карды жолдун аркы өйүзүнө көтөрө ыргытып жатат.

Жекеби, же мамлекеттикпи, айтор ооруну аныктаган, айыктырган имараттардын, чоң дүкөндөрдүн алды тазаланган, бирок өз аянтынан бир карыш ашыгыраак күрөп коёюн деген жан болбоптур.

Мусулман аткарууга өтө жеңил болгон хадистин мааниси төмөнкүдөй: «Ыймандын жетимиштен ашык бутагы бар. Анын эң жеңили – жолоочуга тоскоол болгон нерселерди жолдон алып коюу».

Бизде, Нарында, короо-жайга жер кенен, ошондуктан үйдүн кире беришин кенен кылып алып, кыш кычап келгенде башыбызга дагы бир түйшүк пайда кылабыз. Бүгүнкүдөй калың кар көргөндө алакандар тим эле күрөктүн сабын издеп кычышат. Азыр кандай сонун күрөктөр сатылып жатканын эстесең ого бетер...

Элдин кыйналып, бири-бирин карап кимибиз жол бошотушубуз керек деп болжошуп кетип баратканын көрүп зээн кейийт. Жаш балдар менен кары-картаңдар таң атпай көп жүрөт. Бир кадам капталга аттаса өтүгүнүн кончуна кар шыкалат. Оор карды малтап жүрүп тар өтмөктү эптеп таптап алышкан. Ошол өтмөккө бирөө келип унаасын туурасынан коюп алып, ичинде отурат. Өтүп баратып карасаң, көзүн ирмебей тикирейет – мал!.. «Гасударства тазалайт» дейин десең саат онго чейин анысы жок болгон соң унутуп эле салгың келет.

Интернеттен кар тазалоо боюнча материал карасаң, баягы эле эле биз кылган иштер. «Жакшы күрөк ал. Учу бырыйып калса түздө, жыгач болуп, учу жанчылган болсо жонуп сал. Кат-кат кийим кий, улам ысып баратсаң тердегенге жеткизбей үстүңкүсүн чечип салып тур. Баш киймиңди тердесең да чече көрбө. Канча эрте туруп күрөсөң ошончо жакшы, балким сүрүп эле саласың, анча калыңдай элек карды...», - дегендей. Бир орус тимеле видео тартып коюптур. «Мына минтип үч тарабынан кертип, сузуп алып мааминтип ыргытасың» деп. Баса, шаарда көптөн бери жашап калган кыргызга жакшы кеңеш бар экен. Кар күрөп баштаарда жана бүткөндө бел булчуңдарын бир сыйра чоюп коюш керек экен. Сооп табат элем деп кокустатып, же сыздатып алып жети күн жатып албайлы үйдө.