Экономика

​Орусияда кимге жыргал? Борбор Азия миграциясынын өзгөчөлүктөрү

18 декабря 2017 г. 19:01 2222

Өзбек мигранттарынын укугу кыргыздардыкы менен теңелеби? Алар тажик мигранттар менен атаандашууда артыкчылык алабы?

2017-жыл Орусияда иштейм деген өзбекстандыктардын үмүтүн жандантты. Орусияга иштегенге кетип жаткан атуулдарын өз өлкөсүн уят кылган жалкоолор деп сыпаттаган Ислам Каримовдун доорунда оор болчу. Жок дегенде өз жеринде куугунтукталбаган тажиктерге, айрыкча Евразиялык экономикалык биримдикке кирип, орусиялык эмгек базарында артыкчылык алган кыргыздарга караганда өзбектер өздөрүн кем сезген.

2016-жылы күзүндө Каримов дүйнө салып, Ташкентте бийлик алмашкан соң, Орусиядан ырыскы издеген бул калың топко өлкөсүндөгү мамиле кескин өзгөргөн. Шавкат Мирзаевдин администрациясы Орусиядагы жарандарынын миграциясын легалдаштыруу үчүн Кремлдин макулдугун алган. 2017-жылы өзбектердин орус эмгек базарына кирүү шарттарындагы эки тараптуу саясий кадамдар жар салынган.

Өзбектерди Орусияга легалдуу кабыл алуу

Жайында Өзбекстандын Жумуштуулук жана эмгек мамилелери министрлиги Орусиянын жумуш берүүчүлөрүнүн талабы менен түрдүү кесип боюнча тандоо башталарын айтты.

Декабрдын башында орус президенти Владимир Путин өзбекстандык эмгек мигранттарынын Орусияда убактылуу иштөө тартиби тууралуу апрель айында макулдашылган документке кол койгонун ЖМКлар билдирди. Ошол эле декабрь айында Орусияга барам деген мигрант жумушчуларды колдоо максатында Өзбекстанда атайын Фонд түзүлгөнү айтылган.

Өзбекстандын гастарбайтерлери Борбор Азиянын башка мигранттарына караганда атаандашуу артыкчылыгын алат десе болобу? “Мунун баары азырынча жакшы ниеттер гана. Мындай кеңири макулдашуулар Өзбекстан менен буга чейин деле бир нече жолу түзүлгөн”, - дейт “Миграция – XXI кылым” фондунун жетекчиси Вячеслав Поставнин. Ал “документте тандоо болот, бирок баары орусиялык мыйзамдарга жараша жүргүзүлөт деген негизги фразага көңүл буруу керек” деген.

“Башкача айтканда, силер Өзбекстанда каалаганыңарды кыла бергиле, биз болсо Орусияда буга чейин кантип иштеп келсек, ошону уланта беребиз дегендик. Тартиптүү кабыл алууну баштагыла деп койгону менен реалдуу механизмдер жок. Демек өзбектерге Орусияда эч кандай атаандаштык артыкчылыгы берилген эмес”, - деп айткан Поставнин маек учурунда.

Орусияда кимге жеңилдик бар?

Тажикстандын Орусия менен өкмөттөр аралык бир нече дурус макулдашуулары бар. “Мисалы Дүйшөмбү экинчи жарандык алуу, тажиктердин медициналык документтеринин ОФда таанылышы жөнүндө Москва менен сүйлөшүп алган. Бирок тажик эмгек мигранттарынын таламын талашкан юристтер менен башка өкүлдөрдүн чабалдыгынан, жер-жерлерде алардын акыларын чиновниктер жана жумуш берүүчүлөрдөн талашып жатып алышат. Бул убадаларга да Владимир Путин кол койгон”, - деп кебин улады Вячеслав Поставнин.

ЕАЭСке кирген кыргыз жарандарына Орусияда иштеш эң жеңил дейт ал. “Кыргыздар уруксат кагаз, патенти жок эле иштей беришсе болот. Алардын медициналык камсыздалуусу орус жарандарыныкындай. Кыргыз Республикасы убагында Орусиянын жарандыгын жөнөкөй тартип менен алуу макулдашуусуна кирип алган. Көбү кыргыз паспортун тапшырбай туруп орус жарандыгын алган. КРде орус тили расмий тил болгонуктан, алар өзбектерге караганда тилди жакшы билип, бул жердеги тартипке тез көнүп кетишет. Тил билгендиктен орточо маянасы да жогору”, - деп түшүндүрөт “Миграция – XXI кылым” фондунун жетекчиси.

Орусияга эмгек мигранттары керекпи?

КМШ өлкөлөрү институтунун кызматкери Андрей Грозин орус ишкерлеринин Өзбекстандан келчү эмгек миграциясын жеңилдетүү аракети бар деген ойдо. “Бизнес катышкан орус-өзбек форумдарында Өзбекстандык эмгек мигранттарына орусиялык базарда орун таап берүү тууралуу көп эле айтылат. Өзүбүздүн эмгек ресурстар жетиштүү, бардык жерди роботтоштуруу керек делгени менен Борбор Азиядан келчү арзан эмгек ресурстары керек”, - дейт ал.

30 миллиондук калкы бар Өзбекстан бул региондун эң кеңири эмгек базары. “Ошондуктан баштапкы даярдоо, керектүү сынактарды тапшыруу, Орусияда легалдуу иштөөгө зарыл документтерди толтуруу борборлору түзүлүүдө. Биздин көп жумушчу жалдаган курулуш компанияларыбыз бул кадамдарды кубаттап жатышы мүмкүн”, - деген ой айткан Андрей Грозин.

Орусия көмүскө миграцияга каршы чара колдонуусун улантса, кыргыз мигранттары буга чейинки жеңилдиктерин сактап калат. “Өзбектерге келген болсок, учурдагы пландар ишке ашса, алар тажиктерге караганда артыкчылык алышат. Бирок баары бир экөө тең кыргыздарга караганда көп акча коротот. Анткени документтерди толтуруу мөөнөтү чектелген”, - дейт орус эксперти.

Мигранттарды тескөө жана Өзбекстанга кайтуу

“Эгер Ташкент аракеттерин арттыра берсе, ЕАЭСке кирбесе да анын жарандары Кыргыз Республикасынын атуулдарындай укукка жакындашы мүмкүн. Айрыкча азыр Өзбекстандын ЕАЭБ менен өнөктөштүк макамы бир топ жогорулайт деген имиштер бар”, - деп белгилейт Андрей Грозин.

Вячеслав Поставнин орус чиновниктери миграциялык агымдарды тажиктерге караганда өзбектер үчүн ылайыктап багыттаганга күчү жетет деп ишенбейт. “Алардын ошондой кылып жатабыз деген иллюзиясы болушу мүмкүн. Орусияга кирүү эркин экенин жана эбегейсиз паракорлукту эске алганда, бул мүмкүн эмес”, - дейт ал.

Курулушта иштеп жүргөн өзбек гастарбайтери жаңы жылдан баштап абалдары оорлошоорун айтат.

“1-январдан баштап иш патенти кымбаттайт. Документ алуу да татаалдашты. Убактылуу каттоо эрежелерин сакташ үчүн ОФнын чек арасынан кирип-чыгып туруу керек, бул да акча. Кыскасы тапкан акчаңдын жарымы эле документтерге кетет. Айлык болсо 25-30 миң рубль. Тамак жейсиң. Болгону 5-8 миң калат. Орусияда иштөө өзүн актабай баштады. Өзбекстанда азыр 10 миң рублга чейин тапса болуп калды. Үйдө жашайсың. Жаңы жылда көбү Өзбекстанга кайтып, ал жактан жумуш тапчудай болуп турат. Кыргыз Москвага келип, бир жылга каттоого турат, эмгек келишимин түзөт, медициналык китепчесин каттайт да капа-чүпөсү жок жашайт”, - дейт биздин маектеш.

Deutsche Welle, Борбор Азия