Орусия

​Путиндин аркасындагы боштук: Пресс-конференция жөнүндө

18 декабря 2017 г. 13:38 2962

Төртүнчү жолу президенттикке аттанган Владимир Путиндин пресс-конференциясынан так программа, көйгөйлөрдү чечүү боюнча сунуш көрүнбөйт. Мындай “туруктуулук” жакшылыкка алып барабы?

“Оппозиция жөнүндө айтканда, аянттарда ызы-чуу кылуу же чакан чөйрөдө элге каршы режим тууралуу кобурашуу маанилүү эмес да. Мындан да жакшыраак болуш үчүн бир нерсе сунуштоо маанилүү... Күчтүү атаандаш болом деген оппозициянын менимче ушул көйгөйү бар. Кыял эмес, реалдуу, өзүн көрсөтүү менен алек болбогон, эл ишенгидей бир нерсе сунуштоо керек. Бизде мындай нерсе пайда болооруна ишенем. Канчалык эрте болсо, ошончо жакшы”, - дейт Владимир Путин.

Өкүнүчтүүсү, президентикке партиянын атынан эмес, өзүн-өзү сунуштап аттанам деген Владимир Путиндин жообунан да реалдуу бир нерсе көрө алган жокмун.

Псковдун пенсионерлери дачасы үчүн төлөй албай калды, салыктар эмне себептен өсүп жатат? Бул суроого жооп Арктикадан башталып, андан кийин эл мүлкүнөн салык төлөш керек. Кээ бир жерлерде салык көлөмү жогору, кээ бир кишилерди биз салыктан бошотобуз деген жооп айтылды.

“Башка маселе укук коргоо органдардын иши менен бйланыштуу. Атайын текшерүүчү эмес, укук коргоо органы. Бул жерде сиз менен макулмун. Кандайдыр бир олуттуу өзгөрүү байкалбайт. Бул (башкаруунун) түрдүү деңгээлиндеги паракорлукка, жумуш тескелбегенине, бул тармактын керектүү даражада көзөмөлдөнбөгөнүнө байланыштуу. Татаал маселе, жашырып кереги жок. Мен мындай жумушка ыраазымын деп айта албайм.

Бир жыл мурунураак Бортниковду (ФСБнын башчысы) чакырып, конкреттүү бир структура тууралуу мага тиешелүү жол менен келген материалдарды бердим. Ал карап туруп, айткың да келбейт, бирок айтайын: “Владимир Владимирович биз дал ушул структура боюнча ыкчам тергөө кылып, кылмыш иштерин козгоп, сотко тапшырганбыз. Бири калбай баары түрмөдө отурушат. Жарым жыл мурун жаңы кызматкерлер алынып, кайра эле таз кейпин кийип калышты”, - дейт.

Мен чынын айтайын, эмне кылышты деле билбей калдым. Бирок бир чечим ойго келгенсийт. Мен муну каржы, башкаруу, жашаган жери маселесинен улам чечүүгө даяр эмес окшойбуз деп ойлойм. Армиядай кылсакпы деген ой келет. Биздин армияда канча жылдардан бери ротация бар. Бул аскер кызматынын бир бөлүгү, анын оордугу десек да болот. Үч-беш жыл бир жерде кызмат өтөдүңбү, сөзсүз башка жерге которушат. Балким укук коргоо органдарында ушундай кылып көрүш керектир. Мунун баары кызматтык турак жай менен камсыздоого байланыштуу жана аз эмес каржыга байланыштуу. Мунун баарын эсептеп чыгуу зарыл. Бул ротация керек болуп, укук коргоо органдарында натыйжалуу иштеп бермек беле”, - дейт Путин.

Башкача айтканда күч органдарындагы паракорлук көйгөйү 20 жылдан бери оорлошуп эле бара жатат, аны эмне кылуу керек экени белгисиз, балким ротация кылып көрсөкпү?

Мени тажаалдыгым үчүн кечириңиздер, бирок тереңирээк кирели. Президенттин ФСБ менен жолугуусунан баштайын. Бир бөлүм толугу менен абакка отургузулуп жатат. Мындан президент ФСБга ишенет, ал жердин таза кызматкери таза эмес укук коргоо органынын кишилерин кармаса болбой эле кайрадан жийиркеничтүү абал. Ажыдаардыкындай бир башын кессең, ордуна беш баш өсүп чыгат.

Мамлекеттин пайдубалын копшоп жиберүүдөн корком, бирок ФСБ да таза эмес болушу мүмкүнбү? Мисалы алар атаандаштарын жок кылып жаткан жокпу? Же бул структура менен бирге эмеспи?

Ротациянын канчалык жардамы тиет? Бардык укук коргоо органдарында “погончон рекет” отурса, алмаштыргандан майнап чыгабы? Аларды “аралаштырып” жиберсең ким-кимге “акыл үйрөтөт, тазалар кирлергеби6 же тескерисинчеби?

Паракорлукка кокосунан баткан системаны ич ара алмаштыруу менен оңдойм дегенден көрө, өзүңдү-өзүң чачыңдан тартып саздан сууруп чыгам дешиң туурараак болот. Бул сактануу мыйзамдарына каршы келет. Системаны сырттан, арам кекиртектикти жок кылууга кызыкдар субъект тазалашы керек.

Паракорлук, анын ичинде укук коргоо органдарындагы коррупция менен күрөшүүдө башка өлкөлөр топтогон тажрыйба бар. Алардын бир нечесин айта кетели:

  • Кирдеген органдын баарын жок кылып, жаңыларын түзүп чыгуу;
  • Коомдук көзөмөл;
  • Көз карандысыз сот;
  • Көз карандысыз прокурорлор (өзү каалаган иштерди алат, жетишкендиктерине жараша парламент тарабынан каржыланат);
  • Пара берип, кармаган атайын кызмат;

“Өзгөчө макамы бар кишилерге” кесепети тийиши мүмкүн болгондуктан жогорудагы чаралардын бири да сунушталып, каралган жок. Коомдук көзөмөл формалдуу гана. Ошондуктан ротациядан башканы карабайбыз.

Батирлердин төлөмү жөнүндө. “Батирдин төлөмүнө келсек, мында федералдык тескөө бар. Акыркы эки жылда төлөмдөрдүн өсүүсүнө 4 пайыздык чек коюлган. Бирок өлкө боюнча орточо төлөм кечээ карасам 8,8% болуп кетиптир. Бул эмне дегендик! 4 пайыздык чектөө турса, 8,8 кайдан чыга калды!?”, - деп нааразы Путин.

Чын эле кайдан чыкты?

Дагы эмне? Пенсияга чыгуу курагынын жогорулоосубу? Башында Путин “жогорулатуу тарабынын” жүйөөлөрүн майда-чүйдөсүнөн бери бир топко чейин айтып өттү. Андан кийин санариптик экономикага откөндө көп киши сыртта калса, эмгек базары эмне болот деп, бирок чечим кабыл алына электигин жана баарын тыкыр эсептеп чыгуу керек экенин билдирди.

Реалдуу турмуш тууралуу ушул эле нерселер айтылгансыды. Калганы АКШдагы шайлоо, допинг, Саакашвили жана Майдан болуп кетти.

Атаандашы Ксения Собчакка: “...оппозиция так билинген, элге түшүнүктүү программа менен чыгуусу керек. Мисалы сиз “Баарына каршы” деген ураан менен бара жатасыз. Бул позитивдүү аракет программасыбы? Сиз биз бул жерде талкуулап жаткан көйгөйлөрдү чечүүгө эмне сунуштадыңыз? (Кол чабуулар) Сиз айткан каармандар тууралуу. Бул жерде Украина жөнүндө маселе койгонго үлгүрдүңүз. Сиз биздин аянттарда он чакты Саакашвилинин жүгүрүп жүрүүсүн каалайсыздбы? Мындай Саакашвилилер өлкөнүн туруктуулугун бузсун дейсизби? Биз бир майдандан экинчи майдан тууралуу ойлонушубуз керекпи? Бизде мамлекетти төңкөрүү аракеттери болсунбу? Мунун баарын өткөнбүз. Кайра кайтаргыңыз келип жатабы? Мен Орусиянын жарандарынын дээрлик көбү муну каалабайт деп так ишенем жана алар буга жол бербейт”.

Бийликтин өзүнүн позитивдүү, так жана түшүнүктүү программасы кайда? Туруктуулук, туруктуулук жана туруктуулук. Эч кандай майдандын кереги жок!

Туруктуулук барган сайын позитивдүү болбой, сенектикке айланып бара жатканы өкүнүчтүү. Катып туруу жакшы көрүнгөнү менен саат чыкылдап жатат.

Путиндин пресс-конференцияларынын баары Орусияда президенттик бийликтен башка институттар иштебей жатканын көрсөтөт. АКШ же Францияда журналисттер эмне үчүн баланча штатта салыктын көлөмү көп, же компаниялар эмнеге баасын көтөрүп жатат деген сыяктуу суроолорду берген пресс-конференцияны элестетсеңиз.

Быйылкы пресс-конференцияда президенттик бийликтин суроолордун көбүнө жообу, келечекке сунушу жок сыяктуу сезим калтырды. Баары иштебей бара жатканы жана келечекте да кантип иштеп кетээри түшүнүксүз.

Тигилердики биздикинен жаман экени гана сүйүнтөт. “Тигилер” ким экенини, оппозициябы, Украинабы, же балпайган Батышпы, анча маанисиз. Биз аларды жемелеп, ордуна койгонго бир нерсе табабыз.

Келечек гана бүдөмүк...

Алексей Мазур, tayga.info