Батыш

Кир жууп, тамак жасаган...: ИГИЛден куткарылган аялды соттоп жатышат

21 декабря 2017 г. 16:28 1394

Дагестанда «Ислам мамлекети» аттуу террорчу топ көзөмөлдөгөн жерден куткарылган орусиялык аялдын кылмыш иши каралууда. Чечен лидери Рамзан Кадыров өзү башында туруп, Сирия менен Ирактан энелерди жана балдарды куткаруу программасын тескеген Чечняда аялдар үйүнө коё берилүүдө. А Дагестанда болсо аялдарды кир жууп, тамак жасаганы үчүн сотооп жатышат.

Владимир Путиндин пресс-конференциясында «Ислам мамлекетинен» (ИМ) кайтып жаткан эне-балдар тууралуу суроо берилди. «Азыр аларды алып чыгуунун кереги жок болчу деген «эксперттер» пайда болду. Сиз эмне дейсиз?», - деген суроого Путин: «Бул иштин маанилүү экенинде күмөнүм жок. Ал жакка кетип жатканда балдар чечимди өздөрү чыгарган эмес. Биз аларды ал жерге таштап кое албайбыз. Рамзан Кадыров туура кылып жатат, улантсын. Биз ага жардам беребиз», - деп жооп берген.

Путин бул суроого жооп берип жатканда Дагестандын Махачкаласында үч уулу, бир бакма баласы бар 33 жашар Загидат Абакарованын соту башталды.

«Тамак жасоо функционалдык милдети»

Темир тордун аркасында жоолукчан арыкчырай жаш аял отурат. Колунда он айлык баласы бар. Анын улам-улам кыңкыстаганы соттун сөзүн бөлүп жатты. Ымыркайдын бир аз эти ысып калган экен. Келин аны бооруна кысып, жеңил термелтип койсо басылып калат...

Абакарова сот башталаарда туугандарына баш ийкеп, сотту көздөй бурулган боюнча катып калгансыйт.

Ага коюлган айып - күйөөсү менен «Орусия федерациясынын кызыкчылыктарына каршы келген Сирия республикасынын аймагындагы мыйзамсыз куралдуу курамга кирүү максатында Стамбулга барган».

Натыйжада «ниетин ишке ашырып», 2014-жылдын декабрынын орто ченинде Түркия менен Сириянын чек арасын өтүп, 2017-жылдын сентябрына чейин «кылган кылыгынын кооптуулугун билип турса да... тамак жасоо, азык-түлүк камдоо, кир жууп, кийим тигүү сыяктуу түрдүү функционалдык милдеттерди аткарган».

- Ии, Абакарова, эмнеге айыпталып жатканыңыз сизге түшүнүктүүбү? Бул кылмышты кылганыңызды моюнуңузга аласызбы?, - деп сурады сот.

- Анда айтылган боюнча, жок, - деди шашкалактаган жаш келин.

- Анда кайсы боюнча күнөөңүздү кабыл алып жатасыз?, - деп сурап калды сот, келин кол коюп берген «күнөөнү кабылдап, өзү келди» (явка с повинной) деген документке таянып.

- Күйөөм менен ал жакка кеткенимди. Ооба, анан тамак бышыргам...

«Чоң ийгилик»

Ушул жылдын августунда биринчи жолу Ирактан атайын учуп чыккан учак Орусияга конгондон бери ИМдин мурунку аймактарынан 107 киши алып келинген дейт Би-би-сиге Чечнянын Адам укуктары боюнча кеңешинин мүчөсү Хеда Саратова. Ата-энелерине кыздары менен неберелери келе жаткандыгы тууралуу кабарды да көбүнчөсүн ал берет.

Мындай куткаруу менен Орто Чыгыштагы Чечнянын өкүлү Зияд Сабсаби алектенет. Республиканын башчысы Рамзан Кадыров бул жараянды тескеп, аны «чоң ийгилик» деп, инстаграмда дайыма чагылдырып турат.

Орусиялык келиндердин кайтып келүүсү федералдык телеканалдарда байма-бай чыгат. Мына учактын ичинде отурган балдар жапырт тура калып анын иллюминаторунан истребителди карап калышты. Кадыров менен Орусияга алкыш сөздөрү жазылган такталарды көтөргөн ата-энелер траптан түшө баштаган кыздары менен неберелерин күтүп турушат. Анан хэппи-энд – жолугушуу, кучакташуу, жылмаюулар, сүйүнүч көз жаштары жана ыраазылык сөздөр...

Жаш келин Загидат Абакарова 21-октябрда Грозныйдын аэропортуна конгондо эң аз дегенде үч репортаждын каарманы болгон.

Ошондой тасмалардын биринде Зияд Сабсаби үнү катуу чыгарылган телефон менен келиндин энесине байланышып: «Бүтүндөй Орусия – анын президенти, Чечен республикасынын жетекчиси, коргоо министри, генштабдын башчысы, биздин Сириядагы офицерлер – баары сиздин кызыңыз менен неберелериңизди үйгө кайтаруу үчүн иштешти», - деген. Баласын бооруна кыскан Загидат болсо: «Сүйүнүп атам. Үйгө, бир-туугандарыма балдарым менен кайттым. Алардын окушун, бакчага барышын, баары жакшы болушун, эч кандай согуш болбошун каалайм», - дейт.

Телеканалдар Абакарованы каарман катары сунушкан. Ал бир гана өз балдарын эмес, чоочун баланы да куткарган эне. «Келин Магомед жетим калганда багып алган. Эми баланы жакындары аэропорттон тосуп алууда», - дейт Биринчи каналдын кабарчысы.

Ушул берүүдөн бир нече саат өткөндөн кийин Загидат Абакарованы Дагестандын укук коргоо органдары кармап кеткен.

ИМ жана андан кайтуу

Загидаттын бардык өмүрү энеси Патимат катып жүргөн сүрөттөрдө чагылдырылган. Курбу кыздары менен отуруштары, байкеси менен шаарды кыдырганы, үйлөнүү тою. Анын көбүндө Загидат али жоолуксуз.

Загидат Исламга биринчи күйөсүнүн таасири менен кирген. Анын өзгөрүлүүсү даана көрүнүп турат. 90-жылдарда мода болгон капюшондуу футболка кийген кыз, колдору жана көкүрөгү ачык үйлөнүү тойдогу көйнөк.

Андан кийин радикал мусулмандар тыюу салгандыктан беттери кайчы менен кесилген сүрөттөр.

«Биринчи күйөөсү Загидатты бузду, - дейт энеси Патимат. – Аны кийинтип салды. (хижжап кийгизди – Би-би-си) Ал үйлөнгөнгө чейин мындай эмес болчу. Биздин үй-бүлөө маданияттуу үй-бүлөлөрдөн эле, диндарларыбыз деле жок... Аны сүйүп калыптыр. Биз анын ким экенин билген эмеспиз. Эгер билгенимде алып кетмекмин».

2009-жылы Абакарованын күйөөсү атайын кызматтар өткөргөн спецоперация учурунда өлгөн. Үй-бүлөсүнө ал унаанын ичинде толугу менен күйүп кетти, денесинен эч нерсе калган жок дешкен.

Күйөөсү өлгөн соң кызы беш жыл эч жакка чыкпай, эки баласын багып үйдө отурганын айтат Патимат. «Күйөөгө тийгиси келген эмес. Кайра эле ошондойго кабылам деп коркчу. Ойлогонундай эле болду».

Экинчи күйөөсү менен Загидат Махачкалада таанышкан. 2014-жылы жайында алар бала-чакасы менен түрктөрдүн Газиантепине кетишкен. Сирияга өтөөр алдында Абакарова улуу уулун учакка отургузуп, Орусияга учуруп жиберген. Азыр ал 12де. Анын согушкерлердин лагеринде окушун каалаган эмес окшойт.

Сириядагы катаалдыкка карабай, келиндер менен балдар дайыма байланышып турушкан. Мессенжерлерден туугандары менен жазышчу. Бирок согушкерлер менен бомбалоолор тууралуу сөз кылбаганга аркеттенишчү. Патиматтын айтымында кызы дайыма кайткысы келип, даттанчу. Бирок күйөөсү уруксат берчү эмес. Сирияда дагы эки балалуу болушкан. Согушкерлер ата-энеси өлүп, кароосуз калган Магомедди алып кетебиз дегенде жубайы экөө асырап алган. «Загидат аларга бербей койгон. Ал: «Мен аны эне сүтүм менен бактым, ал менин ак сүтүмдү эмген балам, эч кимге бербейм», - деген. Алар үчүн бул ыйык нерсе», - дейт кызынан бул окуяны уккан Патимат.

Загидат Абакарованын күйөөсү 2017-жылы жайында өлгөн. Мусулмандардын салты боюнча аза күтүү төрт ай уланат. Андан кийин «Ислам мамлекетинде» аларды жесирлердин жатаканасына алып барышат. Согушкерлер алардын арасынан тандап алып үйлөнүшөт. «Төрт ай бою Загидат ИМден кутулуу үчүн качырчу киши издештирген», - дейт кызы менен сүйлөшкөн Патимат. «Ал жерде көрүнгөн эле кишиге барып «Муну чыгарып кеткиле» деп айта алмак белең? Башын жулуп алышпайбы».

Жол көрсөтчү киши 2 миң евро талап кылган. Андай акчаны бере алчу кишини күйөөсүнүн чечен досу тапкан. 2017-жылы сентябрда Абакарова асыранды баласын кошкондо төрт уулу менен күрддөр ээлеп турган тарапка өткөн. Загидат акчасын кайтарып берейин деген күйөөсүнүн досу болсо үй-бүлөсү менен чыга албай калган.

Абакарова менен дагы бир дагестандык Муслимат Курбанова аттуу келин Зияд Сабсаби учуп келгиче күрддөрдүн абагында бир айдай камалып жаткан. Эки келин тең Орусияга кайтаары менен кармалышкан.

Күрддөрдүн колунда отурганда Загидат энесине: «Мен кайтканда туугандар тажатпайбы? Менден эч ким эч нерсе сурабасынчы. Өзүм деле баарын түшүндүм», - деп жазган. «Сага эч ким сөз айтпайт. Аман-эсен келсең болду. Мен аны үйдөн эч жакка чыгарбайм, - дегем.

Загидаттын ИМге кеткенинин кесепети бардык үй-бүлөгө тийген. Улуу агасын жашоону аябай оорлоштурган алдын-ала каттоо эсебине (укукчулар муну туура эмес дешет) алышкан. Анын айынан банктагы ишинен чыгарылып, бир да расмий жумушка орношо албай калган. Патимат почточу болуп иштеп, 10 миң рубль маяна алат.

Кызы күйөөсүн ээрчип Түркияга кеткени тууралуу энеси: «Кызым университетти бүткөн. Бирок эч жерден жумушка албай коюшту. Жумуш жок! Ушундан улам кыздар тигил жакта эмне кылып, кандай жүрөт деп кызыккан го. Эмне согушканы бармак беле», - деп божомолдойт.

«Креативдүү» республика

Келиндер соттолуп жаткан ОФнын Кылмыш кодексинин (КК) «Мыйзамсыз куралдуу топ түзүү же анда катышуу» деген 208-беренесинде «Эгер кылмыш биринчи жолу кылынып, киши укук коргоо органдарына өз ыктыяры менен келсе жана анын аракеттеринде башка кылмыш көрүлбөсө, кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат» деген эскертмеси бар.

«Бул жерде бир гана чечим болушу мүмкүн: куралын тапшырып, өзү колго түшүп берген киши кылмыш жазасынан бошотулат. Болгону бир суроо бар: эмне үчүн бир учурда бул мыйзам колдонулуп, экинчисинде колдонулбайт? Бул Дагестан республикасынын тергөө органдары менен прокуратурасына берилчү суроо. Чечняда (Сириядан кайтып келген келиндер үчүн) бул эскертме так иштейт», - дейт «Мемориал» укук коргоо борборунун төрагасы Олег Орлов.

Түндүк Кавказ боюнча башкы эксперт, укук коргоочу Екатерина Скорянскаянын айтымында республикалык МВД менен Э-Борбору (экстремизмге каршы) «маал—маалы менен креативдүү (чыгармачыл) боло калышат». «Дагестанда өлкөнүн башка жерлеринде болбогон нерселер иштеп жатат. Мисалы бул он алты миң кишини кесиптик каттоого киргизип алган жалгыз регион».

Скорянскаянын айтымында аялзаты үй-бүлөсүнө тамак жазап, кирин жууганы үчүн соттолгон окуя жок. «Бул күлкүнү келтирет. Күйөөсүнө тамак жасаган үчүн айыптоо – абсурд. Муну кылган кишилер ИШИМдин эмне экенин билишпейт. Ал жакта аялдар чоочун эркек менен көрүшпөйт, жалгыз базарга чыга албайт. Ал өз күйөөсүнөн башкага тамак жасай алмак эмес».

Орловдун айтымында ОФнын ККсынын 33-беренеси боюнча «согушкерлерге бир жолу бир кап картөшкө бергени, такси менен жеткиргени, сим-карта сатып бергени» үчүн соттолгон окуялар бар. Бирок аялдардын үй иши үчүн соттолгонун ал да көрө элек.

21-октябрда Грозныйдын учак майданына келген аялдар менен балдарга документтер даярдалып, суракка алынып, күнөөсүн сезип өздөрү келгени тууралуу арыз жаздырып, аларга коюлган айыптоолор алынганы тууралуу ишендиришкен. Чечен келиндер балдары менен кеткен соң Загидат Абакарова менен Муслимат Курбанованы Дагестан полиси камоого алган.

«Биз жайбаракат үйгө кетебиз деп ойлогонбуз. Көчөгө чыгарыбыз менен Дагестан полиси күтүп туруптур. Биз машинага да отурганга үлгүргөн жокпуз. Аларды салып, алып кетишти», - деп эскерет Патимат.

Махачкалада эки келинди дароо эле РОВДга алып келишкен. «Бизге мына суракка алышат деп жатышты... Биз акмактар адвокат да жалдап албаппыз», - деп кейийт Патимат. Сот эмчектеги баласы бар эки келинди эки айга СИЗОго отургузуп салды.

Абакарованын кармалуусу анын туугандарына гана эмес, чиновниктерге да күтүүсүз болгонсуйт. Чечня жетекчисинин алдында иштеген Адам укуктары боюнча кеңештин мүчөсү Хеда Саратова Би-би-синин орус кызматына бул окуяны укканда «шок болуп калдым» деп айткан. Анын айтымында дагестан менен чечен келиндер бирдей процедурадан өткөн, андыктан Орусиянын жарандарына мыйзамдар бирдей иштеши керек эле.

Бир гана чечен келиндер эмес, Сириядан куткарылып, камакка алынган эки дагестан келин менен бирге 13-ноябрда атайын учак менен келген Уфанын эки тургуну да сак-саламат үйлөрүнө келген. Алар келип жайгашканы тууралуу «Мир-24» каналы кеңири репортаж берген. Алардын бири Руфина Лапшина Би-би-сиге шаарына жайбаракат кайтып келгенин, укук коргоо органдары менен чатагы жок экенин тастыктаган. «Бизде баары жакшы» дейт ал.

Абакарованын соту 14-декабрда башталды. Курбанованыкы баштала да элек.

Атын атагысы келбеген адвокат эки келиндин өз ыктыяры менен келгени тууралуу арызын республиканын тергөө органдары башында «жоготуп» жиберип, бир нече аптадан бери таба албагынын билдирди. Келиндердин энелери ал үчүн Чечняга барып келишкенин айтат.

«Сыртка чыккан чечен полиси биздикилерге чалды: «Эмне жинди болумуш болуп атасыңар?! Мен ал кагазды колуңарга бербедим беле! Кайда тыгып алдыңар?! Эми туугандары бул жерде арызданып жүгүрүп жүрөт», - деди эле, эки күндө табышты», - деп эскерет Загидаттын энеси.

Абакарова менен Курбанованын адвокаты Чечнядагыдай «эч ким өзүнө жоопкерчилик алгысы келбегенинен» бул кылмыш иши Дагестанда сотко жеткен дейт.

Бул эки келин башында Орусия ИМден куткарып чыгып, андан соң «Мыйзамсыз куралдуу топко катышты» деген кине тагылган жалгыз дагестандык эмес. Алар камалган соң Сириядан кайтып келген Халимат Алхотованын кармалганы билинди. Андан сырткары кармалган дагы беш дагестандык келин тууралуу маалымат бар. Алар учурда үй камагында отурушат.

Токтотулган рейс

Бул жумада Рамзан Кадыров инстаграммга: «Акыркы кабарды айткым келет. Зияд Мухаммедович (Сабсаби) ирактык лагерде орусиялыктардын жаңы тобун тапты. Бул 13 аял менен 28 жаш бала. Алардын бирөөсү гана Чечняда төрөлгөн. Көбү Дагестандан» деген жаңы билдирүү койду.

Хеда Саратова жарыялаган тизме боюнча Дагестандан жыйырма чакты киши, Брянск облусу менен Москвадан бир нече киши бар. «Ислам мамлекетинен» куткарылгандардын кезектеги учагы Грозныйга жакында конмок, бирок аны январга жылдырышты. «Биз бул тизмени эки жума мурун алганбыз. Ошондон бери документтерди толтуруп бүтпөй коюшту. Демек алардын бул жакка келбешине кимдир бирөөлөр өтө кызыкдар», - деп айткан Саратова Би-би-сиге.

«Кавказский узел» сайтынын маалыматы боюнча, акыркы жолу келген аялдарга «Орусияга кайтып келгенде кылмыш иши ачылуусуна макулбуз» деген маанидеги кагазга кол койдурушканы кабарланган.

Хеда Саратованын айтымында Сирия менен Иракта изделип жаткан 780 орусиялык аял жана балдардын тизмеси бар.

Загидат Абакарованын иши боюнча кийинки отурум 28-январда болот. Анын үй-бүлөсү соттун чечимин күтүп отурат.

Нина Назарова, Ольга Просвирова, Русская служба Би-би-си