Батыш

​Ар бир бешинчи мусулман иммигрант динди мыйзамдан жогору койгон

26 декабря 2017 г. 10:44 493

Даниянын мусулмандар жашаган жериндеги сурамжылоодо иммигранттар сөз эркиндиги менен дат тилин билүү маанилүү дешкен. Азыраагы диний мыйзамдар демократиялыктан жогору тураарын айтышкан.

Бул изилдөөнү Berlingske уюмунун буйрутмасы менен эл аралык Кantar Gallup компаниясы жүргүзгөн. Сурамжылоого 350 иммигрант катышып, жалпыга билим берүү, аялдардын иштегени, кызтекелик, үйлөнгөнгө чейин жыныстык катнашка баруу, жоолук, сөз эркиндиги, кылмыштуулук, өз баласын уруу сыяктуу суроолор узатылган.

Мында дат бийлигинин көңүлүн бир маселе катуу бурган.

Сурамжылоодо 20 пайыз респондент диний мыйзамдар демократиялыктан жогору деп жооп берген. 19%ы «билбейм» деген же суроого жооп бергиси келген эмес.

«Данияда жашап туруп мындай деш маанисиз, - дейт чет өлкөлүктөр жана интеграция боюнча министр Ингер Стөйберг. – Бул жерде демократиялык мыйзамдар менен жашоо керек. Сурамжылоо алдыбызда канчалык опол тоодой маселелер турганын көрсөткөн».

Социал демократтар партиясынын спикери Маттиас Тесфайе сурамжылоонун эң маанилүү суроосу дин жана демократияга тиешелүү деп эсептейт. «Ал бардык суроонун өзөгү. Сүйүнткөнү, дин менен демократия карама-каршы келгенин Кудай көрүп турат дешкен. Бирок Куран конституциядан жогору деген мусулмандарды экстремисттик көз-караштагы бир чакан топко чейин азайта албайт экенибиз билинди», - дейт ал.

Ашкере оңчулдар фракциясынын төрайымы Софие Нильсен да чочулап турат.

«20 пайызы дин мыйзамдан жогору дегени – чоң проблема. Бул чын эле башкалардан ажырап, параллель кетип бара жаткан чөйрө. Биз бул көйгөйдү активдүү кийлигишип гана чече алабыз», - деген Софие Нильсен, бирок мусулман жарандардын көбү коомдун ажырагыс бөлүгү деп кошумчалаган.

Жооптор мусулман респонденттин көбү демократиялык баалуулуктарды колдогонун билдирди.

91 пайызы аялзаты эркектикиндей эле укукка ээ болушу керек, Данияда жашаган соң датча сүйлөө маанилүү деген. 79% иммигрант ар ким өз жанын өзү багыш керек деп, 74%ы болсо Данияда сөз эркиндиги болгону туура дешкен.

Ошол эле убакта 22 пайыз киши аялдар жоолук кийип, бетин жаап жүрүшү зарыл деген. 24%ы ислам дат коомуна, мисалы мектепке көбүрөөк таасир берсе жакшы болот деп, 45%ы аялдар күйөөгө тиймейин жыныстык катнашка баруусу мүмкүн эмес деген.

39 пайзызы имам менен мечит жеке жашоосунда олуттуу орун ээлээрин айткан.

Дат баалуулуктары боюнча сурамжылоону жетектеген Ольборг университетинин мугалими Мортен Фридериксен: “Бул аймактарда жалпы өлкөнүн баалуулуктарынан айырмаланган принциптер кармалаары билинди. Бирок биз ойлогончолук айырма жок”, - дейт.

Ал 2008-жылкы сурамжылоодо даттардын 40 пайызы баш аламан жыныстык катнашка каршы экенине таянат.

Өз аймактарында жашаган 38 пайыз иммигрант кызтекелик мүмкүн эмес дейт, ошол эле убакта дат калкынын 20% да буга каршы болчу.

Мортен Фридериксен үйлөнгөнгө чейин жыныстык катнашта болуу жана дин менен демократиялык мыйзамдар маселесинде айырма чоң деп эсептейт.

“Бул жерде маселе “маанилүрөөк” деген сөздү кантип түшүнүүдө жатат. Данияда христиандык баалуулуктар мыйзамдарда негизги роль ойнойт. Ушул нерсе жөнүндө айтылып жатабы? Муну тереңирээк изилдөө керек”, - дейт Фридериксен.

Ал жалпысынан алганда, Данияга келген мусулмандын көбү орток баалуулуктарга ооп жатат деп эсептейт. Адамдар тилди билүү, иштөө, сөз эркиндигин сыйлоо, балдарын мекетепке жиберүү, аялдардын укугун сактоо зарыл дешет.

“Дат коомунун бир бөлүгүнө айланууга, бирок ошону менен бирге улуттук жана диний иденттигин сактап калууга көп көңүл бурулууда”, - дейт ал.

Түштүк Дания университетинин Орто чыгыш боюнча изилдөө мугалими Мехмет Несеф 20 пайыз диний мыйзамдар демократиялыктан жогору дегенде шариат айтылып жатканынан күмөн санабайт. Муну «өтө көйгөйлүү» деп эсептейт ал.

«Мени бир нече терс учурлар таң калтырды. Мисалы 13 пайыз киши кылмыш тууралуу полиске билдирбейбиз дейт. Бул көйгөй. 85 пайызы гана балдарын датча сүйлөшү керек дейт. Датча сүйлөбөй туруп дат коомунда кантип жашайсың?», - деген суроо берет ал.

«Өзүнчө бөлүп жайгаштыруу жакшы. Анткени иммигранттар менен качкындар бири-бирин колдошот. Базарда этникалык чыйырлар пайда болуп, алар тезирээк жумушка орношот. Адамдар бири-бирин аңдыганы жаман. Сен өзгөчөлөнө баштасаң, айыпталып калышың мүмкүн», - дейт Мехмет Несеф.

2017-жылдын күзүндө премьер министр Ларс Расмуссен баш болгон дат өкмөтү Даниядагы параллель коом менен күрөшө баштаган. Учурда буга тиешелүү саясий демилгени үч министр иштеп чыгып, 2018-жылы сунганы турат. Чет өлкөлүктөр жана интеграция боюнча министр Ингер Стөйберг сурамжылоонун натыйжасын «терең өкүндүрүүчү» десе, Софие Нильсен: «Сурамжылоодо бул аймактарда жашаган иммигранттардын көбү маданиятына байланыштуу бизден бир аз эле башкача болгону менен, биздей эле жашары билинди. Жалпысынан алар биздин коомдогу чектерди сыйлап, аларды карманат. Параллель коом түзүүгө алып барган тенденцияларга кеңири чабуулду башаганда муну унутпаш керек», - деген оюн айткан.

Маттиас Тесфайе 91 пайыз аялзатынын эркектердикиндей укугу болуш керек деп, бирок 45% кыздын үйлөнүүгө чейин жыныстык катнашта болуусуна каршы деген көрсөткүчкө көңүл буруп: «Бир караганда тең укук тууралуу ойду колдоп жатышат, бирок тереңирээк, мисалы, аялдар жамынып жүрүшү керекпи же кызтекелик жөнүндө суроо берилгенде, демократиялык принциптер анча терең эмес экени билинет. Көбү демократияны кабыл алган, бирок кабыл албагандар да аз эмес», - дейт ал.

Бент Винтер, Berlingske, Дания

Саресеп сайты бул макаланы которуу менен көчүп барган мусулмандар менен тосуп алган дат коомунун диалогуна жана тынчсыздануусуна көңүл бургусу келет. Эки тараптын бири-бирин түшүнүүгө аракет кылып жатканы сурамжылоонун суроолорунда, натыйжаларында жана саясатчылардын реакциясында байкалып турат. Кыргыз коому да мындай сурамжылоолорго жана диалогго муктаж. «Кыргыз коому» дегенде жарандык улут тууралуу айтылып жатат.