Саясат

​Михаил Саакашвили: Путинге мен Навальный гана болуп көрүнгөн жокмун

22 декабря 2017 г. 11:24 811

Грузиянын экс-президенти Путин аны эмнеге Навальный менен салыштырганын айтты. Орусиянын президенти эмнеден коркуп жатат жана Украинада дагы бир Майдан болушу мүмкүнбү...

Одесса облусунун мурунку губернатору жана «Жаңы күчтөр кыймылынын» лидери Михаил Саакашвили өзүнүн Украина президенти менен тирешүүсү Кремль үчүн эмнеге коркунучтуу, Навальныйга көз карашы, украин президенти Петр Порошенконун каталары жана өзүнүн саясий дымагы жөнүндө айтып берди.

DW: Владимир Путин акыркы пресс-конференциясында сизге көп убакыт коротту. Украинанын президенти Порошенкого анча бөлгөн жок. Эмнеге антти деп ойлойсуз?

Михаил Саакашвили: Анткени Путиндин так жана айкын ассоциациялары бар. Мына Навальныйды кезектеги камакка алып жатканда Москванын чок ортосуна жаш, жылдыздуу жигиттер келип, спецназга куралсыз кол салып, Навальныйды суруп чыгып, түз эле Кремлге көтөрүп киришкенин элестетет. Анын полистери кандайдыр бир убакыт өткөн соң тирешпегенин, кара таандай калың эл аларды сүрүп салганы оюна келгенде ал туталанып кетет. Бул биринчи ассоциация.

Экинчиси сот мени бошотуп жибергенине байланыштуу. Бул ал үчүн толук кыйроо! Кандайдыр бир сот өлкө президентине баш ийбегенге даап барды. Орусияда да эртеби-кечпи мындай нерсе болушу мүмкүн.

Үчүнчү ассоциация болсо андан коркпогон кишилердин бар экени. Алардын акчасы да, бийлиги да жок. Аларды он жолу жеңген, бирок алар кайдан-жайдан он биринчи ирет пайда болушат. Бардыгын сатып ала албаган, же чаргытып салбаган, көзөмөлдөй албаган абал ал үчүн чечилгиз көйгөй.

Анын пресс-конференциясында сүйлөгөндөрү ушуга байланыштуу. Мында Порошенко менен анын ойлору бир чыкты. Порошенкону жакшы көргөндүктөн эмес. Болгону өзүн анын ордуна коюп көрдү. Ал өзүнө «түстүү революцияларды» коркунучтуу деп белгилеген. Калктын укук коргоо органдарына чакырык таштай алаары «саргылт ыңкылаптан» да жаман! Анткени ага каршы эмне кылыш керек экени мээсине да келбейт.

Путин сизди Алексей Навалный менен салыштырганын кандай кабыл алдыңыз?

Биздин эч кандай окшоштугубуз жок. Менин конкреттүү тажрыйбам бар. Навальныйдын тажрыйбасы азырынча виртуалдуу. Путин мени менен Навальныйды гана салыштырган жок. Ал мени көзөмөлгө сыйбаган орусиялык оппозициянын баары менен бир бүтүм катары көрүп жатат. Аны ушул тынчсыздантат. Оппозиция кол күчүк болушу керек. Капкаяктагы Саакашвилини болсо колго ала албайсың. Маселе бир Навальныйда эмес. Путин мындай Навальныйлар түрдүү жерде, көп чыгышы мүмкүн экенин элестетет. Алар көбөйүп кетсе эмне кылат,? Алар Саакашвилиге окшой баштаса кантет? Анда эмне болот? Кудай сактасын! Орусиянын акылга сыйбаган жана айоосуз козголоңу!

Сиз Навальный менен таанышсызбы?

Жок, тааныш эмесмин – ал татаал фигура. Эч күмөнсүз таланттуу киши. Ошол эле учурда өмүрүндө бир кызык нерселер болду... Ал улутчулдукту ойноду. Мен муну Орусиянын келечеги катары эсептебейм. Башкача айтканда, ал бир буту менен келечекке кирген, анткени аны жаштар ээрчип жатат. Бир буту болсо өтмүштө калган. Ал эки бутун тең келечекке коюшу керек. Улутчулдук, башка өлкөлөргө кол салуу, кимдир бирөөлөрдү басынтуу – бул келечек эмес. Ал кайсыл бир учурда Орусияны башкарып калса, басып алган жерлерди кайра кайтарган, заманбап, салттуу Орусия болушу керек. Салттуу мамлекет чоочун өлкөлөрдү басып кирип, жутуп алган империя боло албайт.

Владимир Путин Майдандан эмнеге коркот дейсиз?

Анткении Орусияда ал көзөмөлдөй албаган чөйрө өсүп жатат. Телевизордогу үгүттү көрбөгөн чөйрө. Бул заманбап жаш адамдар. Ал «Болотный майданынын алтын жаштары» эмес. Алар региондордон келген, билимдүү, маалыматтуу, өздөрүнө империалисттик вирусту жугуза элек, Путиндин тилин эч түшүнбөгөн орто класс. Алар үчүн ал башка, динозаврлар доорунун кишиси сыяктуу. Бундестагда сүйлөгөн орус баланы алсаңыз. Путиндин тили ал үчүн эски, коркутуулары болсо күлкүсүн келтирет. Чынында Путин ушуга чейин коркуу менен эмес, коркууну кабыл алуу аркылуу сакталып келе жатат. Адаттагы коркутуу менен чакан топту коркута аласың, коркуу образы менен болсо бүтүнөй өлкөнү. Ушул үйлөнгөн, жасалма нерсеси жакында жарылып кетпедиби.

Сиздин Петр Порошенкого жазган катыңыз фейк эмеспи?

Жок. Мен чет өлкөлүк дипломаттар менен сүйлөшкөн соң Порошенкого чын эле кат жибергем. Мен ага абалдан чыгуу үчүн түрдүү сүйлөшүүлөрдү сунуштадым. Ал муну каалабаганы аз келгенсип, абалды жасалма курчутуп жатат. Менин ишим – сунуштоо, аракет кылуу. Экс-президент Шеварнадзе менен да ушундай абал болгон. Ал да мени укпай, бараар жерине барды. Менин оюмча, биз саясатчылар бардык ишти, эл аралык ортомчулук менен, болушунча тынч чечишибиз керек. Бул ишке ашпаса, президент Порошенконун акыбети өкүнүчтүү болот.

Алардын көбү небак чектен чыгып кеткендей көрүнүп жатат мага. Ал, көчөдө он миңдеген киши жүрөт деп, өзүн сооротпошу керек. Анткени бул он миңдер Украинанын азыркы абалында тез эле миллиондорго айланышы мүмкүн. Мен буга чейинки божомолдорумда адашкан эмесмин. Мен биринчи Майдан болоорун айткам. Экинчисин да адашпай баамдадым. Украинада дагы бир Майданды каалабайм. Бразилия, Түштүк Корея, учур үлгүсүндөгү Румыния, европалык Украина болот. Мен президент Порошенко дагы эки жылга калгандай мүмкүнчүлүк көрбөй турам. Бул мен үчүн коркунучтуу түш сымал. Мен Украинаны сүйөм, Украина муну көтөрө албайт деп эсептейм. Порошенко албетте жүрө берет, бирок Украина чыдабайт.

Украинанын президенти ким болот?

Келечектеги президент ким болбосун, ал бийликти толугу менен колуна ала албайт.

Сиз Украинанын премьер-министри болгуңуз келеби?

Мени Украин мамлекети кайда жөнөтсө, ошол жакка бара берем. Жаңы украин өлкөсүнө, украиндик жаңы саясий класска. Президент болбосумду даана билем. Украинада төрөлгөн, аны менен өмүр бою бирге болгон киши президент болушу керек. Мен өмүрүмдүн олуттуу бөлүгүн Украинага арнадым, бирок бул жетишсиз. Мен кай жакка чектешсе, ошол жакта болом. Акыры украиндерге менин эмнеге жарай алаарымды эмес, алардын эмнеге жараарын көрсөткүм келет.

Deutsche Welle