Маданият/Искусство

​Жашооңузга пайдалуу 50 адат

26 декабря 2017 г. 16:16 865

1. Күнүңүздү жылмаюу менен баштасаңыз, мындан өткөн позитив маанай жок.

2. Нанүштөдөн (эртең мененки тамак) мурун 1 чөйчөк суу ичиңиз.

3. Эртең менен чуркаңыз.

4. Тамеки жана алкоголдук ичимдиктерди таштаңыз

5. Жатаардан мурун эртеси күндү мерчемдөөнү үйрөнүңүз.

6. Ар күнү таза жашылча же мөмө жеңиз.

7. Позитив ойлонууга шарттаныңыз.

8. Үңкүйбөй (бүкүрөйбөй) тик, же түз жүрүңүз.

9. Эртең менен турганда физикалык көнүгүү жасаңыз.

10. Ар күнү бирдей убакытта аз-аздан 4-5 маал тамактаныңыз.

11. Лифт колдонбосоңуз өзүңүздү жакшы сезе баштайсыз.

12. Эртең менен душка түшүңүз. Кофеге караганда жакшыраак өзүңүзгө келтирет.

13. Бир убакта уктап, бир убакта турганга аракет кылыңыз. Уйкуңузду бышырыңыз.

14. Күнүгө таза абада сейилдеңиз.

15. Эртеси кийчү кийимиңизди кечинде эле даярдап коюңуз.

16. Жылда бир медициналык текшерүүдөн өтүңүз.

17. Оюңузга капыстан келген кызыктуу, пайдалуу пикирлерди дароо жаза калыңыз. Жазууга мүмкүнчүлүк болбосо телефондогу диктофонго жазыңыз.

18. Күнүгө жетиштүү деңгээлде таза суу ичиңиз. 1,5 литрден аз эмес.

19. Жатаардан мурун бөлмөнү бир сыйра желдетсеңиз жакшы уктайсыз.

20. Күнүгө 15 мүнөт бөлмөнү тазалоого убакыт бөлүңүз.

21. Соода кылып, косметика ж.б. сатып алып, же жөн эле сонун бир фильмди жакшы кишилер менен чогуу көрүп жашоодон ырахат алыңыз. Бул сизге дем берет.

22. Жатаардан мурун бети-колуңузду жылымтык сууга жууп жатыңыз.

23. Чыгымдарыңызды жазып, эсеп-кысабын кылыңыз. Чыгашаларды көзөмөлдөңүз.

24. Жумуштан үйгө келгенде жагымдуу музыканын коштоосунда 15 минута эс алыңыз.

25. Аптада бир баня, же саунага барыңыз.

26. Жеген нерсеңизди ойлонуңуз. Фаст фуддарды же оор тамактарды жебеңиз.

27. Бир апта эт жебей көрүңүз, балким жагып калат.

28. Клавиатураны карабай тергенди (жазганды) үйрөнүңүз.

29. Тактыкка бекем (пунктуалдуу) болуңуз. Айтылган убакытта жолугушууга, же жумушка келип, ишти убагында аткарыңыз.

30. Башкаларга комплимент айтып, позитив чачыңыз.

31. Аптасына 2-3 жолу 1 сааттан спорт менен машыгыңыз.

32. Мээңизди күчтөндүрүү үчүн ыр жаттап, кроссворд толтуруп, шахмат ойноңуз.

33. Күнүнө чет тилден 10 сөз үйрөнүңүз.

34. Күнүнө китеп окууга 30 мүнөт бөлүңүз.

35. Жакшы көргөн кишилериңизге жана ата-энеңизге телефон чалып туруңуз.

36. Йога же жакшы дем алуу үчүн көнүгүүлөрдү жасаңыз

37. Күндөлүк тутуп, жетишкендиктериңизди жана ой-пикирлериңизди жазып туруңуз.

38. Оюңузду кооз жана сабаттуу айтканга аракет кылыңыз. Оозуңуздан чыккан сөздөргө абайлап, сөгүнгөн, каргаган, наалыган паразит сөздөрдү лексиконуңуздан чыгарыңыз.

39. Жакшы көрүнүштөрдү сүрөткө чырк этиңиз.

40. Көзүңүзгө көнүгүү жасаңыз.

41. Күнүгө майы аз быштак, химикатсыз айран, кефир сыяктуу сүт азыктарын жеп ичиңиз.

42. Кара нан жеңиз.

43. Үйдө компьютердин башында 2 сааттан ашык отурбаңыз.

44. Бутту муздак суу менен жууп туруңуз, бутуңузга массаж болот.

45. Сапаттуу косметика гана колдонуңуз.

46. Үйдөгү керексиз буюм же таштандылардан арылыңыз.

47. Ар күнү жаңы, кызыктуу нерселерди үйрөнүп туруңуз.

48. Жаңы жасалган шире (сок) ичиңиз

49. Эс алуу күндөрү табиятка сейилдөөгқ чыгыңыз, жаңы адамдар менен сүйлөшүңүз.

50. Жакшы нерселерди ойлоңуз. Кыялдар чындыктан качуу эмес, чындыкка жакындоо (ишке ашыруу) үчүн бар экенин унутпаңыз.

Жаңы ит жылында ийгилик каалайбызJ