Экономика

​Жасалма ачарчылык. Мен ага каршы эмне кыла алам?

26 декабря 2017 г. 13:19 528

Азык-түлүк ысырабы – ар бирибизге таандык/таанымал көрүнүш. Ар бир үй-бүлөдө бузулган тамактар ыргытылып турат. Бирок бүтүндөй дүйнө жүзүндөгү азык-түлүк ысырабына карасак, масштабдары эсти оодарат.

Азык-түлүк ысырабы деген эмне? Бул – жегенге жарамдуу болсо да ыргытылган тамак-аш, убагында желбей бузулуп калган азыктар, тамактануу учурунда кесеге ашыкча салынып ашып калган жана кийинкиге коюлбай ыргытылган тамактар, конок чыкырганда ашыгы менен даярдалып, кийин төгүлүп жок болгон азык-түлүк, тамактар. Азык-түлүк ысырабы – ар бирибизге таандык/таанымал көрүнүш. Ар бир үй-бүлөдө бузулган тамактар ыргытылып турат. Бирок бүтүндөй дүйнө жүзүндөгү азык-түлүк ысырабына карасак, масштабдары эсти оодарат.

  • Дүйнөдө жыл сайын адам керектөөсү үчүн иштелип чыккан азык-түлүктүн дээрлик үчтөн бир бөлүгү бузулат же ыргытылат экен. Мунун жалпы көлөмү 1,3 миллиард тонна;
  • Азык-түлүк ысырабы өнүккөн өлкөлөрдө 680 миллиард АКШ долларга жетет, өнүгүп келаткан өлкөлөрдө болсо 310 миллиард долларга жакын сумманы түзөт экен;
  • Жыл сайын бай өлкөлөрдүн жашоочулары 222 миллион тонна азык-түлүктү, тамак-ашты ысырапка чыгарышат, бул көлөм бүтүндөй түштүк Африканын элинин бир жылдык азык-түлүк өндүрүмүнө тете (230 миллион тонна);
  • Европа жана түндүк Америка өлкөлөрүндө адам башына бир жылдык 95-115 кг азык-түлүк ысырабы туш келсе, түштүк Африкада жана түштүк Азияда, түштүк-чыгыш Азия өлкөлөрүндө бул көлөм 6-11 кг түзөт экен;
  • Бай өлкөлөрдө бир кишинин керектөөсү үчүн иштелип чыккан азык-түлүктүн көлөмү жылына 900 кгды түзөт жана бул көрсөткүч эң кедей өлкөлөрдүн орто жашоочусу үчүн өндүрүлгөн жылдык тамак-аштан эки эсе көп (460 кг);
  • Европада ысырап болгон азык-түлүк жана тамак-аштын көлөмү 200 миллион кишинин курсагын тойгузганга жетет;
  • Африканын өзүндө бузулуп ыргытылган тамак-аштар сарамжалдуу колдонулуп, ыргытылбай калса 300 миллион кишиге жетмек;
  • Дүйнөдө ысырап болуп төгүлгөн азык-түлүктүн болгону ¼ бөлүгү сакталып калса, бул көлөм 870 миллион кишини ачкалыктан сактап калууга жетиштүү болмок;
  • Бузулуп ыргытылган азык-түлүктүн ичинде мөмө-жемиштер жана жашылчылар эң жогорку пайызды түзөт. Жалпы дүйнөлүк азык-түлүк ысырабынын 30%ы дан азыктары, 40-50% жер-жемиштер, жашылча жана мөмөлөр, 20% - май өндүрүлчү дан, эт, сүт азыктары жана 35% балык экен;
  • Көптөгөн азык-түлүктөр сырткы көрүнүшүнө басым жасаган ири сатуу борборлорунда көрүнүш стандарттарына туура келбегендиги үчүн ыргытылат;
  • Өнүгүп келаткан өлкөлөрдө жалпы азык-түлүк ысырабынын 40%ы түшүм жыйнап алгандан кийинки өндүрүү жана кайра иштетүү этаптарына туура келсе, өнүккөн өлкөлөрдө жалпы жоготуулардын 40%ы азык-түлүктү сатып алуу жана керектөө деңгээлдерине туура келет;
  • Түшүмдү жыйнап алуу жана аны сактоо учурундагы жоготуулар фермердин тапкан пайдасын азайтып, сатып алуучулар үчүн азык-түлүктүн баасын жогорулатат. Натыйжада бул да чоң ысырапка себеп болот.

Азык-түлүк ысырабы – бул аны иштеп чыгууга сарпталган суу, жер, энергия, эмгек жана капитал сыяктуу ресурстардын да ысырабы. Таштандылардан чыккан газдар да натыйжада климаттын өзгөрүшүнө чоң салым кошот.

Азык-түлүк ысырабын азайтуу үчүн эмне кыла алабыз? Төмөнкү кеңештерди колдонуңуз:

  • Тамак үлүшүңүздү азайтыңыз. Муну бир көндүмгө айлантып, ар дайым кичинекей порциядан баштаңыз. Тойбой калсаңыз, кошумча тамак алууга ар дайым мүмкүнчүлүгүңүз бар;
  • Артып калган тамагыңызды ыргытпаңыз. Аны муздаткычта сактап, кийинки тамактануу учурунда ысытып жеңиз же башка тамак даярдоодо колдонуңуз;
  • Сатып алууда акылдуу болуңуз. Биз ар дайым бузулуп ыргытылганга чейин түгөтө албаганчалык азык-түлүк сатып алабыз. Ашыкча сатып алуулардан сактануу үчүн, сатып алууларды алдын-ала мерчемдеп, дүкөнгө керектүү азыктардын тизмеси менен барыңыз. Дүкөнгө ач карын барбаганга аракеттениңиз, анкени изилдөөлөргө караганда мындай учурларда кишилер көбүнчө ашыкча азык-түлүк сатып алышат;
  • Муздаткычыңызды текшериңиз. Азык-түлүк муздаткычта жакшы жана көпкө сакталуусу үчүн аны туура режимге коюңуз – анын температурасы 1-5 С арасында болушу керек. Муздаткычтын нускамасын окуп, азык-түлүктү муздаткычтын туура бөлүмдөрүндө сактаңыз. Муздаткычты азыктарга толтуруудан качыңыз. Бул электр энергиясын үнөмдөп, иштетилбей бузулуп калган азыктарды ыргытуунун алдын-алат. Дүкөнгө баруудан мурун да муздаткычыңыздын ар бир бөлүмүн карап, эмне бар, эмне жок экенин аныктап алыңыз;
  • FIFO (first in, first out) методун колдонуңуз. Биринчи сатып алынган азык-түлүктү биринчи түгөтүүгө аракеттениңиз. Мурун алынганын жогоруга, же алды жакка жылдырып туруңуз;
  • Азык-түлүктөрдүн жарамдуулук убактыларына көңүл буруңуз. Жарамдуулук убактысы өткөн азыктар менен тамактануу ден-соолук үчүн кооптуу. Андыктан сатып алуу учурунда азык-түлүктүн жарамдуулук убактысын текшерип алуу зарыл;
  • Ысырапты пайдалуу компостко айлантыңыз. Эгерде ушунча аракеттериңизге карабай азык-түлүктүн бир бөлүгү бузулуп, ысырап болгону турса, аны бак-дарактардын азыгына айлантыңыз. Багыңызда атайын компост үчүн бир чуңкурча казып, ага артып, бузулуп калган тамак-аш калдыктарын, мөмө-жемиштердин кабыктарын салып, органикалык жер семирткич жасап алсаңыз болот;
  • Ашыкча тамак-ашыңызды муктаждар менен бөлүшүп сооптуу иш кылыңыз. Сиздин көчөңүздө, микрорайонуңузда жашаган муктаж үй-бүлөлөрдү аныктап алыңыз. Сапаты бузулбаган, бирок ашыкча болгон азык-түлүктөрдү аларга берсеңиз, ысырапты да азайтып, сооптуу иш да кылган болосуз.

Өлкөдөгү ысырапкерчиликтен улам өкмөттөр кредит алып, бүтүндөй элдер карызга батып, экономикалык кризис пайда болот. Жашоонун кымбатташы, айлана-чөйрөнүн булганышы, табигый байлыктардын түгөнүшү – мунун баары көбүнчө ысырапкорчулуктун натыйжасы болот. Андыктан, калктын 80%ын мусулмандар түзгөн өлкөбүздө Куранда “Жегиле - ичкиле, бирок ысырап кылбагыла. Алла ысырап кылуучуларды сүйбөйт” (Куран,7/31) деген насаатты күнүмдүк жашоодо унутпайлы.

Асел Кыргызбаева, атайын “Саресеп” маалымат порталы үчүн

Макаланы жазууда Дүйнөлүк азык-түлүк жана айыл-чарба уюмунун статистикасы колдонулду.