Жорум

Басынып, болбогурларга баш ийүү менен бейпилдикке жетүүгө болобу?

23 декабря 2017 г. 13:22 713

Баш мыйзамдын атасы делген Өмүрбек Текебаев 59 жашын түрмөдө тосту. Украин соту өз президентине каршы чыккан Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвилини актап, сот залынан бошотту. Биз бүгүнкү турмушка болбогур бийликке моюн сунуу менен жеттикпи, же ага каршы чыгуу аркылуу кедикпи?

Михаил Саакашвили жакынкы жылдары эле украин жарандыгын алып, Одесса облусунун губернатору болуп иштеген. Кийин арам кекиртектердин айынан макамын тапшырып «Жаңы күчтөр кыймылын» түзгөн. Украин президенти Порошенконун жарлыгы менен жарандыгы алынганына жана атайын аскерлердин каршылыгына карабай Украина-Польша чек арасынан украин жаштарынын жардамы менен өтүп Украинага кирди. Киевдеги батиринен мамлекеттин спецназы сууруп чыгып машинеге салып бара жатканда киевдиктер полистердин колунан сууруп алды. «Орустардан төңкөрүш үчүн акча алды» деген кине менен иши сотко өткөндө, сот айым далилдер менен күбөлөрдүн жоктугунан сот залынан бошотуп жиберди.

Нарын Айып агабыз болсо «Текебаевди каматып коюп сызга отурдук!» аттуу 22-декабрда жазган макаласында: «Текебаевди каматып коюп чыдап отурдук» аттуу 22-декабрда жазган макаласында «Бүгүн Өмүрбек Текебаев 59 жашын түрмөдө тосуп жатат. Анын соту кандай өткөнүн, пара бердик деген күбөлөр көрсөтмөлөрүндө кантип тантыганын, Москвадан акча алып келди деген кишилер Бишкекке жеткиргенин моюнуна албаганын баарыбыз көрдүк... Бакыйган саясатчы эмес, катардагы жаранды да мындай айыптоо менен доого жыга албайсың... Көрсөтмө берип жаткан күбөлөр айткан далилдери жалганга чыгып калаарынан чочулаган жок. Бишкекте аларды кызыл килем менен тосуп алып, өткөргөн пресс-конференциясынын акысын төлөп беришти. Учурда урап түшкөн «Белизгейт» үчүн бирөөсү макамынан кетмей болгонун эч ким эстебейт... Корккон коомдун көрсөткүчү болгон Жогорку Кеңештин дудук жана эрксиз парламенттик комиссиясы «Белиз» боюнча да, «Боинг» боюнча да эч нерсе айта алган жок... Текебаев менен Чотоновду атайын баарына көрсөтүп, коомдук пикирдин бетине түкүрүп, укукту ыплас өтүгү менен тебелеп, кесепетин тартып калам деп ойлобой туруп айыпка жыгышты... Мындай соттордун, прокурорлордун укук коргоо кызматкеримин деп, адаммын деп айтууга моралдык укугу жок», - деп агынан жарылган.

Учурдагы кыргыз коому менен украин коомунун абалы ушундай.

Киевде бөтөн эл, бөтөн жерден келген грузин жигитке каршы украин арзыматтары украин сотунда күбөлүккө өтүп, ишендире албай, акыры сот залынан судья айым бошотуп жиберди. Анткени сыртта акыйкатты талашкан, басынбаган, болбогурларына баш ийбеген калың эл турат. Бул эл Михаил Саакашвилиге гана эмес, украин журналисттеринин жана украин сотунун аркасына туруп берди.

Бишкекте сырттан келген жалганчы күбөнүн көрсөтмөлөрү менен эрдемсинген эркек таана сот өз эли, өз жеринен чыккан саясатчы, журналист жана коомдук ишмерлерди айыпка жыгып, абакка каматып, мүлкүн камап, миллиондогон сом айып пул жүктөп жатканы жаткан. Анткени сыртта көр тиричиликтен башы чыкпай, бири-биринин жолун торогон, той-торополордо ныксыраган, «болбогурларды мактап, тынч күн өткөрө береличи» деген эл...

Бул эл журналисттерине «саясаттан башка нерсе эле жазбайсыңарбы» деп атырылат. Өзүнө пайдалуу чечим чыгартыш үчүн сотун аукционго айлантып алган. Мындай эл келечекте ичинен далай болбогур чыгарарынан эч күмөнүңүз болбосун.

Бейпилдикке ушул жол менен жеткем десең, кайран кыргыз, Манасыңды жаап, өз тарыхыңды изилдебей, чачыңды тысырайта алып, төөнүн суу терисин башыңа кие бер. Ал «бөрк» сага куп жарашат.