Ислам дүйнөсү

Дагы көбүрөөк ишке жетишүүнүн 4 эрежеси

19 декабря 2017 г. 15:20 1283

Стикерлердин эмне жамандыгы бар, жагымсыз иштерди жылдыра берүүдөн кантип кутулабыз жана «50-10-50» деген ыкма кандай...

Биз убакыт дайыма жетпеген доордо жашап келебиз. Бир эле убакта бир нече жумуш менен алек болууга мажбурбуз. Күн сайын аябай көп маалымат алабыз. Электрондук почталардагы, мессенжердеги каттар менен телефон чалуулар ойду ого бетер чаржайыт кылат. Анысы аз келгенсип досторубуздун жашоосунда, же жалпы эле дүйнөдө болуп аткан аябай маанилүү бир нерседен куру калган жокпузбу дегендей соцтармактарды да карап турушубуз керек.

Мындайда керектүү жумуш үчүн убакыт менен күч-кубатты кантип сакташ керек? Бул үчүн чү дегенде «кылт этме уурулардан» кутулуш керек. Себеби алар күн сайын убактыбызды бизге байкатпай уурдап, кубатыбызды, демибизди ала берет.

1. Чаржайыттыктан арылыңыз

Короодогу (рабочий стол), же кат куржундагы (почта) башаламандыктын натыйжасына көп деле маани бербейбиз. Чынында бул анча алысты ойлобоонун кесепети. Мисалы, короону жыйнап, ирээтке келтирүү бир саатты алса, иретсиз короодон керектүү куржунду (файл) табуу болгону 1-2 эле мүнөткө созулат дейбиз. Бирок, ошол «болбогон 1-2 мүнөттү» бир күндө бир канча жолу, а бир жумада 5-6 күн бою жоготуп атканыбызды көп деле ойлой бербейбиз. А болбосо компьютердеги короо (рабочий стол) менен кат куржунду бир ирээттеп алсаңыз, ал бир канча жумага чейин жыйнактуу тура берет. Муну менен кандайдыр бир куржунду (файл) табалбай ачууланып, натыйжада ишке болгон ышкыңызды жоготуп алуудан да кутулаарыңызды унутпаңыз.

Компьютерде иштегенде сизди эч нерсе алаксытпагыдай болсун. Андай болуш үчүн бардык оокаттарды (түстүү стикерлерди, калем-салем, кайчы-майчы салынган кеңсе кутуларын) столдун наркы четине жыйнап таштаңыз. Монитор менен сиздин ортоңузда жана 10-15 сантиметрлик аралыкта клавиатура менен сакадан (мышка) башка эч нерсе болбосун. Көрүү аймагыңызда турган майда-чүйдөлөр сизди алаксытып, оюңузду чачыратат. Иштен алаксыта турган эң негизги азгырык – бул жасалчу иштер жазылган стикерлер. Сиз кандайдыр бир жумушту аткарып отурсаңыз эле кийинки кезекте жасалчу иш капыстан көзүңүзгө илине калат. Анан аны окуп, бир саам ойлоно калдыңыз дегиче бүттү, кайра ишке бурулгуча бир канча мүнөтүңүз жок болот.

2. Чымын-чиркейлерди көбүрөөк жоготуңуз

Дайыма эле кийинкиге жылдыра берген майда-чүйдө жагымсыз иштерибиз болот. Мисалы, кол алдыңыздагылар менен такташчу маселелер, же маянаңызды жогорулатууну сурануу, же көңүлгө жага бербеген бирөөнө телефон чалуу дегендей. Мына ушундай иштерди чымын-чиркей десек болот. Күн сайын «бүгүн ушуну сөзсүз бүтүрбөсөм...» дейбиз, бирок бүтүрбөйбүз. Ал иштер болсо убактыбызды, кубатыбызды тымызын соро берет. Маанилүү бир нерсе кылып атканыңызда эсиңизге кылт эте калып, мазаңызды алып, иштен алаксытат. Анан эле ушул иштен кечээ эле, же андан мурунку күнү деле (же андан да наркы бир убакта) бүтүрүп салбаганыбызга өкүнүп, өзүбүздү өзүбүз жемелеп отура беребиз жана ошону менен өзүбүзгө ишенүү сезимин жогото баштайбыз. Ошол эле дейсизби? Ошол бир канча мүнөттө эле чечилип, бүтүп калчу маселе убакыттын өтүшү менен олчойгон көйгөйгө айланып кетиши да мүмкүн.

Ошондуктан атайын бир убакытты белгилеп алып, күн сайын ошол маалда ушундай иштерди бүтүрүңүз. Андан соң ысык чайдан куюп, бир кертим шоколаддан жаныңызга коюп алып жыргап иштей бериңиз. Эгер жанагыдай жагымсыз иштерди эртең менен эле чечип таштасаңыз, анда ошондон кутулуу менен алынган кубат сизге күн бою жетет. Жонуңуздан бир жүктү оодарып таштагандай жеңилдеп, кичинекей болсо да бир кырды ашып алганыңызга кубанып, сыймыктанып каласыз. Кана эмесе, чымын-чиркейлердин тизмесин түзүңүз да, шатыратып жогото баштаңыз.

3. Фокусту кармаңыз

Кишинин мээси толук кандуу ишке кириши үчүн эң биринчи ага жакшылап берилип алышы керек. Ошондон улам алгачкы 5-10 мүнөттө биз жарым эле кубат менен иштейбиз, анан улам нарылаган сайын берилип, түшүмдүүлүгү арта баштайт. А кокус иш учурунда бирөө алаксытчу болсо, анда жанагы процессти кайра кайталоого туура келет. Ошол эле маалда маанилүү, чоң иштерди жасоо үчүн узун-узун убакыт бөлүктөрү керек. Мисалы, олуттуу иштерди жасоодо мен «50-10-50 ыкмасын» колдоном. Биринчи элүү мүнөт эч нерсеге алаксыбай, бир маселенин үстүндө иштейсиз, андан кийин 10 мүнөткө тыныгуу жасап, колдон келишинче башка нерсе менен алектенесиз. Мындайда эң жакшысы сыртка чыгып дем алып, кичине көнүгүү жасап, керилип-чоюлуп келгениңиз оң. Анан кайра 50 мүнөттүк жумуш...

Мындай айлампаны бир күндө экиден ашырбаңыз. Себеби ал моралдык жана физикалык кубатты алат. «50-10-50» айлампасын баштаарда жакшылап даярданып алыңыз. Телефонду үнсүз режимге коюп, кат куржун менен соцтармактарды жаап, тез арада сүйлөшүлчү бардык маанилүү иштерди сүйлөшүп алыңыз да, ишти баштаңыз. Убакытты мерчемдөө үчүн таймер колдонуңуз. Убакыт тууралуу эч нерсе ойлонбой, жумушка баш-отуңуз менен киришиңиз керек. Маалы келгенде таймер белги берет. Алгач сизге бул көп деле жакпайт. Телефонду карагыңыз келип, кат куржунуңузду, соцтармактарыңызды текшергиңиз келе берет. Деги бул 50-10-50 ыкмасына көнгөнгө чейин 50 мүнөттүк мөөнөт аяктай элек экенин унутуп эле башка нерсеге алаксый беришиңиз мүмкүн.

4. Тырмоокторду жоготуңуз

Кичине эмгек, дагы бир аз ой-жүгүртүүнүн натыйжасында убакытыбызды уурдаган ууруларды түп орду менен жок кылып, көп убактыбызды үнөмдөп, нервибизди сактайбыз. Кеп улам-улам эле баса берген «тырмоокторду» жолдон алып салуу тууралуу болууда. Мисалы, интернет баракчабызга кардарлардын маалыматын чогултуп, сүрөттөрүн жайгаштыруу менен алек болгон бир жумушчу кызыбыз дайыма эле кардарлар ага сапатсыз сүрөттөрдү салышаарын айтып нааразы болуп жүрчү (чын эле ошондой кылышчу). Натыйжада тигилерге түшүндүрүп, алары сүрөттөрүн кайра даярдап жибергиче сайттагы маалыматтар да кечеңдечү. Эгер ошондо маселенин себебин таап чечип бербегенибизде, бул «тырмоок» ал кыздын жолунда дагы эле жата бермек. Биз сүрөт кандай даярдалса туура эмес болот жана кандай даярдалышы керек деген үлгүлөрү менен түшүндүрмө эрежелерди даярдап, кардарлар толтурчу жерге жайгаштырып койдук. Бул маселе ошону менен жок болду.

«Тырмоокторду» тазалоо ишин дагы кеңирирээк ача кетсек. Долбоор ишинде жакшы жардамы тийе турган бир сонун курал (инструмент) бар. Анын жардамы менен «тырмоокторду» гана тазалап тим болбой, көйгөйлүү маселелерди таптакыр жулуп ыргытып, жумушта пайдага, ишкерликте ийгиликке жетүүгө болот. Анын аталышы Issue BackLog. Колдонгонуңузда ишиңиздеги ийгиликтер жана көйгөйлөр деп экиге бөлүнгөн excel документти чыгарып берет. Ар бир бөлүгү ийгилик же көйгөй тууралуу толук маалыматтарды камтыган, келечекте тажрыйба катары колдонууга жарай турган ийгиликке жетүүнүн жолдору менен маселе чыгаруучу себептери бар бир канча бөлүкчөдөн турат. Issue BackLogду колдонуу бара-бара «тырмоокторду» болушунча азайтып, сиз жасап, же көрсөтүп жаткан иштин, сервистин, товар менен кызмат көрсөтүүнүн сапатын аябай чоңойтууга, же жакшыртууга жардам берет.

Жогоруда айтылган ыкмалар менен жумуштагы өндүрүмдүүлүгүңүз артып, жакындарыңызга, дос-жарыңызга, хоббиңизге көбүрөөк убакыт бөлө аласыз. Тек гана айтылгандын баарын шар эле аткарып кетем дебеңиз. Алгач аткарууга эң жеңил болгонунан баштаңыз. Качан ал сизге адат болуп калганда гана кийинки кадамга өтүңүз. Кыскасы, өз убактыңызды уурдатууга жол бербеңиз, себеби аны кайра кайтара албайсыз.

Сергей Пигарев, Forbes