Кытай/Индия

​Габриэль Гарсиа Маркес жана «Жалгыздыктын жүз жылы»

22 декабря 2017 г. 22:06 1048

Келечекте Нобел сыйлыгынын лауреаты боло турган колумбиялык жазуучу Габриэль Гарсиа Маркести атак-даңкка так ушул «Жалгыздыктын жүз жылы» романы жеткирген

Бул романдын адабияттагы таасири ушундай чоң болгондуктан New York Times газетасы аны «Бе-Решиттен» (Мусага түшкөн 5 ыйык китептин биринчиси) кийинки эле бүткүл адамзат сөсүз окучу китеп» деп жиберген.

Анткени менен аны баары эле ошондой бийик санай берген эмес. Мисалы британдык жазуучу Энтони Поуэлл бул чыгарма тууралуу «өтө эле жөнөкөй жана өзүн укмуш сөз тапкыч саноо менен сөздөн сөз чыгарылган» деп сынаган. Бирок жазуучунун жаңычыл стили жер бетиндеги көпчүлүк окурмандарга жаккан.

Айтмакчы, Маркес 1928-жылы Колумбиянын түндүгүндөгү Аратака аттуу жакыр шаарчада туулган. Кийинчерээк ал өзүнүн балалыгы тууралуу «Жашоону баяндоо үчүн жашоо» деген мемуарында жазып кеткен.

Маркес бала кезинен тартып эки жарандык согуштун ветераны, өргүүгө чыккан полковник чоң атасынан саясат тууралуу угуп чоңойгон. Үйдө айтылган ар кандай уламыштар менен окуялар келечекте чоң жазуучу болушуна опол тоодой салым кошкон.

Чоң энесинен болсо элдик уламыштар, ырым-жырымдар жана жашаган жеринин таза тилин үйрөнгөн.

Ал небересине өтүп кеткен ата-бабалары, арбактар тууралуу айтып берип, кийин жазуучу ошонун баарын атактуу романына колдонгон.

Гарсиа Маркестин 23 жашта америкалык жазуучу Уильям Фолкнердин күчтүү таасири астында жазган биринчи романы коомчулукту катуу дүрбөткөн.

Колумбия улуттук университетти бүтүргөндөн кийин адвокаттык карьерасын баштап, бирок көп өтпөй журналистика жана адабият үчүн жумушун таштаган. Ошону менен бир канча жыл бою Европада, Кубада жана Мексикада корреспондент катары эмгектенген.

1965-жылы Габриель Гарсиа Маркес унаасы менен Акапулького баратканда ага «сыйкырдуу реализм» тармагына ачылыш жасаган «Жалгыздыктын жүз жылы» романынын биринчи бөлүмү тууралуу ойлор келет.

Натыйжада ал унаасын шарт буруп үйүнө барат да, үй-бүлөсүнө таандык бүткүл көр тириликти, кем-карчты аялына жүктөп таштап, өзү кагаз-калемге баш оту менен кирет.

18 айдан кийин өз эрки менен камалган «үй түрмөсүнөн» чыкканда үй-бүлөлүк карызы 12 миң долларга жетип калган болчу. Дагы Кудай жалгап анын колунда келечекте латын америкалык адабиятын дүңгүрөтө турган 1300 барактан турган феноменалдуу текст бар болчу.

Ошону менен чыгарманын испан тилиндеги биринчи басылышы бир жуманын ичинде сатылып кетти. А кийинки 30 жылда ал 30 миллиндон ашык нускада басылып, 30дан ашык тилге которулду.

«Жалгыздыктын жүз жылы» тууралуу пикирлер

Семенихина Марина

Менин китеп тууралуу айтаарым – укмуш! Китепти сүйүп калдым. Анда бойок дагы, азил дагы, жашоо дагы, кубаныч да, кайгы да ушунчалык көп. Китеп эмес эле чалкыган мухит. Ал мен үчүн ыр дагы, бий дагы, жомок дагы болду. Баса, аны акылга салып окуштун кереги жок. Ии анан пуритандар менен консерваторлор алысыраак эле болушун сунуштайм.

Вергелис Мария

Муну сандырактык дегендерге боорум ооруйт. Гениалдуу чыгарма. Менин тээ мектеп курагыман берки сүйүп окуган чыгармам. Дагы-дагы окуй берем. Классикалык котормосу менен окугула. Биринчи беттен эле көңүлү калган жана бекер эле убакыт коротупмун дегендер, көчө адабиятына өткүлө. Кудай бербеген соң чабалактап эмне кыласыңар.

Самуйлова Катя

Жазыш үчүн жумушун таштап, үй-бүлөсүн карызга батырган чыгармасы үмүтүн актады. Романдын аты эле чыгарманын өзөгүн көргөзүп турат. Мында айтылган бардык каармандар жалгыздыкта. Окуя өткөн Макондо да башка дүйнөдөн алыс калып жалгыздыкта турат. Негизи сыйкырдуу реализм менен жазылган. Чындык да бар, ойдон чыгарылган апыртма да бар. Анан калса фантастикалык окуялардын баары эле чынында акылга сыярлык адаттагы нерселердей берилген. Чыгарманын сапаты сонун, окууну сунуштайм.

Abaturov:

Мен бул китеп тууралуу жаза турган сөзүмдү таппай атам. Ал тууралуу кандай айтаарымды да билбейм. Аны бир сөз менен сыпаттап, мүнөздөмө бериш үчүн сын атооч табылбайт. «Жалгыздыктын жүз жылы» мага кандай таасир эткени тууралуу бир гана айтаарым – мына аягына чыкканыма канча саат болду, а мен болсо дале андан башка эч нерсе ойлоно албай отурам. «Жалгыздыктын жүз жылы» мени муздак алаканы менен жаака чаап, алка-жакадан алып тозокту аралатып, башыман ылдый шыргалаң суу куюп, анан силкип-силкип отургузуп койду...

ЖАЛГЫЗДЫК. Бул кандай коркунучтуу. Ушунчалык коркунучтуу, жөн гана отур да сырттан жамгыр төккүчө топурактан бурдап-бурдап сугун. Анан кайра башынан, кайра башынан, кайра башынан... анан бүттү. Эх.. Азыр өз сөзүмө өзүм ээ боло албай атканым кандай өкүнүчтүү.

Malasla:

Мен жеринен эле китепти кайталап окуй берем. Бирок ушул «Жалгыздыктын жүз жылын» баарынан көп окусам керек. Себеби мен дүйнөдөгү эң көркөм башталган жана бир башкача жазылган бул окуяны аябай жакшы көрөм.

«Арадан көп жылдар өтөт. Полковник Аурелиано Буэндиа өзүнө атыла турган окту күтүп дубалдын түбүндө туруп тээ илгери атасы музду көрүш үчүн ээрчитип алган кечти эстейт. Макондо ал кезде чопо менен камыштан салынган он-жыйырма кепеден турган айыл болчу. Камыш байыркы жумурткадай болгон аппак жумуру чоң таштуу, туптунук суу аккан сай жээгинде өсчү» деп башталат чыгарма. Бул фразалар көңүлүмө кыттай уюп калган...

Мен кичине кезде Маркестин каармандарын бутактатып жазып алып окубасаң чаташып каласың деп коркута беришчү. Бирок алар жаңылыптыр. Чынында андагы каармандар бири-биринен таптакыр айрымаланып турат. Мисалы сүйүүсү үчүн тагдырын баталгага коюп, бүтүндөй шаарды түптөгөн кыялкеч Хосе Аркадиону, денесине туш келди сүрөт чектирип алган Хосе Аркадиону балдар менен акчаны ашкере сүйгөн жана үмүтүн актай бергенди жактырбаган Хосе Аркадиону чаташтыруу кантип мүмкүн болсун?

Мага баарынан да полковник жакты. Отуз эки жолку ишке ашпаган көтөрүлүшү үчүн эмес, же төрөлгөндө эле көзү ачык бойдон төрөлгөнү үчүн да эмес. Ал тургай өтө оор абалдардан суурулуп чыгып кете турган сейрек кездешчү тапкычтыгы менен да эмес. Мен аны алтын балыктарды жасай бергени үчүн жактырдым. Кунт коюп угуп көрсөңөр, ал алтын балыктарды жасачу. Балким менин бир нерселерди балык менен кооздой бергеним да так ошондон калгандыр...

Кыркчилтен Саресеп