Кытай/Индия

МАХМУД КАШГАРИ ТУУ КӨТӨРДҮ

18 декабря 2017 г. 19:29 835
Жакында эле Кыргызстандагы илим-билим, маданият жаатында опол тоодой чоң иш болду. Дегеним, АКШдагы Жонс Хопкинс жогорку окуу жайынын агартуучусу, тарыхчы Фредерик Стардын “Жоготулган агартуу” аттуу 800-1200-жылдар аралыгындагы Орто Азия элинин илим-билими, жетишкендиктери тууралуу китеби Алмазбек Бейшеналиевдин редакторлугунда которулуп, 1000 нуска менен басмадан чыкты.

Бул ары көлөмдүү, ары салмактуу китепти ары-бери оодарып, ичин караштырып отуруп ичинен ушул эле Орто Азия чөлкөмүнөн чыккан Ибн Сина, Улугбек, Омор Хайям, Жусуп Баласагын өңдүү үлкөн аалымдар тууралуу биз билген жана билбеген маалыматтар көзүмө урунду. Бирок, анын баарын бул сайтта бере албаганыма байланыштуу, бүгүн атактуу окумуштуубуз, мекендешибиз Махмуд Кашгари боюнча жазгандарын гана жарыялай турууну эп көрдүм. Кызыккан болсоңор калганын китептен окуп алаарсыздар...

Караханид башчылары кайсы саясатты алып келишпесин кашкарлык түрк көчмөндөрүнүн маданияты жана наркы «коомдун деңгээлинин» тагдырына багышталганы шексиз. Өзү жазгандай эле, «(Түрктөр) «Замандын хандары» - адамзатты жетектегенге белгиленгендер... (Теңир) аларга байлангандарды жана алардын атынан иш кылгандарды бекемдейт». Албетте, Кашкар калкы түрк элдеринен болчу, макал-лакап, элдик поэзия, эң ириде түрк тилин бергең жөнөкөй эле эркектер жана аялдар болчу. Булар горизонталдуу курулган табиятынан көчмөн эл болушкан. Далилин түрк тилинде жана түрктөрдүн пайдасына колго көчүргөнгө Кашгари Теңир күчүн чакырган. Анын жазганына карабай Имам Бухари өзүнүн "Хадистер жыйнагын" чыгарганда, эки кылымдан кийин, Кашгари Бухарадагы жана Нишапурдагы имамдар пайгамбардын адамзатка "түрктөрдүн тилин үйрөнгүлө, анткени алардын башкаруусу көпкө созулат" деп насаат кылган анык катына ишенишет деп билдирген.[1] Башкача айтканда, түрк тилин үйрөнүү жана түрк маданиятын таануу дин иши болгон. Андан кийин Мухаммеддин дагы бир хадисинде "Түрктөр башка адамдардан өйдө турат"[2] деп айтылат. Караханиддер жана селжуктар бул коомдук мамиле аймагында акылдуулугу менен ырахаттанышчу.

Кашгари ушундай жазуусу менен өзүнүн «Түрк диалекттеринин жыйнагынын» өзөгүнө кайрылды. Ал ынтаа коюп күндү жазды. 1072-жылдын 25-январы. Оңдоо процессин санаганда, ал беш жыл аракеттенип, 1077-жылдын 9-январында же ага жакын бүтүрдү.[3] Биринчи бетинен акыркы бетине чейин ал көптөгөн түрк тилине жана маданиятына иерархияны зордоп бербей, популисттик жана теңдик жактоочулукту катуу карманды. Анын этнографиялык жана фольклордук тамактар, тууганчылык жана элдик медицина элементтери баяндамасы анык жана санаасыз болчу.

Бул нерсе ага оңой болду, анткени Махмуд Кашгари чыгармасынан түрктөргө экзогендик таасирин алып салды. Чынында ал Борбордук Азиядагы Александр Сага маданиятында кубаныч менен жашаган, бирок анын жазылган убактысында түрк эли кабыл алышы үчүн миң жыл мурун жазылган нерсе болчу. Кашгари өзүнүн түрк уруктары сырткы таасирден эркин экендигин көргөзгөн.

Кашгаринин түрк маданиятынын өзөгүнө киришинин өзү анын маанилүү табылгасы болду. Ал кеңейтилген ыр-поэма жана макалдарды өзөктүү түрк тилинде жазчу, бирок

анын окуучуларына карап текст араб тилинде жазылган. Стили системалуу жана сергек, анткени ал керектүү тилди жана сөздүктү колдонгон. Бирок бул алысыраак экзотикалык жерлерден келген, билимдүү аудиторияага биринчи жолу чыгып жаткан, таң калган антропологдун отчётундай окулат. Кашгари уялып, биринчи жакты колдонбогон. Бирок ал өзүнүн окурмандарына жалгыз гана ушундай сурамжылоочу окумуштуу жана тилчинин аркасынан бардык маалымат жыйналганын жана анын чоочун элдерге саякат жасаган социолог менен лингвист экенин унуттурбаган. Анын көптөгөн макалдарды жана элдик ырларды жыйнагына киргизүү чечими "глобалдашкан" окурмандарына түрктөрдүн маданияты дагы акыл жагынан экинчи даражада эместигин көргөзүү болгон. Өз оюн бышыктаганга макалдарды колдонуп, адамдын мыктылыгына кыялданбаган, тез түшүнгөн элдер- ди тарткан: "Эшекти чеккенде ал ат болуп калбайт". Бирок "Бирөөгө жамандык кылсаң - өзүңө". Толук өмүр сүрүү үчүн кан сарайда гүлдөбө, анткени дүйнө көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт: "Эл башы болгуча, суу башы бол".

Кашгарлык түрктөр согушсуз эч нерсеге жетпей турганын түшүнүшөт: "Бир күн кетмен чапкан нандын даамын билет" Алар жоокер болушчу, бирок уруштун баасын билишчү: "Эки төө кармашса, ортодо чымын өлөт". Акыры ар бири иш-аракетине жооптуу: "Ар бир эшек (эт дүкөндө) илинип турат". Жөнөкөйлүк ал убакта бааланчу жана чындык дагы маанилүү болчу: "Коён тоого жини келчү, бирок тоо аны билчү эмес".

Түрк малчы-көчмөндөрү билимдин маанилүү экенин билишкен: "Билген адам менен билбеген адам бирдей эмес". Алыска караганда пессимизмге жол беришпеген: "Бир карга кышты жаратпайт". Акыры оор жумуш акталат: "Эрте үйлөнгөн бүлөсүн чоңойтот; эрте турган узак сапарды коштойт".

Кашгаринин мезгилинде дагы элдик үн азыркыдай тополоңдон жана байкалбас өзгөрүүлөрдөн алыс болуп, беймаал ынтымак келген. Анан да андай көз караш шаардыктарга, айрыкча Багдаддагы элдик маданиятты ээлеген жогорку бийликтегилерге жагымдуу болгон.

Кашгари калыпка салган бул "тегерек картанын" элдик контекстинде кабарлоо бар: "Силер түрк ким экенин же кайсы жерден келгенин билбейсиңер, бирок алар мурдатан эле көптөгөн жерлердин, океан курчаган дүйнөнүн кожоюну экенине ишенгиле". Эл жашаган дүйнө суунун издерин Аристотелге алып келет деген ишеним бар; Ал эскерткен Теңир менен Магог, өткөрбөстүк, тоолор аркасындагы мифтик жер жөнүндө Кашгари Библиядан окуган. Кабар берген өңдүү кодировка Египет, Индия, Россия, Кытайды жана алардын ортосундагы жерлерди эске алган. Эң таң калыштуусу - жашыл жарым тегерек менен белгиленип турган Япония. Биринчи түрк картасын, Кашгаринин түзүлүшүн, азыркы Японияны көргөзгөн эң эски карта деп билебиз.[4]

Махмуд тарабынан тандалган айрыкча формат узундук менен кеңдикте түзүлгөн сеткага артык. Араб картографтары картанын тегерек болушун жактырышчу, анткени ортосунан Меккени көргөзө алышмак. Кээ бир бөлүктөрүндө Кашгари картанын фокусун жылдырган. Анын субъекти ислам дүйнөсү эмес: Мекке дагы, Багдад дагы түрктөрдүн дүйнөсүндө көргөзүлбөйт. Кашгари бүткүл дүйнөнү, Караханиддин ал убактагы башкы шаарында болуп жаткандарды көргөзгөн. Бул эки эсе күчөгөн саясатташкан маданияттуу текшерүү болгон.

Кашгаринин өтө тыкандыгы жана өзүнчөлүгү менен катар анын сүрөтүндө улутчулдар өздөрүн өздөрү алдоого жакындап барган катуу романтизм элементи бар. Ошондой эле Кашгари сырткы таасирлер түрк тилине жана маданиятына таасир эткенин кабыл албаганын белгилеп кетсе болот. Чынында эле ал түрк башка планеталык (фарс) дүйнөгө жакындаганда, лингвистикалык жана маданий өзгөчөлүгү менен байланышын жоготорун айтканга чейин барган.[5] Кашгаринин өзүнүн жашоосу ушундай космополитизмдин көргөзмөсү болгон эмес беле? Ал илгерки түрктөргө сыйынчу эмес, ал араб тилине жана аны менен байланышкан маданиятка баш-оту менен кирип, саманиддердин бай маданиятын өзүнө энчилеп алган династиянын бүлөсү менен байланышта болгон. Бирок бул тыкан адам жашоо булагын чагылдырган сөздөр, бардык поэзия, түбөлүк акыл үстөмдүк кылган түрк идеясын дагы каалаган.

Бул тажатма кулактандырууга карабай, Кашгари пессимист болчу. Фирдоусидей эле, Кашгари түбөлүк жоголуп кетүүдөн коркуп, исламга чейинки мурасынын маанилүү элементтерин калтыргысы келген. Ошого карата айбандардан түзүлгөн он эки жылдык календарды жаратууга чоң күч жумшаган. Жакында эле караханиддер жаиа селжуктар менен биргеликте кабыл алынган мусулман календары эски түзүлүштөгү он эки жылдык календарь менен кагар эле колдонулган. Кашгари бүт күчү менен өзүн бетөнчө жана багышталган адам деп көз алдыга келтиргиси келген. Өзү дагы керсейген түрк болуп, окурманына унуттурчу эмес. Бирок анын түрк сүрөтү глобалдык ыраактыкты чыгарып кеткен. Ал араб лексикографтарынан жана фарс фольклористтеринен антикварды, Фирдоусиден окуган ыкмаларды колдонгондугу шексиз.

Ошондой эле Кашгаринин улуу китеби тынчы жок фарстар жана арабдар үчүн саясий мотиви бар майрамдоо катары пайда болгон. Кашгари кеңири изилдөөсүнө таянып, аларды баары жакшы болоруна жана жаңы мүмкүнчүлүк ачыларына ишендирген. Пайгамбар өзү түрк маданиятын жана түрк артыкчылыгын белгилеген же Кашгари ушинтип айтканбы? Ушуга макул болбогон акылсыз өзүн жаанын (түрктөрдүн) жебесине тосуп берет.[6] Башкача айтканда, бул китепти кабыл албаган киши өлүмгө кез келет!

Экинчиден, Кашгаринин жыйнагы - түрктүн, жашоо өзү үйрөткөн адамдын, түбөлүк маданиятына сый акы. Эки китептин багытынын ортосундагы бул куурчактык баарына билинип турат. Уруштун себеби болгондон алыстап, куурчактык китепке жан киргизген жаңычылдыктын тили тексттен, сөздүктөн жана антропологиянын жаңычылдык ишинин деңгээлинен өйдө көтөргөн.

Фредерик Старр



[1] Махмуд ал-Кашгари. Диван Лугат ат-түрк. – Б53

[2] Ошол эле жерде

[3] Robert Dankoff and James Kelly, Mahmud al Kasgari, Compendium of the Turkic dialects, vol.7, pt. 7 (1982), 7

[4] Sevim Tekeli, “Map of Japan drawn by a Turk, Mahmud of Kashgar” Turk Kulturunden Gorunteler 7 (Ankar, 1986): 3-10

[5] Ошол эле жерде

[6] Шилтеме. No: Souchek, A History of Inner Asia, 90.