Жорум

Сот болсоң ушундай бол!

20 декабря 2017 г. 13:21 904

Ошентип дагы бир каналды жапканы турабыз. Көрсө убагында аны Бабанов да бирөөдөн тартып алган имиш. Андан кийин Максим Бакиев да «колдонуп» таштаптыр. Эми ошону дүйнө жүзүндөгү эң адилеттүү сот тазаламай болду. Болгондо да өтө тез. Көрсө укмуш ыкчам иштеген сотубуз бар экен биздин. Баракелде! Болбосо кай бир иштерди карап турсаң айлап-жылдап аягына чыкпай жүрө берет. Мисалы, Манас аба майданында кулаган учактын дагы эле кимге таандык экени белгисиз. Чынында биздин эң гумандуу, эң акылман сот аны деле таап салмак. Эмнеге таппай атканын азыр түшүнөсүңөр...

Жанагы Шыкмаматов деген убагында аялынын машинасын 13 500 долларга Эсеп Палатасына сатыптыр. Он үч миң беш жүз долларга! Эмне деген акча?! Жок дегенде 12 500гө түшүрүп албайт беле? Базарда деле түш десең түшмөк да. 1000 доллар мамлекетке зыян келтириптир жүзү кара Шыкмаматов. А аны соттош керек деп канча айдан бери чуркап жүргөн соттун айлыгы, адвокаттын айлыгы, прокурордун айлыгы, алардын жардамчылары, тергөөчүлөр, кызматкерлер, тазалоочулар, кыскасы, канчалаган жумушчунун айлыгы кетти. Канчалаган энергия, убакыт кетти? Анын соту бүтөт экен деп канча киши нары жакта соттошо албай турду. Ушул ыгым-чыгымына эле кеминде дагы 10-15 машинанын акчасы кетти окшойт. Эң гумандуу сот болуш эле оңой эмес да. Ал дагы күчтүүлөп жеп, жакшылап эс алып турушу керек. Кыскасы, 1 машинаны сатып алган немени соттош үчүн эң гумандуу сотко 5-6 машинанын пулу кетти. Натыйжада биздин эң мээримдүү, камкор өкмөт менен эң адилеттүү сот «Кээде соттоп-моттоп убара болбой эле, баса калып тартып алыш керек» деген түшүнүктү киргизишкен.

А аябай чыр кишинин жүгү учак-мучагы менен куладыбы, анда анын сыныгынан бирди ал дагы башыңан үч жолу тегеретип, «Башы-көздөн садага! Жамандыктын баары ушуну менен өзүңө тийсин» деп үч жолу түкүрүп туруп ыргытып салыш керек. Акылдуу соттун чечими ушундай. Анан «Жүктүн ээси ким эле?», «Кулаган учак эмне болду?» дегенди унуталы. «Сот карабай койду», «Адилеттик кайда?» деген сөз да болбосун. Биздин соттор эң адилеттүү. Акыркы алты жылда эң укмуш соттор тандалган.

Эми азыркы маселеге келсек. НТС каналын кандай кылыш керек эле? Өтө туура кылышты. Бабанов да оңой киши эмес да. Убагында аны менен соттошсоң ута албай калышың мүмкүн болчу. Дагы эле канчалаган кызматкердин айлыгы, убактысы кетмек. Анан калса кайсы бир чопчоңдун кызына өкүл ата да боло койду деп жүрүшкөн. Ошондуктан эң гумандуу сот жөн гана карап отурду. Бир күнү болбосо бир күнү оозунан жаңылып, чет өлкөгө чыга качат. Ошондо барып каналын алыш керек деди. Туура кылды. Эң экономдуу жолу ушул. Чырдашып-мырдашып, соттошуп отуруунун кереги жок.

Алың жетпечүдөй болсо, убакыт коротпо. Көпкө чырдашчудай болсоң күтө тур, нервиңди коротпо. А жөн эле тырпырата калчудай болуп турса, жөн эле тырпыратып сал. Биздин соттордун кыйындыгы ушунда...