Коом

Жашоонун түбүнө жеткен ысырапкорчулук

22 декабря 2017 г. 16:49 1301

Ар бир ооруга башталганда эле чара көрүү оң экенин ар дайым угуп келебиз. Дарылоо өз максатына жетиши үчүн оболу кеселдин себебин жана симптомдорун аныктап алуу керек. Адамзатты илгертен бери коштоп келген ысырапкорчулук оорусу да башка оорулардай эле так ушундай мамилени талап кылат. Негизсиз акча чачуу илдети менен дүйнөдө миллиондогон адамдар ооруп келет.

Акылсыздык менен акча коротуу илдети бара-бара кишинин акыл-эсин бузуп, чындыкты кабыл алуудан жана оорусун аңдап түшүнүүдөн алыстатат. Терең ойлонулбаган ысырапкорчулук үй-бүлө бүджетин рак оорусуна алып келип, үй-бүлөнүн бузулуусуна чейин алып барат. Акчаны туш келди чачып, кенен-кесир жашоого көнгөн ысырапкор каражаты түгөнгөн кезде өз “наркотигинин” дозасын алуу үчүн ар кандай чараларды колдонуп, керек болсо кылмыштуу жол менен акча тапканга да барышы мүмкүн.

Ысырапкорчулук мүнөз катары

Көпчүлүк эл ысырапкорчулукту терс сыпат катары билет. А чынында ысырапкорчулук дегенде эмнени түшүнөбүз?

Ысырапкорчулук – бул ар кандай материалдык ресурстарды, акчаны, убакытты, ден-соолукту акылсыздык менен коротуу. Ысырапкорчулук – бул колдогу финансылык капиталды туура жана пайдалуу колдоно албагандык, акчаны керексиз жакка иштетүү.

Ысырапкорчулук – бул туура эмес жакка багытталган ашыкча берешендик.

Ысырапкорчулук – адамдын жашоо мерчеминин, стратегиясынын жоктугу жана ресурстарды ар тарапка сапыруу илдети.

Ысырапкорчулук илдети көрүүчүлөрдү, суктануучуларды талап кылат жана өз максаттарын көздөйт. Булар – өзүнө элдин көңүлүн бурдуруу, кадыр-баркка ээ болуу, алкыш-мактоолорду угуу, урмат-сый көрүү жана суктанган публиканын алдында элден ашыкча болгон мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүп мактануу. Кыскача айтканда, ысырапкорчулук – бул өз финансылык абалын эске албай, келечекти ойлонбой ашыкча акча чачуу аркылуу өзүн көрсөтүү жана кадырлуу сезүү илдети. Ысырапкор киши акчаны сарптап жаткан учурунда ырахат алып, мындай акылсыз аракеттин натыйжаларын ойлонбойт, же бир иллюзия менен жашайт.

Бул илдет ар дайым өзүнө азык талап кылып турат. Канчалык жагымдуу шарт түзүлсө, ошончолук өркүндөй берет. Өкүнүчтүүсү – ысырапкордун өз мүмкүнчүлүктөрү жетишсиз болсо, туугандарынын, үй-бүлөсүнүн, фирмасынын, мамалекеттин мал-мүлкүн да чачуудан кайтпайт. Анткени акча чачуудан “кайф” алууга үйрөнүп калат да, наркоманга айлана баштайт.

Ысырапкор “керектүү” менен “ашыкча” деген түшүнүктөрдүн арасындагы чекти сезбей калат. Анын чыгымдары ашыкча болуп баратканын аңдабайт. Мындай адам материалдык жана башка ресурстарга, мейли өзүнүкү болсун, мейли башканыкы болсун, шалаакылык менен мамиле кылып, алардын чыныгы баасын, кайдан жана кандай эмгек менен келгенин ойлонбойт.

Ысырапкорчулуктун башка түрлөрү – бул жашоону текке кетирүү, жалкоолук жана жумушсуздук. Ашыкча тамактануу, араккордук, кумарпоздук, ар дайым тойлоп, эс алып жүрө берүү, максатсыздык – жашоонун берекесин кетирип, өмүрдү кыскарткан ысырапкорчулуктун көрүнүштөрүнөн.

Ысырапкорчулуктун себептери

Эң биринчиден, ысырапкорчулук – кишинин жетиле электигинин белгиси. Мунун түбүндө анын өз жашоосуна жоопкер боло албагандыгы жатат.

Дагы бир себеби – канааттанбагандык сезими. Бул адамга жетиштүү деңгээлде көңүл бурулбагандыктан, сүйүүнүн, мээримдин, позитивдүү эмоциялардын жетишсиздигинен жана жакындары менен келише албаган мамилелерден келип чыккан сезим. Мындай кишилер эч ойлонбой туруп акча коротуу, керексиз сатып алуулар аркылуу жашоосунда жетишсиз болгон ырахат сезимин толуктайт.

Ысырапкорчулукка себепкер болгон сапаттардын бири – адамдын өзүнө ишенбестик комплекси. Өз таланттарына ишенбөө, өзүн төмөн баалоо, жашоодон өз ордун таба албоо – адамды акча ж.б. ресурстарды чачуу аркылуу престижге ээ болуп, коомдо өз ордун бекитүүгө түртөт.

Постсоветтик өлкөлөрдөгү ысырапкорчулуктун өзгөчө себеби катары социалисттик режим кулагандагы жетишсиздикти көрсөтсөк болот. Ошол учурдагы дефицитти, бир канча саатка созулган узун кезектерди, талон, карточкаларды эл унута элек. Андыктан бүгүнкү кененчиликти көрүп кээ бирөөлөр кармана албай калууда.

Көрө албастык менен курулай атаандашуу сыпаттары да ысырапкорчулукка пайдубал түзүп, түркүк болуп берген сыпаттардан. Кошунанын чет өлкөдө эс алганын, досунун 1000 кишилик той бергенин, тууганынын 15 миң долларлык машине алганын көрүп, “Менин булардан эмнем кем?” деген ой менен көп киши кредитке белчесинен батып, канчалаган жылдар бою топтогон акчасын эч максатсыз мактанууга сарпташат. “Эл эмне дейт” деген чолок түшүнүк менен финансылык абалына карабай мактанып өткөрүлгөн тойлор да ушинтип өлкөнүн түбүнө жетчүдөй болуп баратат.

Массалык маалымат каражаттары да ысырапкорчулуктун өнүгүп өсүшүнө чоң салымын кошуп келет. Көгүлтүр экрандан, интернеттен улам чыга калган жарнамалар көңүлдү ар кандай баалуу, албаса болбочудай товарларды алууга үндөйт. Кандай шарттарда жашоону, кайда эс алууну, кандай кийим кийип, кайсы маркадагы унаа айдоону үйрөтүп келген жарнамалар жаш-карынын башын айлантып, жашоодо негизги баалуулук – бай болуп, керт башынын камын ойлоп, акчаны ары-бери чачып, бул жалгандагы мүмкүн болгон бардык ырахатты алуу экенине ынандырат.

Өкүнүчтүүсү – жаштарыбыз да буларды карап отуруп, демек, жакшы адам эмес, бай адам болуш керек турбайбы деген тыянак чыгарат. Мындай ойлордун натыйжасы болсо жаштардын өзүмчүлдүккө, жеңил акчага умтулууга, кылмыштуулуктун өсүүсүнө жана чыныгы баалуулуктардын унутулушуна алып барат. Ошентип, кишинин ички сапаттарына эмес, сырткы байлыгына карап урматтоо коомдо кенен жайылууда.

Бүгүнкү ысырапкорчулукту гүлдөткөн ыңгайлуу шарттардын бири – жалпы калкка түшүнүксүз болгон кредит берүү системасы. Көптөгөн адамдар өз финансылык абалын эске албай, эсеп-кысап кылбай туруп, банктарга өз абалы тууралуу жалган айтуу менен болсо да кредит алып, “бактылуу” жашоого умтулат. Бул акчалар эмгек тери менен табылбаганы үчүн бат жана оңой сарпталат. Бирок төлөөгө келгенде башкача болуп калат.

Ошентип, ысырапкорчулук оорусунун формуласын чыгарсак болот. Бул - өзүнө ишенбестик, жетилбегендик, канааттанбагандык, коом тарабынан кабыл алынууну каалоо, сырткы факторлордун басымы жана финансылык, экономикалык сабатсыздык.

Ысырапкорчулук эмнеге алып келет?

Ысырапкорчулук – кедейликке, карызга батууга, толук банкроттукка алып келген түз жана кыска жол.

Максатсыз акча коротуу үй-бүлө мүчөлөрүн бактысыздыкка, өмүр бою банктарга карыздар болууга алып келет.

Ысырапкорчулук – шопоголизм (дүкөндөн-дүкөн калтырбай кыдырып, бир нерсе алуудан ырахат алуу илдети) жана клептомания (уурулук, колу туткактык илдети) сыяктуу терс сапаттардын калыптанышына идеалдуу шарт түзөт.

Убакыттын өтүшү менен ысырапкорчулук оор депрессияга, негизсиз коркуу сезимдерине, невроздорго, стресске жана андан келип чыккан көптөгөн кеселдерге алып келиши мүмкүн.

Акча чачуу жана кенен жашоо арзуусу кишини ар кандай кылмыштарга: уурулукка, талап-тоноочулукка, ар кандай алдоолорго, көз боемочулуктарга, киши өлтүрүүгө чейин алып барат.

Ысырапкор адам көбүнчө чыныгы достуктан да кур калат. Анткени мындай кишинин жанында акчасына кызыккан, анын эсебинен жашоону каалаган адамдар чогулат.

Ысырапкор адамга жооптуу кызмат берилбейт, себеби анын жеңил ойлуулугу, жоопкерсиздиги баарына маалым.

Үй-бүлөлүк жашоосунда да мындай кишилер көбүнчө бактысыз болушат. Себеби алардын жогоруда айтылган сапаттарына көпкө чыдоого кыйын.

Ысырапкорчулук илдетин кантип жеңүүгө болот?

Оболу ысырапкорчулук деген бир илдет экенин түшүнүү зарыл. Муну жеңүүгө сабыр жана мерчемдүү аракет керек.

Психологдор төмөнкү кеңештерди беришет:

  • Эң биринчиден, байлык – капитал жана жасалма чыгымдар менен өлчөнбөшүн түшүнүү керек. Чыныгы байлык – асыл принциптерди жана чыныгы баалуулуктарды кармануу, өзүбүздү баалоо, туура жашоо жана жакшы көндүмдөргө ээ болуу.
  • Ысырапкорчулуктан кутулуунун негизги жолдорунун бири – негизги экономикалык билимге ээ болуу жана аны күнүмдүк жашоодо колдонуу. Жакшы китептерди окуп, ийгиликтүү адамдардын биографиялары менен таанышуу пайдалуу. Байлыкка жетелеген сыпаттарды, көндүмдөрдү иштеп чыгуу керек. Терс сыпаттарды жоюп, үнөмдүү жашоо, ойлонуп иш кылуу, талдоо жана фактыларды салыштыруу сыяктуу пайдалуу сапаттарды өркүндөтүү да ысырапкорчулукту жеңүүгө жардам берет.
  • Эл көзүнө көрүнүү, курулай мактануу – кыска гана убакытка элдин көңүлүн бурат. Чыныгы кадыр-барк коомго пайдалуу иштер менен, элге кызмат кылуу менен келерин түшүнүү керек.
  • Ысырапкорчулук – бул кишинин өзүн-өзү алдоо сыпаты. Муну токтотуп, киши өз абалына соо көзү менен карап, өз абалын аныктап, ошого жараша жашоо таризине өтүүсү зарыл.
  • Кредит алуудан, товарларды карызга алуудан баш тартуу. Сатып алынчу керектүү буюмдардын тизмесин түзүп, андан чыкпоо, мүмкүнчүлүктөн ашыкча сатып алууларды токтотуу.
  • Айлык кирешенин 20 пайызын топтоо адатын кармануу. Бул акчаны сактоодо банктарга ишеним болбосо, анда жубайыңызга, же үнөмдүү ата-энеге берип сактатыңыз.
  • Үнөмдүү жашоо таризине өтүү. Бул сапатсыз тамактануу, же эң керектүү чыгымдардан баш тартууну гана билдирбейт. Үнөмдүүлүк – бир гана керектүү товарларды сатып алуу, ар бир сатып алууну керектүүлүк жана пайдалуулук элегинен өткөрүү, жарнамалар үндөп, көңүлгө салган, бирок керексиз сатып алуулардан качуу, бүгүнкү жана эртеңки күндү ойлонуп жашоону билдирет.
  • Ысырапкорчулуктан кутулуу үчүн өз эмгегибиз менен тапкан акчаны баалай билүү, өзүбүзгө ишенбөө комплексинен арылуу керек.

Корутундулай айтсак, ысырапкорчулук – бул зыяндуу илдет. Ысырапкордун өзү үчүн гана эмес, жалпы коом үчүн, өлкө үчүн кооптуу. Тилекке каршы, бүгүнкү коомубузда ысырапкорчулук кенен тараган. Бардар, бакубат жашоону кааласак, бул илдеттен кутулууну баарыбыз максат кылалы. Чыныгы кадыр-барк менен абийирди кымбат унаага, эл көрсүн деп акылсыз чачылган акчага теңебейли. Дүйнөдөгү эң бай адамдар өз байлыгын көрсөткөндөн алыс болгонун эске салып, чыныгы байлык жана бактылуулук – жалпы адамзаттык баалуулуктарды карманып жашоо экенин унутпайлы.

Асель Кыргызбаева, атайын “Саресеп” маалымат порталы үчүн