Экономика

Чет өлкөлүк Кыргызстанда үй алса болот. Өзгөртүүлөрдүн күңгөй-тескейи

20 декабря 2017 г. 10:46 760

Башка мамлекеттин жарандарына Кыргызстанда үй салууга жана кыймылсыз мүлк сатып алууга уруксат берилгени жатат. Турак-жай кодексине өзгөртүү киргизүү парламенттин кароосуна сунулду.

Мыйзам долбоору эгер туруктуу жашап туруу укугу, же инвестициялык визасы бар болсо чет өлкөлүктөргө жана жарандыгы жок кишилерге кыймылсыз мүлк сатып алууга уруксат берет.

Башка өлкөлүктөргө, жарандыгы жокторго жана чет өлкөлүк юридикалык жактарга чек арага жакын аймактарды гана сатып алууга болбойт. Анткени «чек арага жакын аймактарда торрордук жана экстремисттик чабуулдар болуп кетчү коркунучу бар».

Адилет министрлигинин «күңгөйү»

Чет өлкөлүктөргө үй сатып алуу үчүн мамлекеттик мекеменин уруксатын алуунун кереги жок. Сатып алуу жарандык мыйзамдарга ылайык ишке ашат.

Мындан инвестициялык маанай жакшырат, чет өлкөлүктөр үчүн кыймылсыз мүлк сатып алуу жана кайра сатуу тартиби жеңилдейт, турак жай фонду да эффективдүү колдонула баштайт деп ишенет Минюст.

Кыргызстан коңшу мамлекеттердин тажрыйбасын колдонуп жатат. Мисалы, Казакстанда республикада дайыма жашаган жана турууга уруксаты бар чет өлкөлүк үй сатып алууга укугу бар. Өзбекстан менен Белоруста да ушундай эле талаптар коюлган. Орусияда үй алып-сатуу үчүн чет өлкөлүктүн визасы же миграциялык картасы, же туруу укугу, же убактылуу калууга уруксаты болуш керек.

Инвесторлордун чочуусу

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Минюст инвесторлорду кызыктыргандын ордуна качырган өзгөрүүлөрдү сунуштоодо деп эсептейт.

Анын айтымында негиздеме катта башка, мыйзамда башка нерсе жазылган. Учурда чет өлкөлүктөр үйдү жеңил эле сатып алса болот, өзгөрүүлөр кирсе талаптар оорлошот.

«Чет өлкөлүктөрдүн кыймылсыз мүлк сатып алуусун чектегени турушат. Инвестициялык виза алыш үчүн каражат керек. Үй куруу тууралуу сөз кылынып жатат, бирок ал анте албайт, анткени мыйзам ага турак жай курууга, же сатып алууга тыюу салат, мыйзамда ушундай талаш чыкты», - дейт депутат.

Ал минюстка чет өлкөлүктөргө коюлган чектөөлөрдөн мыйзамды «тазартып» келүүнү сунуштады.

Аны депутат Мирлан Жээнчороев да колдоду. Минюст тышкы иштер министрлигинин бир инструкциясынан улам мыйзамды өзгөртүп жатыптыр. Инструкция – мыйзам ченемдүү акт эле. Ал өзгөрсө, мыйзамды эмне кыласыңар?» - дейт парламентчи.

Тыюу бар жерде пара бар

Адилет министрлиги чет өлкөлүк жарандардын үй алуу арызын караган комиссияны жоюп жиберүүнү сунуштап жатат. Комиссия ансыз деле 2013-жылдан бери иштеген эмес. Анын ордуна башка орган түзүү сунушталууда.

Депутаттар чет өлкөлүк жаран инвестициялык визасы, же жашап туруу укугу гана болсо турак жай сатып ала алат дегенге каршы.

«Биздин көп жараныбыз тынчыраак иштеш үчүн, айла жоктон орусиялык жарандыкты алышкан. Эми бул жакта үй алам десе ала алышпайт. Бул адилетсиздик. Биз булар жөнүндө да ойлонушубуз керек. Алар миллиондогон долларды бекер эле которуп жатышабы?» - деди депутат Эльвира Сурабалдиева.

Азамат Арапбаев Минюстка үй сатып ала алчу чет өлкөлүктөрдүн тизмесин кеңейтүүгө чакырды.

Жогорку Кеңештин аппаратынын укуктук жана атайын түрлөр боюнча экспертиза чыгаруу бөлүмдөрү «Сырткы миграция жөнүндө» мыйзамынын 15 жана 31-беренелерине жараша айрыма туруктуу жашап туруу укугун эгер аларга буга чейин иммигрант макамы берилген болсо, чет өлкөлүктөр менен жарандыгы жок кишилерге 5 жылдан кийин берилээрин белгиледи.

Биринчи типтеги инвестициялык виза инвесторго жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө Кыргыз Республикасынын экономикасына 10 миллион сомдук инвестиция салганда 3 жылга берилет.

Арыз жазган чет жактык инвестор макамына бап келгени тууралуу инвестициялык саясат боюнча тиешелүү мекеме оң аныктама берсе, аны дагы 3 жылга берүүгө болот.

Жогорку Кеңештин фискалдык саясат боюнча комитети мыйзам долбоору сунулуп жаткан максаттарына жетпейт деген бүтүмгө келген. Ал инвестициялык маанайды жакшыртпайт жана чет өлкөлүктөрдүн кыймылсыз мүлк сатып алуусун жөнөкөйлөтпөйт.

Көптөгөн «бироктор» болгону менен депутаттар өзгөртүүлөрдү биринчи окуудан өткөрдү. Бардык сунуштар каралып жатат. Алар мыйзам каралып жатканда эске алынып-алынбасын Минюстта азырынча эч ким айта албайт.

Юлия Костенко, 24kg