Коом

​Мьянма бийлигине рохинжа мусулмандары үчүн геноцид айыбы тагылабы?

19 декабря 2017 г. 15:10 412

Бириккен улуттар уюмунун адам укуктары боюнча Улуу комиссары Зайд Раад Зайд аль-Хусейн Мьянмадагы рохинжа элине каршы үрөй учурган кылмыштарды кылгандар жоопко тартылышы керек деп эсептейт.

БУУда чоң макам ээлеген бул өкүл дүйнө боюнча адам укуктарына көз салат, ошондуктан анын пикири өтө салмактуу.

Эми ал чыгарган бүтүмдүн кесепети Мьянманын эң жогорку даражадагы төбөлдөрүнө тиймекчи. Мамлекеттик кеңешчи жана өлкөнүн жарандык лидери Аун Сан Су Чжи менен куралдуу күчтөрүнүн башчысы генерал Мин Аун Хлайн геноцидге айыпталып, сот алдына чыгышы мүмкүн деп эсептейт Аь-Хусейн.

БУУнун Кеңешинин алдында декабрь айында сөз алган аль-Хусейн мьянмалык рохинжа улутунун аркасынан түшүп, дайыма куугунтуктоодо геноцид белгилери бар деп айткан. “Чоң масштабдагы аскердик аракеттер алардын чечимдери эң жогору жакта алынганын ашкерелеп турат”, - деди Улуу комиссар БУУнун Женевадагы башкы кеңсесинде жолукканымда.

Кимдир бирөөнү оор кылмыштарга айыптаганда да, “геноцид” сөзү оңой айтылчу аныктама эмес. Бул сөз чын эле үрөйдү учурат. Мындай доого өтө за адам жыгылган.

Геноцидге экинчи дүйнөлүк согуштан кийин укуктук аныктама берилген. Жаңы эле түзүлгөн БУУга кирген өлкөлөр аны бир этникалык топту толугу менен кырып жоготуу аракети деген.

Геноцид болгонун далилдөө аль-Хусейндин ыйгарым укуктарына кирбейт, аны сот гана чечет. Бирок Зейд мырза Ракхайн штатындагы мусулман элине каршы жасалган “үрөйдү учурган” басмырлоолор боюнча эл аралык тергөө жүргүзүүгө чакырат.

Улуу комиссар геноцид болгонун далилдеш кыйын экенин түшүнөт. “Албетте, ким болбосун геноцид жасоону мерчемдесе жазуу түрүндө нускама бербейт”, - дейт ал.

“Мында далилдер өтө арбын, - дейт БУУнун Улуу комиссары. – Сот биз тапкан нерселердин негизинде ошондой чечимге келсе, мен таң калбайм”.

Декабрь айы башталып жатканда 650 миң рохинжа, б.а. өлкөдөгү бул этностун үчтөн экиси Мьянмадан качып чыкты. Жүздөгөн айыл өрттөлүп, миңдеген киши өлгөнү айтылууда.

Үрөй учурган айбандык – топ-тобу менен өлтүрүү жана зордуктоолордун далилдери бар. Араздашуу кайра күч алаар алдында бул тууралуу мен өзүм да качкындардын лагеринин бирөөсүнөн уккам.

Баарынан да Аун Сан Су Чжинин өзү менен августта күч алган зомбулук маалында жолугуп, рохинжаларды коргоого чакыргандан жарым жылдан кийин геноцид болгону комиссарды кайгыртат.

БУУнун Улуу комиссарынын айтымында, 2016-жылдын октябрынан баштап кылынган айбанчылык боюнча баяндама чыккан соң февраль айында Мьянманын лидери менен телефон аркылуу сүйлөшкөн.

Мен аны бул аскердик операцияларды токтотууга чакырдым, - дейт комиссар мага. – Анын адамкерчилигине кайрылдым. Муну токтотуу үчүн колунан келген бардык нерсени кылышын өтүндүм. Токтоттура албаганыма аябай өкүнөм”.

Жарандык лидердин армияга таасири чектелүү, бирок Аун Сан Су Чжи аскердик аракетти токтотуу үчүн көбүрөөк чара көрө алмак деп эсептейт Зайд Раад Зайд аль-Хусейн.

Аль-Хусейн Аун Сан Су Чжинин расмий билдирүүлөрүндө “рохинжа” деп бир да жолу айтпаганын сындайт.

“Аларды ысымсыз калтыруу адамкерчиликке жатпайт, ошондуктан бардык нерсе болуп кетиши мүмкүн деген ойго салат”, - дейт аль-Хусейн. БУУнун мынчалык даражалуу чиновнигинин оозунан чыккан бул сөздөр аябай салмактуу.

Ал 2016-жылы дүйнө коомчулугунун чара көрбөгөнү Мьянманын аскерлерине ого бетер дем берген деп эсептейт ал. “Алар коркпой эле койсо болот деп чечкен окшойт”, - дейт БУУнун комиссары.

“Биз аскердик операциялар жакшы ойлонулуп, мерчемделгенин сезе баштадык”, - дейт аль-Хусейн.

Мьянма өкмөтү аскердик чабуул августтагы 12 аскер өлтүрүлгөн террордук аракеттерге жооп катары ишке ашкан деген.

Бирок Би-би-синин “Панорама” программасы узак мөөнөттүү чабуулга даярдык теракттардан мурун эле башталганы тууралуу далил жыйнаган.

Биз аскерлер бул өрөөндүн буддачыларын машыктырып, куралдантып баштаганын көрсөткөнбүз. Зомбулук башталаардан бир нече апта мурун өкмөт “өз мамлекетин сактап калам деген ар бир рокхайнды” куралдуу полистердин курамына чакыра баштаган.

“Бул чечим куралсыз калкка натыйжалуу жазасын берүү үчүн кабыл алынган”, - дейт былтыркы мыкаачылыктар башталаардан мурунку окуяларды изилдеген Fortify Rights жарандык уюмунун башчысы Мэттью Смит.

Мьянмадан качып чоң лагерлерге коргологон качкындар да аны ырасташат. Алар рохинжалардын үйлөрүн өрттөп жаткан бул ыктыярдуу кишилерди көрүшкөн.

“Ал кишилердин аскерлерден айырмасы жок болчу, ошондой эле куралдуу да болушкан, - дейт Мьянманын мурунку ийгиликтүү ишкери Мохаммед Рафик. – Алар биз тааныган жергиликтүү жигиттер эле. Аскерлер биздин үйлөрдү өрттөп, бизди кыйнап жатышканда чогуу жүрүшкөн”.

Рохинжа элин али кыйынчылыктар күтүүдө.

Жайында Ракхайн штатынын түндүгүндө тамак-аш жетпей баштады. Өкмөт кычап жолдорду ого бетер бууду. Августтун ортосунан баштап бийлик түндүк Ракхайнга азык-түлүк жана гуманитардык жардамды толук токтоткону “Панорамага” белгилүү болду.

Аскерлер болсо тескерисинче жардам алышты. Террактка эки апта калганда, 10-августта Ракхайнга дагы бир батальон жиберилгени тууралуу маалымат келди.

БУУнун Мьянмадагы адам укуктары боюнча өкүлү бийликти сабырдуулукка чакырган расмий билдирүү кылды.

Рохинжа согушкерлери 30 полис бөлүмүнө чабуул койгондо, аскер кеңири, системдүү жана кыйратуучу жооп берди.

Би-би-си Аун Сан Су Чжи менен генерал Мин Аун Хлайнга бул маалыматты чечмелеп берүү боюнча кайрылды, бирок жооп алган жок.

Андан бери өткөн төрт айдан кийин да аскердик чабуул токтой элек деп чочулайт Зайд Раад Зайд аль-Хусейн. Мунун баары мындан да оор нерселердин башталышы болушу мүмкүн деп коркот БУУнун Улуу комиссары.

Ал Бангладештеги качкындардын лагерлеринде Мьянмада терракт уюштуруп, будда храмдарына да кол салган жихадчылар пайда болушу мүмкүн деп тынчсызданат. Андан конфессиялар аралык араздашуу тутанып, буддачылар менен мусулмандар тирешип калышы мүмкүн.

Улуу комиссар бул коркунучтуу экенин, бирок Мьянманын бийлиги мындай коркунучка жетишээрлик көңүл бурбай жатканын айтты.

“Абал оорлошуп бара жатат, - дейт ал. - Дүйнө коомчулугунун олуттуу тынчсыздануусуна бул өлкөнүн бийлиги үстүртөн кароодо”.

Жастин Роулатт, ВВС