Орусия

​Путиндин «интригасы» Навальныйдын «амбициясы»

26 декабря 2017 г. 16:14 471

Орус саясаты Владимир Путиндин жеке долбоору болуп калды. Калгандары анда «кишинин санын көбөйтүү» үчүн гана керек.

Мамлекеттик гана эмес көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттарына ишенсек, акыркы айларда Орусия бир нече шумдуктуу саясий «интригаларды» башынан өткөрүп жиберди. Владимир Путин качан президенттике коёр экен? Путин өзүн-өзү чыгарабы же «Единая Россиянын» атынан чыгабы? Владимир Путинди президенттик чабышка атказуу «демилге тобу» чогулган имараттын ижарасын ким төлөөр экен?..

Кремль «саакашвили» жана «майдан» коркунучунда

Чындап келгенде эч кандай «интрига» жок. «Орусиянын президентинин шайлоосу» деген да бир нерсе жок. Учурдагы өлкө башчысын жаңы мөөнөткө дайындоо процедурасы жүрүп жатат. Балким акыркы мөөнөткөдүр деп ишене туралы. Муну да Владимир Путин өзү чечет.

Орус журналистикасы, аны менен бирге орусиялык демократия башкалар койгон сөз кылтагына түшүп, жалган маалымат өндүрүүгө өттү. Мисалы, Владимир Путиндин президенттик макамга ат салышуусун «колдоп» чыкчу, же Кремлдин буйругу менен калыс калчу «саясий партиялар» жөнүндө жазып, сүйлөп жана көргөзө башташты. Бирок эч кандай партия жок. Саясий турмуш жана парламенттик демократияны иммитациялоо үчүн Владимир Путиндин администрациясы түзгөн структуралар бар.

«Единая Россия» да эч кандай «бийликтин партиясы» эмес. Бул экинчи ролду ойногон КПРФ жана көпчүлүктү сүрөттөгөн «Родина» же «Гражданская платформа» массовкасынан бир аз жогору турган театралдык премьерлердин жоон тобу гана. Партиянын лидерлери жок. Кремлге жүгүрүп барып, бүгүн түштөнүүгө эмне жейин, кандай костюм кийейин деген кишилер бар. Саясий партиялардын мамлекеттен каржыланышы да ушундай системаны эффективдүү кубаттап келет.

Владимир Путиндин «мураскору» ким болот деген дагы бир «интрига» сыяктуу нерсе бар. Саясий лидердин идеалдык жолун уланткандар (бул демократия үчүн кадыресе көрүнүш) эмес. Владимир Путин башкаруу тизгиндерин өзүндө калтырып, мамлекет башчылыгына дайындап кетчү бирөөлөр. «Мураскор» деген сөздү эң көз карандысыз жана оппозициялык гезит же радиостанция колдонгону саясий талааны бүтүндөй көзөмөлдөгөн учурдагы системаны ого бетер цементтеп берип жатат.

Дагы башка «системдүү эмес оппозиция» деген сөз да оруэлдик фантастиканын туу чокусу. Ал, «чыныгы» оппозиция, коммунисттер айткандай, «инстанцияларда» уруксат берилген системанын бир бөлүгү гана болушу мүмкүн дегендик. Андай болбогондун баары же «майдандарда чуркап жүргөн» «саакашвилилер», башкача айтканда шаардык жиндилер, же ЦРУ жана дүйнө массончулугунун акчасына жашаган «чет элдик агенттер». Анан кайсы акыл-эси бар Орусия жараны мындай оппозицияны колдомок эле?

Путиндин аватары – Никита Михалков

Бул жалган жана жасалма «интригалар» акыркы 10-15 жылда коом үчүн зарыл жана маанилүү болгон саясий атаандаштык маданияты тууралуу түшүнүктү түп тамыры менен жок кылды. Мындай жасалма эволюциянын белгилүү клишеси: «Навальный (Милов, Яшин, маркум Немцов – өзүңүз каалаган кишини коюңуз) президентке (губернаторго, Рамзан Кадыровго, коррупцияга) саясий амбицияларынын айынан каршы чыгып жатат». Мындай амбициясы бар киши жаш балдарды зордуктагандай, же аялын көк ала кылып сабагандай уятсыз жана жийиркеничтүү иш кылган сыяктуу. Эл ушул тарпы чыккан «амбиция» сөзүн чынында «Булар эмне сороктойт? Аларга эмне бизден көбүрөөк керекпи?» - дегендин ордуна колдонот. Учурдагы бийликтин саясий системасы өзүнүн кулчулугу менен сыймыктанган укуксуз кишилердин биримдигинин үстүнө курулган.

Ал система, чын-чынына келгенде, «системдүү» болуудан баш тарткандардан коркот (мен да бул сөздү акыры колдондум!). Анткени «системсиздиктин» дал өзү букаралардын эмес, жарандардын жана коомдун саясий нормасы. Чогулуу эркиндигин талап кылуу – норма. Талапкерлердин арасында мамлекеттик телеэфирди бирдей бөлүп берүү – норма.

Шайлоого аттанаарда программасын Кремлдин коругунун ичинде макулдашпоо – норма. Теледебаттарга азыркы президент баш болгон бардык талапкердин катышуусун талап кылуу – норма. Президент мамлекеттик иштер менен алек болгондуктан, «саясий амбициясы» козголуп кеткен кишилер менен айтышууда Никита Михалков студиядагы Путин экенине макул болбоо да – норма.

Бул текстте тырмакчалар өтө көп болуп кетти. Анткени учурдагы Орусияда көп сөз баштапкы маанисин жоготту. Жана жакынкы жылдардагы негизги интрига (тырмакчасыз) – бул чыныгы маанилер, аны менен бирге чыныгы саясат жана демократия биздин турмушка качан кайтып келээринде жатат.

Константин Эггерт, Deutsche Welle