Батыш

Кыргыз бейпилдиги дүйнөдө канчанчы орунда?

20 декабря 2017 г. 16:24 746

Дүйнөдөгү бейпилдик (Global Peace Index) акыркы 10 жылда 2,14% начарлаган, 163 өлкөнүн 80инде жакшырса, 83үндө начарлап, Кыргызстан 163 өлкө арасынан 111-орунду ээлеген. Акыркы 10 жылда согушта өлгөндөрдүн саны 408%, терроризмден өлгөндөрдүн саны 247%, качкын жана ички миграциянын саны 2 эсеге өскөн.

Өлкөлөрдөгү ички чыр-чатактарда өлгөндөрдүн саны 2006-2007-жж. 35 988 болсо, 2015-2016-жж. 285 000ге жеткен б.а., 732% өскөн. Бул сандардын көпчүлүгү Сириядагы согуштун натыйжасы болуп саналса да, Сирияны алып салган да деле, 440% өсүш болгон.

Кээ бир кадыр-барктуу эл аралык уюмдардын рейтингдерине биздин өлкө кирбей да калат. Себеби, сөз эркиндиги тийиштүү деңгээлде болбогондуктан өкмөт тарабынан маалыматтар коомго ачык эмес. Анча таанылбаса да Австралияда жайгашкан Institute For Economics & Peace уюму алгылыктуу изилдөө жүргүзгөн аналитикалык борбор саналат. Бул уюм быйыл 11-жолу дүйнөлүк бейпилдик рейтингин жарыялады. Ал рапортто ар тараптуу маалыматтарды талдап, анын экономикалык наркын жана бейпил коомду өнүктүрүү үчүн ар кандай сунуш-пикирлерин берет.

Аталган уюм Global Peace Index 2017ни даярдап жатканда 8 негизге көңүл бурган. Коомдун бейпилдикте жашашы үчүн булар маанилүү. Алар: коррупциянын деңгээли, билим берүүнүн деңгээли, маалыматты эркин жеткире билүү (басма сөз эркиндиги), коңшулар менен мамиле, башкалардын укугунун корголуусу, ресурстардын адилеттүү түрдө бөлүштүрүлүүсү, коопсуз иш климаты жана мамлекеттик бюрократиянын (өкмөттүн) иштөө деңгээли. Бул факторлор бири-биринен көз каранды болуп, оң же терс таасир берет. Жогорудагы компоненттерге карап, коомдо чыр-чатак чыгып-чыкпашы мүмкүн же мүмкүн эместигин талдаса болот. Кыргыз Республикасы 2017-жылкы рейтингде 163 өлкөнүничинен 111-орунду ээлеген.

Исландия дүйнөдөгү эң бейпил өлкө. Ал 2008-жылдан бери биринчи орунду ээлеп келет. Рейтинг боюнча 1-Исландия, 2-Жаңы Зеландия, 3-Португалия, 4-Австрия, 5-Дания болгон. Былтыркы рейтингде да ушул эле өлкөлөр алдыңкы орунду ээлешкен. Ал эми акыркы беш орунду 158-Сомали, 159-Йемен, 160-Түштүк Судан, 161-Ирак, 162-Афганистан жана 163-Сирия өлкөлөрү алган. Мурдагы СССР өлкөлөрүнүн рейтинги төмөндөгүдөй (Прибалтика өлкөлөрүн кошпогондо, 32-Латвия, 36-Эстония, 37-Литвия), 71-Молдова, 72-Казакстан, 94-Грузия, 101-Өзбекстан, 103-Беларусия, 112- Армения, 132-Азербайжан, 111-Кыргыз Республикасы,118-Тажикстан, 119-Түркменистан, 151-Орусия, 154-Украина. Коңшу мамлекеттерди, же тыгыз байланышкан өлкөлөрдү ала турган болсок, 114-АКШ, 116-Кытай, 146-Түркия жана Орусия 151-орунда турат.

Европа эң бейпил регион катары аныкталган. Эң бейпил 10 өлкөнүн 8и Европа континентинен. Рейтингге катышкан 36 Европа өлкөсүнөн 23үндө абал жакшырган. Алардын катарынан абалы начарлагандар Белгия менен Франция. Париждеги жана Брюсселдеги жардыруулар бул эки өлкөнүн абалын начарлаткан. Ал эми Орусия менен Түркия согуш чыгып кетчү өлкөлөрдүн катарына киргизилген.

Зордук-зомбулуктун экономикалык таасири

Зомбулуктун дүйнөлүк экономикага тийгизген таасири 2016-жылы сатып алуу күчү паритети менен эсептегенде 14,3 триллион АКШ долларын түзгөн. Бул дүйнөлүк ИДӨнүн 12,6 пайызы. Башкача айтканда киши башына 1,953 АКШ долларынчалык таасири болгон. 2015-жылга караганда бул 3% (431 миллиард АКШ долларга) төмөндөгөн.

Рапортто бейпилдикти орнотуу үчүн коротулган $ 10 млрд, согушка коротулган $ 1,04 триллион доллардын 1% да түзбөөрү белгиленген. Бейпилдикти сактоо иш-чараларынын интервенцияга (кийлигишүү) караганда экономикага таасири 16 эсе жогору болоору да айтылат.

Бейпилдик системалык иш. Эң бейпил өлкөлөр коомдун бейпилдикте жашашын аныктаган 8 негизинин баарын так аткарышкан. Жогоруда аталган 8 негиз ар кандай стадияда ар кандай деңгээлде маанилүү болушу мүмкүн. Чыр-чатак чыгуу коркунучу бар өлкөдө мамлекеттик бюрократиянын (өкмөттүн) иштөө деңгээли, коррупциянын деңгээли, башкалардын укугунун корголуусу, коңшулар менен мамиле эң маанилүү 4 негизге кирет. Мамлекеттик бюрократиянын иштөө деңгээлин аныктаган факторлордун эң маанилүүсү - мыйзамдын үстөмдүгү жана коопсуздук маселеси деп белгиленген.

Маалыматты эркин жеткире билүү (басма сөз эркиндиги) жана бизнес чөйрөнүн жакшыртылышы орточо (дүйнөлүк) бейпилдик деңгээлине жетүүдө маанилүү. Биздин Кыргызстандын абалы 111-орунда турганы жана орточо бейпилдик деңгээлине жете албай жатышыбызды ушул 2 маселе менен чечмелөөгө болот. Тилекке каршы кечээги НТС телеканалынын, андан мурдагы Сентябрь телеканылынын, Нарын Айыптын, Чолпон Жакыпованын жана заноза.кгнин абалдары оптимистик көз караш менен кароого чакырбайт.

Европада бейпилдиктин индикатору, т.а., маалыматты эркин жеткирүүсү, (басма сөз эркиндиги) эң начар өлкөлөрдүн катарында Греция, Түркия жана Венгрия көрсөтүлгөн.

АКШда маалыматты эркин жеткирүү жөндөмү начарлаган. Айрыкча криминалитеттин көбөйгөнүн ойлогон жарандардын саны көбөйгөн. 2016-жылдагы президенттик шайлоо өнөкөтүндө саясий поляризациянын жогорку деңгээлге жетиши да буга себеп. Америкада саясий поляризациялашуу (каршылык) жаңы көрүнүш болуп саналат, ал эми кирешелердин бирдей эместиги жана расалык чыңалуу акыркы жылдары салыштырмалуу азайып баратканы белгиленген.

Жогоруда келтирилген индикаторлордон сырткары, 2016-жылга караганда 100 000 кишиге туура келген абактагы кишилердин саны, 100 000 кишиге туура келген полиция же коопсуздук күчтөрүнүн саны, саясий туруксуздук, качкындардын саны жана ички миграциянын саны боюнча да көрсөткүчтөрдө дүйнө абалы оорлошуп баратканы белгиленген.

(Уландысы бар)

Булак: http://visionofhumanity.org/indexes/global-peace-index/