Ислам дүйнөсү

СИЗДИ ТАҢ КАЛТЫРЧУ 20 ФАКТ

22 декабря 2017 г. 12:12 340
  • 1 миллион 200 миң чиркей бир кишини чакса, анын каны толук жок калышы мүмкүн.
  • Клиникалык өлүмдөн кийин киши дагы 5 мүнөттөй жашай алат. 5 минуттан кийин мээ клеткалары өлө баштайт.
  • Бал эч качан бузулбайт. Ошондуктан, балким 3 миң жылдык бал деле жеген болушуңуз мүмкүн.
  • Космоско 1 кг жүк алып барууга 530 кгдык күйүүчү май керектелет.
  • Бадыраң жашылча эмес, мөмө.
  • Кишинин денесиндеги эң тез иштеген булчуң көзүбүздү жумуп ачкан булчуң.
  • Жыттоо жараяны жыттаган нерсебиздин молекулалары мурдубузга жабышканда ишке ашат.
  • Ашказан кислотасы устараны да ээритип жибергенчелик күчкө ээ.
  • Денебиздеги тамырлардын узундугу 96 миң км.
  • Кишинин сөөгү граниттей күчтүү. Бир ширеңке кутусундай сөөк 9 тонналык салмакка туруштук бере алат.
  • Жер 1 секундда 30 метр айланат.
  • Англисче сүйлөгөн кишилердин саны Кытайда Америкадан көп.
  • Кишинин чачы 3 кг салмакты көтөрө ала турганчалык бышык.
  • Асмандагы жылдыздардын саны деңиз жээгиндеги кум даанасынан көп.
  • Жер планетасынын ядросу 5500 ‘C ысык. Бул ысыктык дээрлик Күндүн жер үстүндөгү ысыктыгына барабар.
  • Дүйнөдө ар бир секунд сайын 2 киши өлөт.
  • Көк киттердин жүрөгү ушунчалык чоң болгондуктан, бир киши тамырларынын ичинде кеңири сүзүп жүрө алат.
  • Сегиз буттардын 3 жүрөгү бар.
  • Пияз туурап жатканда сагыз чайнасаңыз көзүңүздөн жаш акпайт.
  • Крокодилдер сууга тереңирээк чөгүү үчүн таш жутуп алат.