Борбор Азия

​Кытайлар өздөрүнүн тез татым кесмесин эмнеге жактырбай калышты

22 декабря 2017 г. 19:56 1065

Тез татым кесмесин жегендер Кытайда дайыма көбөйүп келген. Ал аябай арзан, тез даярдалат жана сактаганга да ыңгайлуу. 2013-жылы Кытай эл республикасы менен Гонконгдо 46,2 млрд куту тез татым кесме сатылган.

Бирок 2016-жылы сатыш 38,5 млрд кутуга чейин төмөндөп кеткен, башкача айтканда 17%га азайган.

Анткени менен башка мамлекеттерде сатылган кытайдын тез татым кесмесинин өтүмдүүлүгү ошол бойдон калганын көргөн серепчилер бул феноменди кандай жоруш керегин билбей калышкан.

Мунун бир нече түшүндүрмөсү айтылып жүрөт, бирок кесменин сатылышы туралуу маалымат кытай коомунда олуттуу өзгөрүүлөр болуп жатканынын белгиси дегенге баары макул.

Талаптар жогорулады: кытайлар сапаттуу тамактангысы келет

Мындай кесме аябай тез даярдалат. Кайнак сууга кесме, кургатылган жашылча, эт жана кичине соус кошулат.

Бир караганда даамдуу сезилгени менен, кытайлар бул жөнөкөй тамактан тажап, кызыктуураак бир нерсе талап кыла башташты деген түшүнүктүү божомол айтылууда.

«Тез татым кесменин сатуудагы азаюусу Кытайдагы керектөөдө өзгөрүүлөр башталганынан баяндайт, - дейт Кытайдын эл аралык соодага көмөктөшүү кеңешинин кызматкери Жао Пин. – Керектөөчүлөр жөн эле курсакты кампайтып алууга эмес, өндүрүмдүн сапатына көбүрөөк көңүл бура башташты».

Калктын кайтуусу: айылдыктар кайра кетип жатат

Миргант-жумушчулар мындай кесменин эң көп керектөөчүлөрү деп эсептелет. Ойлонуп көрсөң чын эле акылга сыярлыктай. Алар үйлөрүнөн алыстап, чакан жерлерде жашашат. Тамак бышыруу ыңгайсыз, андан сырткары үйгө көбүрөөк жөнөтүү үчүн акчаларын үнөмдөйт.

2014-жылга чейин ири шаарга көчкөн кытай дыйкандар жыл санап көбөйүп келген.

Бирок акыркы эки-үч жылда кайра тескери тенденция байкалат. Былтыр кытай шаарларында жашаган мигранттар 2015-жылга караганда 1,7 млн кишиге кыскарган.

Бул статистика кытай кесмесинин сатылышына таасир бербей койбойт.

Жолго кеткен убакыттын азаюусу

20 жыл мурун өлкөнү кыдырып жүргөнүмдө мен көбүнчөсүн дал ушул кытайдын тез татым кесмеси менен азыктанууга көнгөм. Аны менен курсак тойгузганча унаа күтүп убакыт өткөрчүмүн. Анткени кээде жолго үч, же андан да көп күн кетчү.

Поезд силкинип жүргөндө, же кетип баратып секиргенде ысык кесме колума, бети-башыма жабылчу.

Андан бери Кытайда темир жолдор бир топ жакшырды. Станцияларда болсо бир гана салттык кесме эмес, ар түркүн тамак-аш сунуштап калышты.

Андан сырткары Кытайда учак каттамы да катуу өнүгүп баратат. Миллиондогон кытай поезд менен кеткенден көрө учакка билет алышат.

2016-жылы кытай бийлигинин маалыматы боюнча өлкөдө ички жана сырткы учак рейстерине 500 миллиондун тегерегинде билет сатылган.

Смартфон менен интернет: керектөө ыңкылабы

Расмий маалыматтарга караганда учурда 730 млн кытай интернетке кошулган. Алардын 95%ы смартфон колдонот.

Үйгө, же иштеген жерге кандай тамакты болбосун телефондогу тиркеме аркылуу буйрутма кыла салуу барган сайын кеңири тарап бараткан көрүнүш.

Мындай тамак тез татым кесмеге караганда кымбатыраак, бирок салыштырмалуу баары бир арзан. Айрыкча даамдуулугу кесмеге караганда жакшы болгондуктан миллиондогон кытай керектөөчүлөрү ушундай ыкманы колдонот.

Оптимизм

Бирок бүткүл дүйнөгө салыштырмалуу кытай мурункусундай эле өтө чоң айырмачылык менен тез татым кесмесинин ири базары бойдон калууда. Бул графикти карап көрсөңүз.

2016-жылы Кытайда экинчи орунда келе жаткан Индонезияга караганда үч эседей көбүрөөк кесме сатылган.

Графикте кесме Индонезия, Жапония, Вьетнам, Индия, АКШ, Түштүк Корея жана Филиппин мамлекеттеринин баарын кошкондо да Кытай эл республикасында көбүрөөк сатылганы көрүнүп турат.

Бул – кесме чыгарган дүйнөлүк өндүрүүчүлөр кытай базарынан эч качан кетпейт дегендик.

Мисалы жапон Nissin Foods фирмасы Гонконгдун биржасына дагы 145 млн долларлык жаңы акцияларын чыгарганы турат.

Жапон фирмалары Гонконгдун фонддук биржасына көп чыга бербейт, бирок Nissin Foods кытайдагы бизнеси мындан да ыкчам өсөт деп эсептейт. Учурда ал беш алдыңкы бренддердин катарына кирген.

«Кээ бир керектөөчүлөр кытайдын тез татым кесмесин жебей калышты, бирок көбү анын сапаты жакшырышын күтүп жатат», - дейт фирманын башчысы Киотака Андо. – Биз ушундай жогорку сапаттагы товарды сунуштаганга даярбыз, ошондуктан ишибизди кеңейтүүнү чечтик».

Саймон Аткинсон, Азия өлкөлөрү боюнча бизнес-кабарчы, Би-би-си