Ара жолдогу мамлекет

Тез жана ишенимдүү: Роботтор журналисттерди сүрө баштады

26 декабря 2017 г. 17:48 1057

Азырынча роботтор журналисттердин эң тажатма жана кайталанма жумушун жасоодо. Ушундан улам аларга тек гана рахмат айткың келет.

Бара-бара роботтор бизден жумуштун баарын тартып алат дегенди уга берип тажасак да керек. Биринчиден, жамандык тууралуу көп деле ойлоно бергиң келбейт. Экинчиден, алардын өнүгүүсүн карап отуруп, ишти жакшылап өздөштүргөнгө чейин мен пенсияга чыгып кетем деп өзүңдү сооротосуң.

Мисалы, жакында эле кытайлык ойлоп табуучулар кишиге аябай эле түспөлдөш жасалган Жиа Жиа аттуу робот-журналистти эл алдына чыгарды.Чындыгында жасап чыккан кишилер ага атайын кайталанма ат да берип коюшкандай. Wired журналынын түзүүчүлөрүнөн бирөө андан өрнөк катары интервью алды эле, Жиа Жиа аябай такалып, кээде 10 секундка чейин ойлонуп атып бир-эки сөз менен араң жооп кайтарып атты.

Бирок, Жиа Жиа ишке жарамдуулук тестинен өтпөй калганы менен, башка роботтор канча жылдан бери эле журналисттин ордун басып келет. Чынында бул робот дегенибиз маалыматтарды карап чыгып, актуалдуулугун аныктап, кайра текст түрүндө отчет даярдай турган жасалма интеллект менен алгоритмаларды колдонгон компьютердик программалар эле.

Бир эле Associated Press маалымат агенттигинде иштеген алгоритмдер квартал сайын ар кайсы компаниялардын финансылык жыйынтыктары тууралуу 3500дөн ашык макала жазат. Андан сырткары, Рио олимпиадасында бул программалар оюндардын жүрүшүн чагылдырып турган. Бирок ушуну менен эле чектелишсе гана. Баарынан кызыгы, кийин иликтей келишкенде роботтор жазган тексттер ушунчалык сапаттуу болгондуктан, эл аларды кадимки журналисттер жазган макалалардан айрымалай алган эмес. Ушундан улам журналисттик кесип канчалык коркунучта турганын аныктоо үчүн кайсы жагынан жана кандай өзгөчөлүгү менен роботтор кабарчыларды басып өткөнүн түшүнүү керек.

Эффективдүүлүк

Чү дегенде эле автоматташтырууга журналистиканын эң кылдаттык менен структураланган маалыматтарга таандык жагы илинген. Мисалы, финансылык, криминалдык кабарлар, аба ырайы, жол тыгындары жана спорттук кабарлар. Кабарларды автоматташтыруу боюнча Narrative Science менен Automated Insights ишин баштаган. Narrative Scienceтын түзүүчүлөрү мындай автоматташтырууга ушунчалык ишенгендиктен, 2030-жылдары 90 пайыз жаңылыктарды роботтор жазат дешет.

Ишкерлик жаңылыктары боюнча мурда иштеп кеткен журналист катары сүйүнгөнүм, эми компаниялардын кварталдык жыйынтыктары тууралуу макалаларды роботтор жазып, ары кызыктуу, ары чыгармачылыкты талап кылган иштерди адамзатка калтырышат экен. Так ушундай кабарларды автоматташтыруу менен Associated Press финансылык жыйынтыктар тууралуу кабарларды он эсе көбөйтүп, журналисттердин убактысын 20 пайызга чейин үнөмдөөгө жарады.

ЖМКнын ансыз да чектелүү ресурстары үчүн мындай жеңилдик автоматташтыруунун эң негизги артыкчылыгы болду. Мисалы, 2016-жылдагы шайлоо убагында The Washington Post жасап чыккан Heliograf роботу жарым миллиондон ашык жолу басылган (клик) 500 маалымат даярдаган.

Салыштыруу катары, 2012-жылы бул иштин аз гана бөлүгүн аткаруу үчүн төрт журналисттен турган топ керектелгенин айтсак болот. Бул инновациянын The Washington Postтогу жетектөөчүсү Джереми Гилберт айткандай, 30 жылдан ашык тажрыйбасы бар саясий журналистке ушундай стандарт шаблондуу кабарларды даярдатуу бул барып турган кылмыш.

Ошол эле маалда бул басылма өзүнүн роботун атаандаштарына, мисалы Chicago Tribune, Los Angeles Time ж.б. медиаларга киреге берүү менен кирешесин арттырууну каалаган.

Ылдамдык

Бир секунд. Ооба бир эле секунд. Пекиндик университетте иштелип чыккан кытай робот-журналисти өзүнүн биринчи макаласын даярдоо үчүн болгону ушунча убакыт сарптаган. Шаардагы жол тыгыны тууралуу 300 сөз менен жазылган бул материал Southern Metropolis Daily газетасына жарыяланган.

Мындай ылдамдык бир эле маалда журналистикада жана биржа соодасында да жүрүүдө. Мисалы, буга чейин инвестициялык банктар үчүн акция сатып алууга, же сатууга бир канча киши керектелип, кыйла убакыт сарпталса, азыр алгоритмалардын жардамы менен милисекундга жетпеген убакыт жетиштүү. Программа алуу-сатуу чечимин адам уулуна таптакыр салыштырууга болбой турган ылдамдыкта бүтүрөт. Эгер инвестициалык банктардын ичинен эң алдыда турган Goldman Sachs банкын ала турган болсок, ал азыр өзүн технологиялык компания деп эч тартынай айта алат. Себеби анда иштеген 9000 кишинин үчтөн бир бөлүгү инженерлерден жана ойлоп табуучулардан турат.

Жалпы маалымат каражаттары деле соода менен алектенет, болгону алар өзүнө буруп алган элдин көңүлүн жарнак берүүчүлөргө сатат. Ошондуктан аудиториясын болушунча кеңейтиш үчүн ЖМКлар дайыма материалды эң алгачкылардан болуп сунуштап турушу керек. А интернеттин өнүгүшү менен ансыз да оңойго турбаган бул жарыш мурдагыдан алда канча татаал болуп чыга келди.

Тактык

Пресса менен байланышы бар ким болбосун журналисттин да журналисти болорун жакшы түшүнөт. Кимдир бирөө кайсы бир компаниянын пресс-катчысын жактырбай калып, ошонун айынан компанияга кыжынып, терс жактарын издей бериши мүмкүн. А кай бирөө болсо тескерисинче пресс-турларга дайыма ыраазы болуп, баарын эле мактап-жактап жаза берет. А роботто болсо сезим деген жок. Ошондуктан ал материалдарын анык фактыларга жараша даярдайт. Алар объективдүү гана болбостон, макалага кире турган маалыматтын актуалдуулугун да карап, кандайдыр бир өзгөрүү болсо автоматтык түрдө жаңылоо киргизет.

Иликтөөдө белгилүү болгондой, жасалма интеллект менен журналисттин макаласын салыштырганда акыйкаттуулугу, тактыгы, маалымат байлыгы, тең салмактуулугу жана сөз байлыгы менен кишиникинен ашып кеткен. Демек, журналистиканы коомго зарыл кылган бардык маанилүү аспектилер боюнча жансыз жуналист жандуу журналистти дээрлик басып өттү.

Эми робот ката кетирди деген күндө деле, ал кишиге караганда бир эле жолу жаңылат. Андайда алгоритм дароо түзөтүлөт дагы, кийинкиде жасалма интеллект андай катаны дегеле жасабайт. Албетте, бир кишинин көзөмөлү жана үйрөтүү шарты менен.

Мындай ката боюнча эң жакшы мисал 2015-жылы, Netflix өзүнүн экинчи кварталдагы отчетун жарыялаган маалда жүзөгө ашты. Алгоритм менен даярдалган бул макалада компания инвесторлордун ишенимин актабай, акциялары жыл башынан бери 71 пайызга төмөндөдү деп жазылган. А чынында бул мөөнөттө Netflixтин акциялары дээрлик эки эсе жогорулаган. Болгону компания акцияларын майдалагандыктан, робот аны туура эмес түшүнүп калган.

Персоналдаштыруу

Францияда президенттик шайлоо болуп, натыйжада «Алга» партиясынын лидери Эммануэль Макрон өлкөнүн тарыхындагы эң жаш президент болду. Эми элестетсеңиз бул мамлекеттеги 36 000 муниципалдык аймакта шайлоо кандай өткөнүнү чагылдыруу үчүн канча журналист керек эле?

Бирок бул ага чейин эле ишке ашкан. 2015-жылы ошол эле Францияда өткөн региондук шайлоодо Syllabs компаниясы Le Monde газетасы менен бирге болгону төрт сааттын ичинде аймактардагы шайлоонун жыйынтыгы тууралуу 150 000 беттен ашык маалымат даярдап, басылманын сайтына чыгарышкан. Ал тургай 35 кишиден турган чакан айыл эли үчүн өзгөчөлүк да кылышкан.

Окурмандарга мынчалык жакындоо ЖМКлардын келечегин укмуштуудай кеңейтип, ар бир кишини болбосо да, бир канча кишиден турган топтордун кызыкчылыгына чейин көздөөгө мүмкүндүк берет. Мунун натыйжасы менен ЖМКлардын аудиториясын арттырууга жана жарнамадан дагы көбүрөөк акча тапканга шарт түзүлөт.

Мына ушул таң каларлык натыйжаларга карабай, робот-журналисттер азырынча өнүгүүнүн башкы тепкичинде гана турат. 2016-жылы журналистиканы автоматташтыра турган программалардын үстүндө иштеген 11 эле компания бар болчу. Бирок иликтөө менен шугулданган Gartner фирмасынын божомолдоруна таянсак, 2018-жылы бизнес-контенттин 20%ы роботтор аркылуу түзүлөт.

Азыркы кезде роботтор интервью ала албайт, чындык менен какшыктын айрымасын билбейт, ирээти менен берилген маалыматтар болмоюн макала жаза албайт жана дагы эле кайсы бир кишинин камкордугуна муктаж. Анан калса алгоритмдин калыстыгы жана сапаттуулугу аны түзгөн кишилердин түзүү сапатынан да көз каранды. Мисалы, бүгүнкү «Азаттык» порталы түзгөн алгоритмдин макаласы менен «Кечки Бишкек» газетасы түзгөн алгоритмдин макаласындагы айрыманы элестетип көрсөңүз. Азырынча роботтор журналисттердин эң тажатма жана кайталанма жумушун жасоодо. Ушундан улам аларга тек гана рахмат айткың келет.

Тимофей Плец Forbes Contributor