Маданият/Искусство

Миң сабак: Аркабызда жаңы муун күтүп турат

20 декабря 2017 г. 12:15 553

Ишибизге байланыштуу эл менен жолуккан учурларыбыз күн өткөн сайын арбып барат. Дин кызматындагы адамдардын сөзүн угууну самаган, жүрөктөрдү ыйманга толтурууну самаган, чындык издеген мекендештерибиздин саны барган сайын көбөйүп, катарыбыз толукталып келе жатат.

Жолугушуудан кийин көп учурларда элдин колуна кармата тургандай, окуп-түшүнүүдө жеңил болгон китептердин жетишсиздиги акыркы кездерде мени көп ойлондурчу болду. Албетте, учурда диний китептер көп эле чыгып жатат. Элдин руханий муктаждыгын канааттандырган, маңыздуу китептер болсо, окуй турган киши сөзсүз табылат. Элдин алдына чыгып сүйлөгөндө китептеги ойдун 10 пайызын гана бергенге жетише алат экенсиң. Себеби көп учурда маалымат берүүдө биз сөзгө кошо эмоция, кыймыл-аракетти пайдаланабыз. Убакыттын чектелүү болгонунан улам берейин деген оюңдун көпчүлүгү өзүңдө кала берет. Маалыматтын калганын китеп аркылуу жеткиликтүү кылып бере алсак абдан сонун болмок. Ушул нерселерди эске алуу менен чындык издеген, ыйманын курчуткусу келген жарандарыбызга китеп чыгарып турууну максат кылып жатабыз.

Өзүбүз өлүк болсок, эл да өлүк болот

Акыркы кездерде оюма көп нерселер келет. Педагогдорго, дин кызматында жүргөндөргө, мамлекеттик кызматтарда жүргөндөргө “Өлүп калган сөздү, өлүк жүрөктөргө, өлүктөргө жеткире албайсың. Өлүк барып өлүктү тургузбайт. Өзүбүз өлүк болсок, албетте, эл өлүк болот! Биз тирүү бололу! Жандуу бололу! Рухту ойгото турган, жүрөктү ойгото турган, аң-сезимди ойгото турган сөздөрдү сүйлөйлү. Эй, айланайын мугалимдер, агартуучулар, биздин мойнубузда чоң милдет турат. Өлкөбүздүн келечеги болгон жаш муундун баары бизди карап турат. Аларга үлгү, өрнөк боло тургандай иштерди кылалычы”, - деп жар салып кыйкыргым келет. Артыбыздагы муун бизди карап күтүп калды. Азыркы балдарыбызда текеберчилик деген, укпай коюу деген жок. Мектептерге барганда сабактарда кадимкидей сөз уккусу келип, салабаттуу турушат. Мугалимдердин негизги милдети – окуучуларга акысын берүү болуп саналат. Бул пайгамбарыбыздын “Ар бир акылуунун акысын бергиле” деген сөзүнө үндөшөт.

Ушундан улам материалдык акыдан да, руханий акынын жоопкерчилиги бийик экенин ойлонот экенсиң. Руханий акыдан калып кала турган болсоң, Кыямат күнү жооп берип кала турган маселе жаралышы толук мүмкүн. Жарандарыбызга рух азыгын беришибиз керек. Руханий азык бериш үчүн жандуу жамаат топтолуп, жалпы массага таасир этиш керек. Азыр дин чөйрөсүндө жүргөн адамдар изденбей жатабыз. Окубоонун кесепетинен ыкластуулук жоголуп баратат. Баарыбыз отуруп калган пикирге, же тагыраак айтканда, стереотиптерге такалып калганбыз. Мурдагы эле кайталанма, кургап калган усулдарды пайдаланып жатабыз. Кургак сөздөр. Изденүүчүлүк жок. Кудай Таала да бекеринен Куранда эң биринчи аятты “Оку” деп бербеген чыгар. Оку, бирок жараткан кудайыңдын аты менен оку!

Мисирде окуп жүргөн кезибизде бизге Батыштын элин мокочо кылып көрсөтүп коюшкан эле. “Булардын иши бүткөн. Алар андай-мындай” деп ирээнжитип коюшкан. Батыш ойчулдарынын, америкалык ойчулдардын китептерин окуп көргөн эмес экенбиз. “Алар бардыгын бизден алган. Биздин мусулман илимпоздор ойлоп тапкан нерселерди илимге негиз кылышкан. Медицина бизден чыккан, астрономия, алгебра бизден чыккан” деп эле өзүбүзчө корстон боло бергенбиз. Туура, алар бир кезде бизден алган экен. Эми биздин да алардан алчу кезибиз келди. Азыр биз намазда кыбыланы караган болсок, маданиятта, илимде-билимде, технологияда, дегеле, адамдын жашоосундагы кийинген-ичингенинен баштап Батышты карап калдык. Булардан да ала турган, адамдарга жеңил жеткире турган ыкмаларды алганга эмнеге болбосун?! Мисалы, финдердин өнүгүүсүнө, билим берүүсүнүн дүйнөлүк деңгээлде алдыңкы орунга чыгышына кечил-христиандардын кошкон салымы зор экен. Алар рухтун жандуу болушу үчүн көптөгөн аракеттерди жасаган. Снелман аттуу акылман да эң биринчи попторго кайрылып: “Эгер силер тирүү болсоңор, эл да тирүү болот. Силер өлүк болсоңор, эл да өлүк болот” деген экен. Бул киши сүйлөп түшүп кеткенден кийин ошол жерде отургандардын 80 пайызы “Туура айтып жатат” деп кубаттап жиберишкен.

Мусулмандар көп нерсени сырттан үйрөнүшү керек

Биздин улуттук кыртышыбызга туура келген, Батыштан ала турган ыкмалардын бар экенин да жерибешибиз керек. Али (разиаллаху): “Эки жүздүү болсо да сырдуу жакшы иши болсо, билгенин билип, илимин ал” деген экен. Аны албайбыз десек, Германиянын, Жапониянын машинелерин минбешибиз керек. Мусулмандар үчүн азыр көп нерсени сырттан үйрөнүүгө убакыт келип жетти. Адамдын рухун ойгото албай жаткандыгыбыздын бирден-бир себептери төмөнкүлөр:

Көп окубоо;

Изденбөө;

Көйгөйдүн үстүндө тынчсызданбоо (кайдыгерлик);

Ушул маалымат башкага да жетип калса экен деп кам көрбөө;

Мамлекетибизге, дүйнөгө жайылса экен деген жапа чегүүнүн жоктугу;

Өзүбүз көрүп-билип турган нерсени иш жүзүндө көрсөтпөө.

Ушунун баарын чечмелей турган болсок, ар бири өзүнчө тема кылып сабак өтүүгө арзыйт. Мисалы, мен да өзүмө кээ бир учурларда нааразы болуп кеткен учурларым болот. “Элдин алдына чыкканда окубай чыгып алып атамбы”, “Китептерди тереңдетип окуп, караш керек болчу” деген сезимдер келип, өзүмдү жемелеген учурларым болот. Ал эми көп учурларда кыргыз коомунда эл алдына даярданбай чыгып сүйлөгөндөрдүн деңгээли, канчалык китеп окуганы, көрөңгөсү, потенциалы анын эки ооз кебинен эле байкалат. Канчалык мамлекеттик кызматта отурбасын, докторлук даражасы болбосун билими, тажрыйбасы элдин алдына чыгып кайрылганынан көрүнүп турат. Атыбыз затыбызга татыктуу болуш үчүн адамгерчиликтин принциптерин туу тутуп, айтканыбыз жасаганыбызга, билимибиз ишибизге айкалышып турса кандай сонун болмок.

Эл бизди карап турат

Бизден – дин чөйрөсүндөгү кызматкерлерден эл көп нерсени күтүп жатат. Тескерисинче, биз алардын күткөн нерсесин бере албай жатабыз. Ал биздин сабатсыздыгыбыздан болуп жатат. Көп жерде сүйлөгөнүбүз менен, бизде жазуу маданиятыбыздын калыптанбагандыгы да көп маселе жаратып келет. Күндөлүк кылган ишибизге акыл калчап, өзүбүзгө отчёт берип койсок, ар бир ишибизди кагаз бетине каттап койсок, инсандык өнүгүүбүздөгү чоң өсүш болмок. Өзүбүздө көп кемчиликтер бар. Ушулардын бардыгын эмнеге толуктаганга болбосун.

Акыркы кездерде бала тарбиясы боюнча көптөгөн ойлор, өзүңдүн ким экендигиңди таануу, кандай болушуң керек деген ойлор сезимиме тынчтык бербей жүрөт. Балдардын акылын, ыйманын, сезимин өстүрүүгө ылайык кандай китептерди чыгарыш керек? Китепте баланы окууга багыттай турган кандай материалдар камтылышы керек? Орусча, түркчө, арабча окуганга багытты кантип беребиз деген суроолорго жооп тапканга аракет кылып жатабыз. Кыргызстанда Фыкыхка тиешелүү, хадис-аятка тиешелүү пикирий китептерди окуу жок болуп жатат. Мындай китептер тар чөйрөдө гана окулуп, көпчүлүккө жетпей калып жаткандыгы өкүнүчтүү. Пикирий китептерди окубай жаткандыгыбыз чоң маселе жаратууда. Учурда дүйнөлүк аалымдардын көптөгөн китептери чыгып калды. Ойлорду көчүрүү керек. Тарбияны жаңылоо керек. Тарбиянын философиясын түшүнүү керек. Арабдар да кыйналып, зулум көргөндүктөн аларда да жаңы пикирлер пайда болду. Дүйнө жүзүндө жазылып жаткан аалымдардын жаңы пикирлерин таап, окуп, аны элге чын дили менен жеткирүү учурда абдан маанилүү. Карапайым элди, интеллигенцияны жада калса, окуучуларды да жакшы китеп тартуулап жыргата элекпиз.

Жалпысынан алып карап көргөндө биздин элибиз жаман эл эмес. Элибиз сөз уга турган эл. Учурда карапайым элибизге кошуп коомубуздун алдыңкы өкүлдөрү болгон интеллигенциябызды да кор кылдык. Биз өзүбүз жогорку даярдыкта болушубуз керек. Кадрларды даярдашыбыз керек. Ар кандай деңгээлдеги жыйындар болгондо администрациядан, мектептерден, университеттерден “Казыке, сүйлөп коюңузчу” деп жер-жерлерге чакырып жатышат. Биз сүйлөй турган аудитория даяр. Дин адамдары интеллигенттер менен иштешип кете ала турганга жөндөмдүү болушу керек. Аларды эч кандай рамкага киргизбеш керек. Аларды чочутуунун кереги жок. Бизди көргөндө “рамкага түшүп калам” деген коркунуч жаратпаш керек. Бизге намаздан, ажыдан, зекеттен, ибадаттан мурун “оку” деген аят келген.

Китептерибиз рухсуз

Мамлекетибизден динибизге эч кандай кысым көрсөтүү болгон жери жок. Конференция өтөбүз десек да мамлекет шарт түзүп берет. Бирок ошондой жогорку деңгээлдеги конференция боло турган болсо, ошол жерге чыгып доклад окуганга, же сөз сүйлөгөнгө даярбызбы? Дин деген элдин башын айландыруу эмес. Дин да атайын изилдөөгө, илим алууга татыктуу илимдердин паашасы. Европада диний конференциялар өтө турган болсо, ал жерде сүйлөөчүнүн сөзү, ошол материал боюнча көрсөтмөлүүлүгү, акырында катышуучулардын бардыгына китепчелерди, аудио-видео материалдарды таратып берүү мүмкүнчүлүгү бар. Ал эми биздин акыбалыбыз кандай болуп жатат? Китептерибиздеги материалдар жасалма, рухсуз болуп жатпайбы. Ушундайда ата-бабаларыбыздын акылман сөздөрүнө баа бересиң.

Мисалы, “Сөз түбүндө түнөө” деген сөздүн маанисине кийин-кийин гана түшүнө баштадык. Көрсө, сөз багуу да чоң өнөр экен. “Сөздү кантип айтам? Кантип жеткирем?” деп ойлоно баштайт экенсиң. Жүрөктүн түпкүрүнөн айтуу жана тилдин учунан айтуу бар экен. Айта турган сөзүңдү жүрөктө үч күн болобу, беш күн болобу бышырбасаң ал багылды деп эсептелбейт экен. Эгер сөз жүрөктө жакшы багылса, башка жүрөктөргө жетип, таамай тийип, акылга кыттай уюйт. Карапайым сөз болсо дагы ошончо таасирдүү болот. Маселен, кээ бир элдердин сүйлөгөн сөздөрүнүн жыты мурдуңда, даамы таңдайыңда калат.

Ошондой эле оозеки кебибизден сырткары жазма кебибизде жансыздык байкалып жатат. Жандуу китептердин жетишсиздигинен балдарга солгун тарбия берип жатабыз. Китеп дагы сөздүн күчүн талап кылат. Балдарыбыз көп учурда жеменин үстүндө чоңоюп жатат. Жеме жандуулукка алып келбейт, тескерисинче, басынтуу адамдын инсандык касиеттерин өлтүрүп, жансыздыкка алып келет. Жөөт дегенибиз менен бала тарбиялоодо алардан ала турган көп үлгүлөр бар. Немис балдары 18ге чыкканда ар ким менен өз алдынча сүйлөшө алган, сөз тартып кете ала турган болушуп, өтүмдүү болуп чоңюшат. Окуу, жандуу сүйлөө, үрп-адатка кароо барып-барып эле тарбия берүүгө такалат. Устаздарыбыздын “Сөздүн үстүндө жашап, ага тынчсызданып, мээңе, жүрөгүңө жашатып, анан гана тилиңдин учуна сал” деген сөзүн мисал кылсак болот. Көп нерселерге аң-сезимдүү ой жүгүрткөнгө убакыт келди.

Мамбетасан Ибраев, Нарын облусунун казысы