Орусия

Кыргыз транзити кооптуу болуп турат

27 декабря 2017 г. 13:58 5772

Жаңы темир жол курулушу бул өлкөдө элдик толкундоолорго себеп болушу мүмкүн

Бүгүн Ташкентте Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушундагы маселелер боюнча министрлердин деңгээлиндеги үч тараптуу сүйлөшүү болду. Бул курулуштун башталышы тууралуу өкмөттөр аралык келишимге 2018-жылдын орто чендеринде кол коюлат. Чынында бул жол биринчи кезекте эле өндүрүмдөрүн Перс булуңундагы портторго жеркирүүнү көздөгөн Кытай менен Өзбекстанга керек. Кыргызстанга болсо өлкөнүн түндүк менен түштүгүн бириктирүү үчүн зарыл.

"Темир жол долбоору сырткы базарга чыгыш үчүн Кыргызстанга өтө зарыл» болгондуктан жакынкы күндөрү Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков транспорт жана жол министри Жамшитбек Калиловго эксперттик топту майда-чүйдөсүнө чейин даярдоосун тапшырды. Курулуштун тезирээк башталышы региондогу пайдалуу жана эффективдүү транзиттик коридор катары Борбордук Азиянын баркын көтөрүүгө салым кошот дейт ал. Бишкек болсо бул жол аркылуу өлкөнүн түндүгү менен түштүгү кошулуп, ошол эле маалда Кыргыз мамлекети Кытай, Алдыңкы Азия жана Түштүк Европа үчүн транзиттик аймакка айланат деп эсептейт.

Анткени менен бул долбоорду колдоочулар болгондой эле, каршы чыккандар да бар. Бир катар эксперттердин ою боюнча, темир жолдун курулушу менен Кыргызстан үчүн Кытай оозунан бал тамызып убада кылган мухит жээктерине чыгуу мүмкүнчүлүгү бизде ансыз деле бар. «Бул жол айланадагы мамлекеттерге тийгизбей буйтап өткөрүп, океан жээктерине Кыргызстанды түптүз жеткирип салбайт да. А Кытайдын өзүнө чыга турган жол Кыргыз Республикасында ансыз деле бар. Айтылган темир жол Кыргызстанга аба-суудай керек деген кеп жөн эле азгырык», - дейт экономист Кубат Рахимов «Независимая Газетага» берген маегинде.

Ушундан улам жолдун дагы бир варианты пайда болгон. Ал «Түндүк-түштүк альтернативдүү жолу» деп аталып калган түндүк менен түштүктү бириктире турган кошумча автожол. Бул пикирге Кытай дароо жооп кылып, Эксимбанк аркылуу жеңилдетилген насыясын (кредит) жалпактап сунуштап жиберген. Анын бир канча бөлүгү «жакшыларды» да кызыктыра турган гранттык колдоо катары көргөзүлгөн. Натыйжада Кыргызстан ал кредитке макул болуп, биринчи траншын өткөрүп алды. Ошону менен калганы жүрбөй турат дейт экономист Кубат Рахимов.

Эксперттин айтуусу боюнча, жаңы темир жол курулушу үчүн Бишкек Пекинге кайра кайрылып, насыя сурашы керек. Долбоор 6-7 млрд долларга чейин чыгат. Кытай болсо андай акчаны мамлекеттин кепилдиги менен берет. Себеби ал жолдун Кыргысзтандын аймагындагы бөлүгү алда канча көп эмгек талап кылат. Бул бир гана республиканын бийик тоолуу аймактарына магистрал төшөө маселеси эмес, андан сырткары жайыттар, айдап-себүү талаалары коромжу болуп, бир канча үйдү, ал тургай бүтүндөй айылдарды көчүрүү сыяктуу калктын кыжырын кайната турган көйгөйлөрдү да козгойт. Ансыз деле жер тартыштыгы курч болуп турган Кыргызстандын түштүгүндө мындай жүрүш элдик толкундоолорго себеп болушу мүмкүн.

«Мындай трансконтиненталдуу жолду ташый турган жүк казынаң болсо анан курганың маанилүү. А Кыргызстан бул жагынан анча деле жакшы эмес», - дейт Рахимов. Ошондуктан Кытайды азырынча альтернативдүү автожолу эле кызыктырат деп белгилейт ал. Анан калса ал арзан да, болгону 1 млрд доллар эле турат. Бул жол Торугарт аркылуу Кашкар менен Фергана өрөөнүн байланыштырат.

Ошол эле маалда эки тарапка жүк өткөрө турган келечек темир жолдун параметрин көргөзүп, актаар-актабасын аныктоого шарт түзөт. Эки тарапка жүк ташуу дегени Кытайдан товар чыгарып, кайра чийки зат киргизүү максаты. «Кытай азыр деле автотранспорт аркылуу кыргыз тоолорунан кен ташып атат. Алар коммуникациянын жоктугунан буга чейин кол суна албай келген кен булактарына жетүүнүн узакка созулган стратегиясынан чыгышты. Мына эми минтип өзүнөн-өзү мүмкүнчүлүк пайда болуп отурат. Эми кен казыналарын колго алуу иштери башталган соң, аларды рентабелдүү, орто рентабелдүү жана жогору рентабелдүү булактар деп бөлүштүрүшөт. Ошондон кийин гана казылган кен байлыктарды масштабдуу түрдө ташып кетүү үчүн жана Орто Азия мамлекеттеринин аймагындагы кен байлыктарын байытуу комбинаттарын логистикалык камсыздоо үчүн темир жол курулушун жигердүү сунуштап башташат деген чоң болжол бар», - дейт Рахимов.

Өзбекстан болсо жаңы түгөтүүчү базарларга ээ болгон соң, альтернативдүү транспорттук жолдорго зар болуп турат. «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу буга чейинки каттамдардан кем пайда тийгизбейт. Кытай менен Европага агылган жалпы жүктүн 15-20 пайызы ушул жолго бөлүнөт», - деп ишенет Орто жана Борбордук Азиянын салттык культура борборунун геокультура жана геоэкономика боюнча мүдүрүнүн орун басары Бахтиер Эргашев. Анын айтуусунда каттамдын Баку – Тбилиси – Карс бөлүгү эчак ачылган. Түркмөнстанга Амударыя аркылуу өткөн темир жол жана авто жол көпүрөсү салынды. Түркменбашы портун заманбапташтыруу иши жүрүүдө. Өзбекстан Камчык ашуусу аркылуу темир жолду куруп койду. «Эми Кашкар – Ош – Анжиян бөлүгү эле калды. Кытайдан чыгып Каспий, Түштүк Кавказ аркылуу Түркиядан нары Түштүк Европа менен Түндүк Африкага кетүүчү жолдун калган бөлүгү бүттү», - дейт Эргашев.

Транспорттук коридор – бул аны бойлой түптөлө турган «өнүгүү уюлдарын» куруу мүмкүнчүлүгү деп эсептейт эксперт. «Эгер жалпы жонунан карай турган болсок, мисалы Ошко өндүрүмгө багытталган эркин экономикалык аймак түптөсө болот. Мындай механизм кайсы регион болбосун өндүрүмдүк өнүгүүгө түрткү болорун Өзбекстандын тажрыйбасы көргөздү» дейт ал.

Виктория Панфилова, Независимая газета

Саресеп: Түндүк-түштүк жолун биз түз жол менен кудага барып, Ысык-Көлгө эртерээк жетип, Сулайман-Тоого сыйынып коюш үчүн эле куруп атабызбы, же чын эле 5-6 млрд доллар карызды (болгондо да үстөгү менен) актай турган мерчемдерибиз, долбоорлорубуз барбы? Эгер жөн гана транзиттик мамлекет болгубуз келсе, анда Торугарттан киргизип Өзгөндөн чыгаруунун канчалык зарылдыгы бар? Килейген Кытайды айтпайын, ушул эле өзбектер тээ тиги Африканы, Европаны ойлоп, ошол жакты мелжеп атса, биз кенедей мамлекетибизди түндүк-түштүк деп бөлө коюп, анан аны кайра бириктире турган темир жол салгыбыз келгени кызык эмеспи? Анча болду Олжобай Шакирдин айылындагы арак ичсе эле чабыша калган Аңгидей менен Карабостон уругун ынтымакка чакыруу үчүн Ысык-Көлдүн үстү менен тең келген салтанат залын салып, эки жүз мамлекеттен конок чакырып, улуу симпозиум өткөрбөйлүбү? Балким ошондо кедейдин бир тойгону орто байыганы болуп ары-бери өткөнгө көкүрөктү чаап мактанып жүз жыл жүз жыл магдырап отура тураарбыз. Ойлонбойлубу ушуну бир...