Ислам дүйнөсү

Сөздүн күчү: Нааразы кардарды канткенде берилген күйөрманга айлантабыз

25 декабря 2017 г. 18:23 498

Burger Heroes сетинин түптөөчүсү Игорь Подстрешныйдан терс пикир калтыргандар менен кантип иштөө керек жана нааразы кардарлардын доско айлануусу тууралуу

Ачык айтайын, компанияң тууралуу сын пикирлерди угуу, же окуу жагымдуу нерсе эмес, дароо каршы чыгып, айтканы туура эмес экенин далилдегиң келет. Бирок биздин карманган жолубуз – согуштун жолуна түшүү эмес, тескерисинче эң жагымсыз пикирди жиликтөө.

Кокус кимдир бирөөгө кандайдыр бир нерсе жакпаса, анда бул баарын өзгөртүүгө берилген мөрт. Ал эмес ошол пикир айткан кишинин оюн да 180 градуска буруу мөртү. Анан калса бул бирөө менен брендиң тууралуу сөздүн башталышы. А маек башталган соң аны көпчүлүк убакта жагымдуу маанайга буруп кетсең болот.

Андан дагы, сиздин эң чоң сынчыңыз кийин эң берилген күйөрманыңызга айланышы да мүмкүн. Мындай мисалдар биздин башыбыздан көп өткөн. Башында терс пикирде келген кишилер кийин биздин туруктуу кардарыбызга айланган.

Албетте, андай нааразы болгондордун арасында жолубуз бирге уланбагандар да бар. Бирок эми аларга биздин формат жакпаса эмне кылалы. Анткени менен көпчүлүк кардардын калтырган пикирлеринде чындык да бар. Ошондой эле айтылган сынды компания четке какпай, же “эске алынат” деген көнүмүш жооп менен кутула калбай, чындап чара көрүп, айтылган пикирди кабыл алып, ошого жараша бир нерселерди өзгөртсө, анда бул сын айткандар үчүн кандай жагымдуу көрүнүш.

Алардын айткан сыны чатакташуунун себеби болбой, тескерисинче өзгөрүүнүн дем-күчү болот. Ошону менен сынчылар “нааразычылдардан" “жардамчылдарга” айланат. А бул болсо бренд менен биригүүнүн биринчи кадамы. Конокко терс маанай жараткан нерсе өзгөрүлгөн соң, ал жок эле дегенде текшерүү үчүн дагы бир жолу келээри турган кеп.

Мисалы, бизге санитайзер койбойсуңарбы деп көп айтышчу. Бургерлер кол менен желет, а бактериялар болсо самындап жууганда эле кете калбайт. Ушундан улам биз санитайзерлерди жайгаштырдык да көпчүлүктүн ыраазычылыгына кабылдык.

Иш тартиби боюнча да керектүү пикир айтылды. Биз – 11-12ден эрте ачылуунун элге кереги деле жок го дечүбүз. А калтырылган пикирлерди карасак, көп эле киши эртең менен эрте келмек экен. Ошентип биз мурдагыдан 2 саат эрте (9дан баштап) ачылып, нанүштөгө ылайыктуу өзгөчө даамдарды коштук. Натыйжада баары ыраазы болушту. Эл биздеги анча кымбат эмес, бирок тоюмдуу нанүштө үчүн эртең менен эрте кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. А биз болсо кардарлардын көптүгүнөн кирешебизди арттырдык.

Кечки жабылуу убагы боюнча да кызыктар болду. Алгач биз иштөө мөөнөтү түнкү 12 деп көрсөтчүбүз. Анткени менен 23.45-23.50дөн баштап эле бир күндүн эсебин чыгарыш үчүн касса жабылчу. Натыйжада андан кийин келген кардарларды тейлей албай калаар элек. Ушунун айынан канча кишинин шагы сынды. Айрыкча 12ге жетишиш үчүн жан үрөп, шашмалап келгендерге жаман болду. А азыр болсо биз жабылуу мөөнөтү 23.45 деп көргөзүп калдык. Бул башкаларга да убакытты туура болжоого жардам берди. Ал эле эмес, 23.45те келген киши дагы тапшырыгын берип, тамагын ала алгыдай кылдык. Тагыраак айтканда, фирма өзү үчүн аз да болсо жеңилдик берип, формалдуулуктан чыгып атканын көрүп кардардын көңүлүндө жылуулук пайда болду.

Биз күн сайын жазылган пикирлерди карап чыгабыз. Ар бир пикирди рубрикаларга бөлүп (качан, кайда, ким, сындын маңызы, эмне туура эмес жасалды) жадыбалга киргизебиз. Кандай пикир айтылбасын карайбыз. Мисалы “силерди табыш кыйын” дегендерди дагы. Эгер 10 киши ушундай деп жазса, демек 1000 киши сизди таппай калды дей бериңиз. Эми аны орточо дүмүрчөккө, 700 сомго көбөйтсөңүз, жалпы 700 000 миң сом башка жакка кетти дегендик. Ушул сыяктуу сын-пикирлерди карап чыккан соң, биз айтылган көйгөйдү калчап көрүп, чара көрүүгө киришебиз. Мындайда керек болсо бир караганда жөнү жоктой көрүнгөн сындар да ишти кайрадан карап, жакшы жакка өзгөртүүгө чыйыр салат.

Мисалы биздин биринчи бургерканабыз кымбат жерлерге ачылган. Ал жерге көбүнчө шуба кийип, ит жетелеген кыздар келип алып “Ой бул жерде гардероб, официант деген жок турбайбы, ээк!” деп калышчу. Биз болсо “Ээк эмес, оо жакшы табылга” десеңер дечүбүз. Анан өзүбүзчө боло калганда мындайлар бизге кайдан келип атышат деп күлөөр элек. Кийин биз туура эмес жерден туура эмес кардарларды издеп атканыбызды түшүндүк. Натыйжада, орун алмаштырып, кирешебизди арттырдык.

А азыр болсо бизге “өзүбүздүн” кишилер келет жана алардын айтуусу боюнча иш кылуу биз үчүн алда канча маанилүү. Белги болсо эле ар бир нааразы кардар менен байланышып, эмне жакпай калганын аныктайбыз. Анан айтылган сынды анализдеп, чара көрөбүз.

Критиктер менен иштөө – бул өтө кылдат болчу маселе. Сынчынын берген баасы, башка коноктордукундай эле, мекемеңдин алсыз тарабын табууга өтө пайдалуу. Бир гана айрымасы, сынчы дегениң тажрыйбалуу, кадыр-барктуу киши. Ал өз деңгээли менен баарын өйдөдөн карайт. Айткандары катуу тийиши да мүмкүн. Мисалы, жакында эле биздин долбоор боюнча сырттан келген бир журналист өтө жагымсыз сөздөрдү айтыптыр. Биз аябай капа болдук. Бирок, бул абалды да өз пайдабызга бурууга болоорун түшүнүп, анын айткандарын конокторубуз менен маектешүүнүн себепкери катары кармадык. Эмне кылдык дебейсиңерби?

Бизге соцтармактарда катталгандарга кайрылып, болгонун-болгондой жазып абалды түшүндүрдүк. Кайрылуунун аягы болсо “А силерге биздин жаңы долбоор менен жаңы өндүрүм жактыбы?” деген суроо менен бүттү. Мына анан шумдук башталды. Эл айтылган абалга өз баасын бериш үчүн жанагы жаңы даамыбызды татып көрүүгө келе баштады. Албетте, кай бирөөнө чындап эле жаккан жок. Бирок, жаңы өндүрүмдү жактырып, жалпы эл алдында жакшы пикирин айткандар жактырбагандардан көбүрөөк болду.

Ошону менен бирге сын пикирлерди чогултуп алып, алардын жардамы менен рецептти жана даярдоо технологиясын кайра иштеп чыктык. Кыскасы, мурдагыдан да жакшы версиясын ойлоп таптык. Мына, эгер биз биринчи сын айткан кишиге жооп кайтарбай, же “өзүңдү карап алчы” деп отура бергенде эч пайда тапмак эмеспиз, же зыянга учурамакпыз.

Демек, эл оозунда айтылгандай, сын-пикирден чынында эле коркпош керек. Тескерисинче аны туура колдоно билүү маанилүү. Пикирди өз убагында жана тапкычтык менен колдонуунун өтө чоң пайдасы бар. Ушундан улам башкаларга да элди угууну жана эгер алардын айтканы чын болсо, анда кемчиликти моюнга алууну сунуш кылам. Туура эмес жасоо коркунучтуу эмес, аны кайра-кайра кайталоо коркунучтуу. Терс маанайга көңүл бурбоо болсо анык жоготуунун себеби.

Игорь Подстрешный, Forbes Contributor