Ара жолдогу мамлекет

​2018дин технологиялык тренддеринен: Кишинин ордун баскан интеллект

22 декабря 2017 г. 7:35 925

Робот техникасы менен жасалма интеллект 2018-жылы адамзаттын жашоосун өзгөртө турган эң жандуу тенденция катары саналды.

Массалык роботтошуу менен алардын адамзатты сүрүп чыгара башташы тууралуу өтүп бараткан жылда болушунча кеп кылынды окшойт. Аналитиктер болсо ар кандай сценарийлерди айтууда. Мисалы, PwC АКШ рыногу үчүн кыйла кооптуу көрүнүштү баяндаган. Анда жумуш орундарынын жоюлганынан сырткары, кай бир экономикалык тармактар толугу менен «тыптыйпыл» болуу алдында. Интернеттен сатып алууну автоматташтырып, бүтүндөй кампаларын роботтоштуруп гана тим болбой, эми тейлөөчүсү жок дүкөндөрдү ачып, дрондор аркылуу үйлөргө чейин товар жеткирүүнү ишке ашырганы турган Amazon компаниясы Американын чекене базарын толук ээлегени калды. Кыскасы, робот колдоно баштаган бардык компаниялар (издөө менен анализдөө алгоритмдерин да кошкондо) эбегейсиз өнүксө, калган бизнестер төмөндөп барат.

Акыркы убактарда көпчүлүк маселени чечүүдө жасалма интеллекттер адам баласын оңой-олтоң жеңип койчу болду. Алар тууралуу жазылган жаңылыктар эле канчалык таң калычтуу. Мисалы, жакында эле Alfa GO алгоритмасы шахматка салыштырмалуу эч кандай математикалык эсептөөсү жок, дээрлик толугу менен ички туюмдан (интуиция) турган тээ байыртан берки жапандардын «го» оюнунда кишини караандатпай жеңип алган. Ал эми жакында ошол эле жасалма интеллекттин Alfa Zero аталган кийинки версиясы 4 сааттын ичинде шахматты үйрөнө калып, дүйнөдөгү эң күчтүү шахматчы компьютерди (бардык кишилерди чоң айрымачылык менен уткан) баш көтөртпөй (нөл менен) утту.

Окумуштуулар болсо жасалма интеллект чечимди кандай чыгарып, жеңишке жеткире турган эсепти кантип эсептегенин түшүнбөй деле калышкан. Мындан да таң калыштуусу, Google компаниясы жүргүзгөн эксперимент боюнча, жасалма интеллект (ЖИ) өзүнүн жаңы версиясын (нейросеттер менен образ тактоо системасында) өзүн түзүүчү кишиден да мыкты түзө алган. Үстүбүздөгү жылы көпчүлүк «эволюция менен аң-сезимдүүлүктө мөрөйдү жаңы жаратыкка берүүчү убак келдиби» деген анык коркунучка кабылды.

Анткени менен чыныгы төңкөрүш жасалма интеллектти бар аппарат дээрлик ар бир чөнтөккө түшкөн күнү ишке ашат. Алдыңкы смартфон өндүрүүчүлөр Apple менен Huawei мунун алгачкы жолун чаап, нейрожелелер менен иштеше алаган системалуу моделдерин чыгарды. Азырынча бул жасалма интеллектердин софту (программалык түзүмү) бир гана кишинин жүзүн таанууга багытталса, 2018-жылдан тартып көпчүлүк тиркемелери элдин күнүмдүк турмушуна керектүү тиркемелерди түзүү үчүн ЖИ колдоно баштайт. Сүйлөй турган жардамчылар, автоматташтыруу жана күнүмдүк тириликти оптималдаштыруу желдей сызган ылдамдык менен таралып баштады. Адамзаттын «эстүү» техносфера жаатындагы өнүгүүсү жаңы тепкичке кадам басты.

Менимче, бир-эки жылда өзүнүн смартфону менен көпкө чейин олуттуу сүйлөшкөн кишилер мээсинен айныган немелердей эмес, катардагы эле кишилердей көрүнүп калат.

Роботтор жашообузду тез өзгөртүүдө. Бул эми кептин символдуу гана айтылгандагысы. Болбосо, Nvidia компаниясынын жасалма интеллектин колдонгон система менен кадимкидей эле күндү түндөй, акты карадай кылып көрсөтүүгө болот. Эгер көп эле жерде робот-журналисттер макала жаза баштаганын эстей турган болсок, анда кийинки эле жылы дүйнөнүн өңү-түсүн трендсеттер-кишилер (жаңы тренд түзүүчүлөр) эмес, машиналар түзө баштайт. Андан сырткары, ошол эле роботтор бизге «эң оптималдуу жолдорду» (навигация) айтып, шаар көчөлөрүндө жетелеп жүргөндөй, бара-бара базарга чыгып бир нерсе сатып алууда, ооруканага барып дарыланууда да биздин ордубузга чечим кабыл ала башташат.

Бул айтылгандардын баары бир жылда эле ишке аша калбайт. Бирок ушул жылы гана алардын жалпы ылдамдыгы, жана эң негизгиси, синхрондуу жүрүшү жакындап келаткан өзгөрүүнүн белгилери экени даана билинди. Же, эл ичинде айтылгандай, технологиялык сингулярдуулугу – жашообуздун трансформациялануусу ушунча терең жана күчтүү болгондуктан, биз керек болсо аны элестетүүгө да алыбыз жетпейт. Айтмакчы, мындай өзгөрүү али-бери болбойт, жок дегенде эмдиги жылы ишке ашпайт деген күндө да, бүгүнтөн баштап камына берсек болчудай.

Дүйнөнүн алдыңкы өнүккөн өлкөлөрү коому менен экономикасын трансформациялоо үчүн өтө чоң аракет жумшоодо. А бизге болсо, адаттагыдай эле келечек менен бетме-бет чыгууга даярдыкты өзүбүздөн баштоого жана өзүбүз үчүн кам көрүүгө туура келет.