Экономика

Бизнес-мектептен да жакшы: Иштеген энелер экономикага кандай пайда алып келет

25 декабря 2017 г. 15:17 609

Пулитцер премиясынын лауреаты Кэтрин Эллисондун «Эне интеллекти. Баланын төрөлүүсү биздин аң-сезимди кантип күчөтөт» деген китебинен үзүндү сунабыз

Автордон: «Бала төрөө бардык аялдын акылын азайтат» деген стереотип ушунча тараган дейсиз, ага энелердин өздөрү да ишенип алышкан. Бул штамп илим менен небак жокко чыгарылган. Кичине баланы аба ырайына жараша кийинүүгө көндүрүүдөн бизнес өнөктөштөрдү кымбат контрактка кол койдуруу жеңилирээк. Журналист, Пулитцер премиясынын лауреаты Кэтрин Эллисон энелик милдетке башкача көз менен кароого чакырат. Ал бала төрөө аялзатына кол жеткис артыкчылык тартуулаарын баяндайт.

«Цирктин куполунун алдында топ ойноо» главасынан үзүндү

Стресске кабылганда жана ымыркай бакканда эненин көбү мээсинин бирдей структурасын колдонот десек туура болот. Эң жогорку жоопкерчиликти талап кылган, эсти оодарган жана каныккан тажрыйбасынан улам энелер кесипкөйлүгү койгон мөөнөттөн ашык убакыт коротпойт, бир нече маселени бир убакта чечет, туңгуюктай сезилген абалдан чыгармачылык менен чыгат, негизги эмес нерселер нугунан чыгарып жиберүүсүнө жол бербейт жана чаң-тополоң болуп жатса да бир калыпта кала берет.

Илимий чөйрө энелик менен кесипкөйлүктө ийгиликтүү болуунун ортосунда терең байланыш бар экендиги тууралуу улам жаңы далил табууда. 2003-жылы Уэллсли колледжинин шумдук кесипкөй алтымыш аял тууралуу кеңири баяндамасында алардын 20%ы энеликти «келечектин лидерлери үчүн машыгуучу жай» деп эсептегени белгилүү болгон. Дагы 20 пайызы өзүнүн же сыйлаган кишисинин энеликке окшош стилин баса белгилеген.

Энелер жана кесипкөйлөр колдонгон жөндөмдөрдүн башында тайм-менеджмент негиздерин ийгиликтүү өздөштүрүү келет. «Эне, өрт өчүргүч жана башкаруучу катары мен аргасыздан приоритеттер (эң биринчи жасалчу негизги иштер) менен жонглёрдой ойноп, ыкчам орду-ордуна койгонду үйрөндүм», - дейт Хейес-Уайт. Ага бир жолугушуудан экинчисине кетип баратканда телефондон маек берүүгө туура келди: «Көрсө бул эки иштин окшош жактары көп экен. Эң биринчи кезекте сенин эч качан, эч нерсеге убактың жок экенин түшүнүүң маанилүү».

Time Inc. Компаниясынын мүдүрү Энн Мур радиого берген маегинде иштеген энелердин ыкчамдыгы аларды жакшы кызматкерге айлантат деген ой айтты. «Мен үйүндө ымыркайлары күткөн иштеген энелерди айрыкча жакшы көрөм, анткени алар бир да мүнөтүн текке кетиришпейт, - дейт ал. – Чала укташат, убактылары эч нерсеге жетпейт, ошондуктан чыныгы натыйжага ошолор жетет. Мен алардын канчалык көп нерсеге жетишип жатканына таңгалып бүтө албай келем!».

«Менин кыжырланып, бөлмөдө ары-бери басканга да убактым жок», - дейт Берклидеги Калифорния университетинин биологу, илим доктору, изилдөөчүсү жана мугалими Бибит Траут. Андан сырткары ал он жаштагы эки тестиер уулун тарбиялайт: «Аспирант кезимде биз жөнүндө эмне дешээр экен, биз өтө аз билебиз да деген ойлор мага тынчтык берчү эмес. Эне болгон соң баары бир жетиштүү биле албайм деген ой келди. Ушул ойдун мага чоң жардамы тийди. Мен жыйнактуу жана чечкиндүү болуп калдым».

Трауттун ыкмаларынын бири – чек коюу. Мисалы ал семинарга аптасында белгилүү бир мөөнөт койгон жана ким болсо да бул мерчемин өзгөртпөйт. Ал өзүнө белгиленген мөөнөттө колдон келген нерсени жасоого убада берет. Азыркыга чейин бул принцип жакшы эле иштеп келе жатат. Трауттун башталгыч калсстарга сабак берген күйөөсү Жейсон энелик жубайын абдан өзгөрткөнүн айтат. Азыр ал илимий адабиятты тез жана түшүнүп окуп калды. «Убакыт чектелүү экенин түшүнгөн соң тегеректеги ызы-чуу жок болуп кеткенсийт», - дейт Бибит айым.

«Сезим, туюмдарың күчөйт, - дейт Кэти Мейер. Кэти Мейер Colorado Permanente компаниясынын дарыгери. – Кантип түшүндүрсөм? Мен мурун кардарга суроонун артынан суроо узатып, эмне болуп жатканын көпкө чейин териштирчүмүн. Азыр анын оорусун тез сезип, так аныктай алам». Эненин көп кырдуулугу тайм-менежмент менен шериктеш жөндөм. Ал жөндөмдү аялдар өздөрү да, алардын жетекчилери да жумушчунун өтө баалуу сапаты дешет. Супермаркеттин кассачысы жана үч баланын (алардын экөө өспүрүм, ошондуктан ата-энеси менен бирге турат) энеси Петти Очоанын чек уруп жатып жаңылганын көрбөйсүң. Ал жүздөн ашык товардын кодун жатка билип, аларды баштыктарга салып, ошол эле убакта телефонго жооп бергенинен сырткары дайыма бир нерселерди божураган алуучуларга да көңүл бурушу керек. «Тегерегиң буркан-шаркан кайнап жатканга көнүп калгам. Уруша кеткендерин оор кабыл албайм, - деп күлөт ал. – Мен эмнени айтып жатканымды ар бир эне оңой эле түшүнөт».

Бул Сан-Францискодогу айлана-чөйрө көйгөйлөрү менен алектенген The Natural Step илим изилдөө борборунун президенти Кэтрин Грейге да тиешелүү. Ал бир нече жыл бою өзүн толугу менен жумушка арнаган, 36 жашында уулдуу болду. Баланы Дэвид Кай деп аташты. The Natural Step компаниясы ал кезде жаңы эле өнүгүп баштаган. Грэй ийгиликке жеткиси келчү. Ошондуктан ал дагы эки жыл төрөбөй турсам болмок деп ойлогон. Бирок баласынын башкаруучулук жөндөмүн күчөткөнү жаш энени аябай таң калтырды. Декреттик өргүү учурунда Кай уйкуга киргенде ал үйдү жыйноо менен бирге конференц-кеңешмелерди өткөрүүнү үйрөндү. «Кайра жумушка чыккан соң мен кыйналбай туруп беш-алты топ менен бир убакта ойной аларымды түшүндүм, - дейт Грей. – Кыскасы, тигил жактан бирин, бул жактан экинчисин тебишет, мен мунусун пас берем... Ушу сыяктуу... Баары өзүнөн-өзү эле ишке ашып жаткандай».

Бирок береке тайм-менежмент жана көп тармактуулук менен гана чектелбейт. Энелик жетиштүү маселелер боюнча жалпы иш-билгиликти арттырат. «Апалар пайдалуу нерселерди дайыма жасап жатканын коом билсе аларга канча төлөп берээр эле» деген темада Энелер күнүндө көптөгөн макала чыгат. Edelman Financial Services фирмасынын төрагасы Рик Эдельмандын жылдык обзорунда бул тууралуу эң күчтүү баалар берилген. Анын баамында активдүү эненин ар бир жасаган иши үчүн чындап жылдык маяна чегерсең, ал 635 миң долларга жетиши мүмкүн. Бул дагы бала кароо, тамак даярдоо, үй тиричилиги, үйдөгүлөрдү кароо, эмизүү, каражатты эсептөө, тартипке салуу, үй тапшырмаларына жардам берүү сыяктуу зарыл нерселерди санаганда гана. Жалпысынан маселе баарыбызга эле түшүнүктүү болуш керек.

«Мен төрөгөнгө чейин өзүм түзгөн мерчемдер менен жашаганга анча кызыкдар эмес болучумун, - дейт аялдардын лидерлиги боюнча Редвуд-Ситилик (Калифорния) эксперт Рэйона Шарпнэк. – Бирок бир эле аптанын ичинде конференцияны ачып, семинар өткөрүп жана кызымды велосипед тепкенге үйрөтүүм керек болгондо, мүмкүнчүлүгүңдү аргасыздан арттырасың!».

Forbes Woman редакциясы, Forbes Staff