Коом

БОЛОТ ИБРАГИМОВ, ЖАРАНДЫК АКТИВИСТ: «МЕНИ МИЛИЦИОНЕРЛЕР 6 СААТТАН АШЫК КЫЙНАШТЫ. САБАШТЫ, ДУМУКТУРУШТУ...»

18 декабря 2017 г. 12:52 226

Сизди качандыр бир жолу мазакташты беле? Мисалы, сиз жөн гана жол эрежесин бузгандарга эскертүү бергиңиз келген учурда? Мейли, жөн эле шылдыңдашты беле? Эч себепсиз. Артыңа келтек тыгабыз дешти беле? Анан ошол эле жериң менен шишеге отургузуп, андан кийин кезек менен колдонобуз дешти беле. Эми эмнеси менен, кандай колдонушарын өзүңөр түшүнөсүңөр да.

3 жыл мурун мени милиционерлер РОВДга киргизип алып 6 сааттан ашык кыйнашкан. Сабашкан, думуктурушкан. Мени так маалында табышты. Бүт жактан ишдешиптир. Жол четинде калган машинам мени табууга жардам берген из болгон экен.

РОВДда менин кармалганым катталган эмес. Ошондуктан жакындарым алгач нөөмөтчүлүккө чалганда, ал жактагылар менин кармалып турганымды билишкен эмес. А кийин мага көргөзүлгөн зомбулук, шылдың, ур-тепки тууралуу арыз жазганымда, милиционерлер РОВДдагы камералардын тартканы бир канча саатка эле сакталат деп, видео бере алышкан жок.

Андан кийин ССБ ГУВДдан таасирлүү кишилер келип, баарына иш козгоп, оор беренелер менен каматабыз деп убада кылышты. Офицерлер башыман кандай кыйынчылык өткөргөнүмдү айтып далыман таптап, колумду кысышты.

Анан сурак башталды. Алгач ГУВД, андан кийин Прокуратура. Анан эле эч ким эч кандай жазаланбай турганы билинди. Туура көрсөтмө берүүдөн корккон күбөлөр. Бийликтин кайдыгерлиги.

Мен муну кандай аташты билбейм, бирок андайды өз башыңан өткөрүү аябай эле жаман. Ошол күндөрү өзүмдү кармап, кимдир бирөөнүн жанын кыйып жибербегеним үчүн аябай сүйүнөм. Ал тургай бармагымдын башын да тийгизгеним жок, жаман сөз да айтпадым. Мына ошол күнү мени «сасыткы» деген генерал кайда жүрдү эле? Чоңдор кайда эле? Мыйзам кайда эле? Конструктивге чакырып жүргөн Айбек Баратов кайда эле? Ал азыр SAFARIге жазгандай видео кайрылуусун бийликке жазды беле? Анын бүгүнкү позицияга кантип келип калганын да менден сурабагыла. Мен саясатты анча түшүнө бербейм жана аны өзүмдүн досум катары эч качан көрчү эмесмин. SAFARIнин саясатка тиешеси жок.

Эгер сиз муну жөн гана өч алуу деп эсептесеңиз, ал сиздин эркиңиз. А мен болсо жөн гана паралеллдерди жүргүзөм. Коом өзү түшүнүп, айрыманы сезиши керек. Мен унутпаган жана унута албай турган нерсе – бул жасалган кылмышты качан болбосун жазалоону (кайсы бир мөөнөт өткөн соң эскирди деп кечирилбешин) талап кылуу укугумдун бар экени. Жана чындыкка кантип жетүүм керектигин эсиме тутууга да укугум бар.

Кээ бирөө ойлогондой хайптарды, укмуштай көрүнүштү жана атактуулукту эмес, чындыкты гана.

Өз жашоосун, ден соолугун коркунучка салып, душмандарын атайын арттыруу менен атак-даңкка жетүүгө аракет кылган кишини көрдүңөр беле?

Колдоо көрсөткөнүңөр үчүн ар бириңе рахмат! Мен силердин ар бир сөзүңөрдү аябай баалайм. Алар мен үчүн эң кымбат.

Болот Ибрагимов

Биз кечээ сайтыбызга бул кайрылуунун орус тилиндегисин (өз тили) жайгаштырганбыз. Натыйжада коомчулук ага аябай катуу көңүл буруп, ал тургай эки тараптуу пикир айтып, талаша кеткендер да болду. Ушундан улам, бүгүн бул макаланы которгон соң, ошол пикирлерден да тең салмактуулукта кошо кетүүнү чечтик...

Айжаркын Абсатаровна Бул көк мээни ошондо эле кыйнап отурбайөлтүрүп коюш керек эле. Мындайлар мыйзам чегинде адам укуктарын коргоо боюнча жазасын алышы керек. Түш келген мадырабаштар минтип органда иштеген адамдарды маскаралабашы үчүн.

Султан Усубакунов Сапар Исков туура эмес иш баштады. Биринчи МАИ кызматкерлерин билимдүүу болушу керекда, туурабы?Ошолордон башташ керек болчу,кайра карапайым элден баштабай.МАИ кызматкерлери билимдүү болсо эчким мазактай албайт болчу, туурабы?Ошон үчүн туура эмес иш.

Рашид Асанов Болот, азаматсың!Бар бол!МАИлерди мыйзам менен иштегенге үйрөт, болбосо эч илими, билими жок МАИлер бар экен.

Халима Молдокулова Придумал историю, чтобы избежать наказания за то, что унизил гаишника (МАИ кызматкерлерин шылдыңдаганынан кутулуш үчүн кайдагы бир окуяны ойлоп чыккан тура)

Кулалиева Гульжакан Азамат, Болот!Сендей патриот көп болсо бизде келечекке үмүт болот

Altin Tegin Молодец чувак! Я с тобой! Они нас не сломают, гниды пользуються данным им властью и думают что им ничего не будет за это. Придет время каждый ответить (Азаматсың, жигит! Мен сени менен! Алар бизди сындыра албайт, сасыткылар аларга берилген бийликти колдонуп атышат. Алар бул үчүн эч кандай жаза тартпайбыз деп ойлойт. Убагы келет, баары жооп берет.)

Tukanat Zamandash Болот Ибрагимов делает что-то для пользы общества. В отличии от фуфлыжников. Он не сломлен, в отличии от безхребетных дешевых балаболов. Которые не получили надлежащего урока, ни дома, ни на улице. (Болот Ибрагимов коомчулук үчүн пайдалуу иштерди кылып атат. Кай бир келжиректерге караганда. Ал кай бир үйүндө да, сыртта да керектүү сабака албаган чала бышкан балакайларга караганда кайратынан жазган жок)

Ису Сапашов Баарыбыз Болотко окшой берели анда. Мыйзамды ким коргойт, ушул Болот коргойбу? Ушул Болотко окшогондор демократия деп милицияны коркутуп, теңине албай, элибиз жолдо кырылып жатпайт бекен?

Mirzahid Mahmudov Болот, молодец!!! Спасибо тебе за всё, что ты объективно освещаешь все события связаны с оборотнями в погонах. Ты героически борешься с ними и смело идёшь против этой гнилой системы!!! Брависсимо!!! (Азаматсың, Болот!!! Погончон желмогуздарга тиешелүү бардык окуяларды обьективдүү чагылдырып турганың үчүн, чоң рахмат! Сен алар менен баатырларча күрөшүп, ушул чириген системага каршы тайманбай баратасың!!! Брависсимо!!!)

Айбек Тиленов Ису Сапашов bashka mamlekette remen’ tagynbasan,remen’ «ozyn ychyn men ychyn emes dep tagyndyryp jiberet.bizde bolso akcha akcha dep turat. bashka mamleket menen salyshtyrbai ele koi bizdi. biz kyrgyzbyz) (Башка мамлекеттерде коопсуздук курун тагынбасаң «Бул өзүң үчүн, мен үчүн эмес» деп тагындырып жиберет. А бизде болсо акча-акча деп турушат. Башка мамлекет менен салыштырбай эле кой бизди. Биз кыргызбыз.)

Катя Арыкова Күнөөсү жок кишини басынтканга, сабаганга эч кимдин акысы жок.Биздин милиция бизди коргобойт, тескеринче кордойт. Тез арада реформа же милициясыз жашоо!!!!

Болот Ибрагимовдун Сапар Исаковдун сөзүнө жообу