Орусия

Kloop.kg: «Самара» тууралуу иликтөөгө бийлик кандай реакция кылды

23 декабря 2017 г. 16:11 872

Кыргызстандын бийлиги «Самара» тууралуу иликтөөгө түрдүү мамиле кылды. Мамкаттоо – мойнуна алган жок, мамлекет жетекчилиги – бул маселени чечебиз деп убада берди. Ушундан улам Kloop.kg бардык бийлик бутактарынын реакциясын бир материалга топтоду.

28-октябрь 2017-жыл. Мамкаттоонун биринчи реакциясы

Мамкаттоо 48 саатка созулган ички иликтөөдөн кийин алардын серверине чабуул болбогонун жана samara.kg деген сайт аларда такыр катталбаганын билдирди.

«Веб-серверлерде эч кандай жеке сайт болгон эмес жана маалымат казынасы (база данных) жалпыга ачык туруусу мүмкүн эмес. Анткени маалымат коопсуздугу боюнча саясат ушуну талап кылат», - деген Мамкаттоо.

Мекеме Kloop.kgнин макаласы «чындыкка дал келбейт» деп билдирүү таратып, катасын мойнуна алуусун талап кылды. Бирок редакция мойнуна албай турганын билдирген соң Мамкаттоо сотко берерин айтты.

30-октябрь 2017-жыл. Жээнбековдун үгүт штабынын мурунку жетекчиси: «Самараны» колдонгон эмеспиз

Жээнбековдун мурунку штаб жетекчиси, азыркы кезде президенттик аппаратты жетектеп турган Фарид Ниязов «Самараны» колдонушпаганын айтып, «кимдир бирөөнүн провокациясы болсо керек» деген пикирин айтты.

«Бул штабдын ишине эч кандай тиешеси жок экени турган кеп. Менин байкашымча ал жөн гана кимдир бирөөнүн, Кыргызстанда ушундай демократиялуу жол менен таза шайлоо өтүп атканын көрө албаган бирөөнүн провокациясына көбүрөөк окшоп турат», - дейт ал.

Ниязов социал-демократтар «Самара» боюнча маалыматты иликтеп атканын кошумчалаган.

1-ноябрь, 2017. Мамкаттоонун пресс-катчысы расмий суроо аркылуу гана сүйлөшүүнү суранды

Редакция бул тууралуу материалды өчүрбөй турганын билдирген соң Мамкаттоонун пресс-катчысы Мелис Эржигитов журналисттердин коңгуроосуна бир жумадан ашык жооп бербей жүрдү.

Ал алдыда журналисттер менен сот алдында гана сүйлөшөөрүн жарыялады. Бирок кийинчерээк иштин жүрүшү өзгөрүп, журналисттерден ар бир суроону расмий жиберүүсүн өтүндү.

А иликтөөнүн жыйынтыгын билдирүү боюнча расмий кайрылууга Мамкаттоо терс жооп берип, бул конфиденциалдуу (жалпыга чыгара берүүгө болбой турган, сырдуу) маалымат экенин айтты.

20-ноябрь 2017-жыл. Мурунку президент Алмазбек Атамбаев: УКМК «Самара» боюнча иликтеп жатат, жана анын жыйынтыгы Kloop.kgге терс чыгып калышы мүмкүн

Президенттик ордунан кеткен Алмазбек Атамбаев акыркы пресс-конференциясында УКМК «Самара» боюнча иликтөө жүргүзүп атканын айтты. Бирок ал өзгөчө кызматтын иликтөөсүнүн натыйжасы Kloop.kg басылмасына каршы келип калышы мүмкүн экенин, материал болсо «провокациялуу» экенин кошумчалады.

««Клоопчу» жолдоштор, мына эми УКМК өзү ишке киришти. Жана ал жагдай такыр эле Сооронбай Жээнбековго эмес, так ушул силер жакка бурулуп калышы мүмкүн, көрөсүңөр го. УКМК муну менен иштеп атат. Бул атайын провокация, уюштурулган... Келгиле иликтөөнүн жыйынтыгын күтөлү», - деди Атамбаев.

Өзгөчө кызматтар болсо «Самара» боюнча иликтөө жүрүп атканын Kloop.kgге тастыктап, бирок толук маалымат берүүдөн баш тартты. УКМКнын пресс-катчысы Рахат Сулайманов иликтөөнүн жыйынтыгы чыгаары менен жалпыга жарыяланаарына ишендирди.

7-декабрь 2017-жыл. Премьер-министр Сапар Исаков: «Самара» шайлоого таасир эткен эмес дейт. Kloop.kgнин иликтөөсүн текшерүү уланууда

«Таза коом» электрондук программасын жетектеген премьер-министр Сапар Исаков (бул проект да так ошол «Самара» жайгашкан серверде турган) текшерүү жүрүп атканын жана samara.kg Мамкаттоонун серверинде болгону азырынча далилденбегенин билдирди.

Анын айтуусу боюнча, текшерүүдө биринчи кезекте эле «Самара» шайлоо процессине таасир эттиби жана Мамкаттоонун системасына сырттан киргендер болду беле деген маселе көтөрүлдү.

«Бул иш менен шугулданган эксперттер, адистер системага сырттан аралашкандар болгон эмес дегенди бир ооздон айтып, далилдешти. Тагыраак айтканда системага сырттан эч ким кийлигишкен эмес», - деди Исаков.

Ал эгер «Самара» өкмөттүк серверде турганы жана кандайдыр бир кесепети тийгени далилденсе, анда күнөөлүүлөр сөзсүз жазаланаарын билдирди.

«Эгер иликтөөнүн жыйынтыгында, муну жасоо туура эмес экени жана абалды мынчага жеткирүүнүн кереги жок экени билинип, мындан кандайдыр бир зыян келгени айкындалса, анда ошого жараша жаза да чектелет», - дейт ал.

14-декабрь, 2017-жыл. Мамкаттоонун биринчи пресс-конференциясы: Далилдерди бере албайбыз, бирок «Самара» серверде болгон эмес

Kloop.kgде иликтөөнүн биринчи бөлүмү жарыялангандан бир жарым ай өткөндөн кийин Мамкатоо «Самара» боюнча биринчи пресс-конференциясын өткөрдү.

Пресс-конференциянын жүрүшүндө «Инфокомдун» маалыматтык системасынын жетекчиси Эрик Табалдиев ички иликтөөнү Мамкаттоонун бардык департаменттериндеги «өз ишин билген адистерден» турган комиссия жүргүзгөнүн айтты.

Анын айтуусу боюнча, алар «бардык логдорду» (сервердеги бардык колдонуучулардын кылган иштерин каттаган текст куржундар (файлдар)) карап, эч нерсе таба алышкан эмес. «Бул эки доменге таандык (samara.kg менен mls.kg) эч кандай иш-аракет, эч кандай жазуу табылган жок», - деди Табалдиев.

Андан сырткары «Самараны» өкмөттүк серверге жайгаштыруу боюнча кызматкерлердин арасында да эч кандай ички кутумчулук болбогонун кошумчалады.

«Кандайдыр бир кызматкер, же эки-үч кызматкер келишип алып ишти кылып, анан кайра аны тазалап таштагандай шек дагы табылган жок», - деди «Инфоком» маалыматтык системинин жетекчиси.

Мамлекеттик Каттоо кызматынын борбордук аппаратынын укуктук камсыздөө бөлүмүнүн башчысы Кубат Черикчиев редакциянын журналисттери «Самараны» эмнеге алардын серверинен табышканы боюнча төмөнкүдөй пикирин айтты.

«Текшерүү комиссиясында кайсы бир кара өзгөйлөр балким коопсуздук системасын бузуп, фальсификациялоо жана өзүнүн чыныгы дарегин жашыруу максатында Мамкаттоонун ip-адресин колдонууга аракеттенсе керек деген божомол да бар», - деди ал.

Ал күнү Черикчиев журналисттик иликтөөнүн авторлорун Мамкаттоо сотко берээрин дагы бир жолу убада кылды. Бирок, арыз кайсы күнү жазыларын так айткан жок. Мамкаттоонун статс-катчысы Данияр Бакчиев дагы кайсы бир коомдук салтанатта сотко беришерин айткан.

Анткени менен Эржигитов дагы, Бакчиев дагы, Мамкаттоонун өзү да Kloop.kgнин журналисттери көргөзгөн далилдерге каршы бир дагы контр аргумент айта элек.

Ошол эле пресс-конференцияда Мамкаттоого Kloop.kgнин журналисттери үстөккө-босток суроо жиберип, чабуул коюп атат деп кине койду. Ошону менен бирге мекеме журналисттер менен сүйлөшүүнү токтотуп, суроолорун расмий кат аркылуу гана жиберишин сурады.

«Мына ушул аягы үзүлбөгөн суроо талаптар менен белгилүү бир маалыматтык сайттан келген бузуку кызыкчылыктар биздин тынчыбызды ала баштады», - дейт Черикчиев.

14-декабрь, 2017-жыл. «Кабар» «Самара» тууралуу макаладагы цитатаны бурмалады

Пресс-конференциядан кийин дароо эле «Кабар» мамлекеттик маалымат агенттиги ««Азия Инфонун» өкүлү «Самара» Мамкаттоонун системасынан сырткары иштеген деди» деген цитатасы бар материалды жарыялап жиберди. Бирок «Азия Инфонун» кызматкери мындай сөздү айткан эмес.

19-декабрь, 2017-жыл. «Кабар» цитатасын оңдоду

Kloop.kgнин журналисттери менен сүйлөшүшкөн соң бир канча сааттан кийин “Кабар» цитатасын өзгөрттү, бирок материал баары бир түшүнүксүз бойдон калды. Себеби макаладагы оңдолгон цитатанын алдында «Кочанов аталган мекеменин адистери Мамкаттоонун системасынын иштөөсүн ичкериден иликтөөгө алышты дейт» деп жазылган бойдон калган.

Чынында Кочанов пресс-конференцияда мындай сөз айткан эмес, а «Азия Инфо» Мамкаттоонун системасындагы ишти иликтөө менен алек боло албайт. Себеби ал жерге кирүүгө уруксаты жок. Мамкаттоонун системасы бекем жашырылган жана ал