Коом

​ Түрк досьеси: Арам кекиртек саясатчынын жегени желим болгон учур

17 декабря 2017 г. 16:00 930

Нью-Йорктогу сот 25-декабрга чейин бүткөнү турат. Анын бир натыйжасы алдын-ала белгилүү. Түрк бийлиги менен банктарына саясий жана экономикалык чаралар колдонулат. Бул эмне деген жазалар?

Америка кошмо штаттары (АКШ) сотунун биздикинен айырмасы көп. Соттолуп жаткан кишинин күнөөлүү, же күнөөсүз экенинин карапайым калк арасынан тандалган “жюрилер” (jury) чечет. Алар туура чечим чыгарышы үчүн адвокат менен прокурор таймашып, далилдер менен күбөлөрдү жюрилерге көрсөтөт. Сот таймашкан эки тараптын мамлекет мыйзамдарынын чегинде аракет кылуусун камсыздайт. Кыскасы бул жердеги негизги тарап – жюри. Алар айыпталуучуну кылмышкер десе сот ага берилчү жазаны аныктайт. Эгер күнөөсүз деп табышса, мыйзамга жараша анын бошотуу чаралары менен кетирген чыгымдарын кайтаруу шарттарын аныктайт.

Хакан Атилла айыпталабы?

Америкалык соттун дагы бир өзгөчөлүгү – кимдин ким тарабынан акча алып, жансактап жатканы белгилүү.

Бириккен улуттар уюму (БУУ) менен АКШнын мыйзамдарын бузду деген айып Түркиянын мамлекеттик банктарынын бири Халкбанктын мүдүрүнүн жардамчысы Хакан Атиллага тагылган. Анын 6-7 адвокатынын акчасын Халкбанк, б.а., түрк мамлекети төлөп жатат.

Жюри, прокурор жана соттун чыгымдарын АКШ көтөрөт. Бирок айыпталуучудан күбө сыпатына өтүп жатканда Реза Зарраб кабыл алган шарттардын бири – мал-мүлкүнүн баарысын Америка бюджетине өткөрүп берүү болгон. Ошондуктан дүйнө жүзүндөгү банктарга каткан акчалары менен мүлкү АКШныкы. Буга Түркияда “жакшылыкты кылганды жакшы көргөн адам” болуп жүрүп эле заматта “Иран чалгынчысына” айланган Заррабдын түрк өкмөтү тартып алган мүлкү да кирет. Демек бул сотко катышып жаткан жюрилер, прокурорлор, соттор жана алардын жардамчыларынын, дегеле тазалыкчысынан баштап светинин акчасына чейин кеткен чыгымга Реза Зарраб өзү берген акча кетет. Анын акчасы көп экенин буга чейинки биринчи жана экинчи Түрк досьесинен окурман жакшы билет.

Мына ушундай каржыланган сот катышуучулары 25-декабрга чейин Хакан Атилланын таза же кылмышкер экенин аныктайт.

Анын министрлер менен банк башкаруучуларындай эч кимден пара албаганы сотто далилденди. Бул фактыны Реза Зарраб өзү, арам акчаны тазалоого каршы иштеген америкалык эксперттер, сотко сунулган аудио, сүрөт жана документтер тастыктады. Бул жагынан Хакан Атилла жюрилердин көңүлүн алды. Айрыкча жума күнү анын өмүрү, үй-бүлөсү тууралуу материалдарды көргөндө көп кишинин көзүнөн жаш тегеренди. Дегеле кой оозунан чөп албаган момун болуп чыкты. Бирок сот деген сот...

АКШ менен БУУ Иранга каршы эмбарго киргизгенде америкалык адистер дүйнө жүзү боюнча атайын семинарларды уюштуруптур. Халк банктагы мындай окууларга Хакан Атилла да катышкан. Айрыкча жасалма фирмалар түзүлүп, ирандык акчалар улам бир банкта ар башка валютага алмаштырылып, накталай, же алтын катары түрк шылуундардын жардамы менен Иранга кайтарылып бериле баштаганда америкалык адистер Халкбанктын жетекчилиги жана Хакан Атилла менен атайын жолугушуп, эскертишкен. Айрыкча мындан да аз арам акчаны тазалоо аракетинен башка өлкөлөрдүн банктары миллиарддаган доллар айып пул төлөгөнү жөнүндө мисалдар берилген. Анан өз тармагыңда күчтүү кесипкөй болсоң, башкалардын кылмыштарына орток болуп, аларга кылмыштуу схемаларды түзүп берип, алардын тыкыр иштешин камсыздасаң жооп бересиң да. Бул жерде “мен буйрук гана аткарып, айлык менен гана жашадым” деп кутулуп кете албайсың.

Хакан Атилла үчүн кутулуунун бир жолу бар. Ал да тообо кылып, америкалык прокурорлор менен келишим түзүп, айыпталуучу болбой күбө сыпатына өтүп кете алат. Бирок ууру-кескисин бул жакка кой, журналистти да “Булардын оозун жабыш үчүн баласын атып көрүш керек. Ага да болбосо небересинин башын жулуш керек” деп жаткан мамлекетте аялың, бала-чакаң калды. Чечим бир гана өзүңдүкү...

Бийлигинен качкан түрк полисинин икаясы

Бул аптада Нью-Йорктогу сотто түрк бийлигинин паракорлугу тууралуу түрк полиси күбөлүккө өттү. Америкалык прокуратура Иранга каршы эмбаргону бузганга Түркиянын ошол кездеги премьер-министри, учурдагы президенти Режжеп Таййип Эрдоган баш болгон минстрлер бала-чакасы менен бирге катышканын далилдеш үчүн Хусейн Коркмаз деген мурунку түрк полисин чакырган. Анткени бул кылмыш ишинин ичинде Түркиядан Реза Зарраб менен Хакан Атилладан сырткары ондогон айыпталуучу бар. Убакты сааты келгенде эл аралык жана америкалык укуктун колу аларга жетээрине шек жок.

Хусейн Коркмаз түрк полиси башында Реза Заррабдын гана изине түшкөнүн, кийин төрт кылмыштуу топ бар экени аныкталганын айткан. Биринчиси Реза Зарраб түзгөн топ, экинчиси Халкбанктын мүдүрү Сулейман Асландын алдындагы банкчылардын тобу, үчүнчүсү Таййип Эрдоган баш болгон ошол кездеги экономика министри Зафер Чаглаян багыттаган бюрократтар тобу жана ички иштер министри Муаммер Гүлердин алдында аракеттенген паракор полистер тобу.

Бир канча жыл бою аңдып, далил жыйнаган түрктөрдүн таза сот, прокурор жана полистери бул кылмышкерлерди документтер, миллиондогон евро/доллар/түрк лиралары менен бирге 2013-жылдын 17-декабрында колго түшүргөн. 18-декабрдан баштап таза адамдар куугунтукталып, алардын ордуна паракорлор сугарган кишилер жооптуу макамдарга келип, жыйналган далилдин баарын жок кылууга аракет кылышкан. 17-декабрга чейин арам кекиртектерге каршы материал топтоого катышкан ошол кездеги 27 жашар Хусейн Коркмаз жок кылынчу материалдардын көбүн башаламандык убагында катып алган.

Паракорлорду колго түшүрүүдө 3-4-ролду ойногон Коркмазды түрмөгө отургузбай, көпүрө кайтарган полистикке которуп, кийин Туркиянын чет жакасындагы шаарга айдап жиберишет.

Кийин Реза Зарраб АКШга эс алганы барып, колго түшүп, күбөгө өтчүдөй болуп калганда 17-декабрга катышы бар полистердин баары жумуштан айдалып, чет өлкөгө чыгып кетпеши үчүн паспорттору жокко чыгарылып, чекесинен камала баштайт. Хусейн Коркмаз үй-бүлөсүн жана катып жаткан далилдерин алып аткезчилик жолдору менен Түркиядан качып чыгып, эки-үч өлкөдөн өтүп, АКШда Хакан Атилланын ишин карап жаткан прокурордун кишилери менен байланыш түзөт. Акыры алардын жардамы менен үй-бүлөсүн алып, АКШга келет.

Учурда Коркмаздын АКШдагы батирине бул ишти караган америкалык прокуратура ай сайын 300 доллардан төлөп турат экен. Американын атайын кызматы FBI болсо тиричилигине 50 миң доллар берген. Кыскасы Хусейн Коркмаздын да америкалык бюджеттен каржыланып жатканы жюрилерге маалым болду.

Хакан Атилланын адвокаттары Хусейн Коркмаздын көрсөтмөлөрүн кабыл албаш керек деди. Бирок сот Ричард Берман муну четке какты. Ал далилдер түрк мамлекетинин мыйзамдары менен эрежелеринен чыкпай жыйналганын жана алардын АКШга алып келиниши да мыйзамдуу деген чечим чыгарды. Айрыкча Коркмаздын айтканы жана алып келген далилдери Хакан Атилланын арам акча албаганын дагы бир жолу тастыктаганын баса белгиледи.

Түрк эли капчыгын ача берсин, кыргыздар даярдансын

Эл аралык укукка каршы конституция менен мыйзамдарыңа канча бөгөт койбо, баары бир бир күнү жооп бересиң.

Мисалы, орус бийлиги Госдумасына бир күндө мыйзам токутуп, Крымды Украинадан алып койду. Бирок бул маселе бүткөн жок. Учурда 2018-жылкы президенттик шайлоого катышып жаткан Ксения Собчак “Крымды мыйзамсыз кошуп алдык” деп жатат.

Жогорку Нарын ГЭС каскаддарына коротулду делген 130 млн долларды орустарга “как миленькая” төлөп бергени жатабыз.

Түрк бийлиги да эл аралык афёрага катышкан банктарын сатып жиберүү аракетин баштап көрдү. Бирок Иранга каршы эмбаргону бузганга мамлекеттик банктары катышып, бул тууралуу саясий чечимдердин алдына эң жогорку бюрократтар кол койгон. Эми түрк банктардан өткөн 130-150 миллиард евро үчүн эң эле бери жагы дегенде түрк калкынын чөнтөгүнөн 30 млрд евро айып-пул катары төлөнмөкчү.

Бул 100 миллиарддаган еврого Иран үчүн кийим-кечек, курулуш материалдарын, дары-дармектерин жана тамак-ашын өндүрүп берсе түрк ишкери жыргамак. Бирок 5-10 аткаминердин куу кекиртегинен улам Иранга жасалма документтер менен акча кеткен. Анысы аз келгенсип, жасалма экспорт үчүн шылуундар менен арам кекиртек чиновниктер түрк бюджетинен миллиарддаган лира сыйлык пул чыгартып алышкан. Ошентип убагында түрк укугу тарабынан колунан кармалган, бирок кирдеген саясий эрк менен бошотулган уурулардын айынан түрк бюджети какшып калмай болду.

Түрктөр жана саясат жөнүндө жазбай эле койгулачы!

Бизден да “Түрктөр жөнүндө эмнеге жазып жатасыңар?”, “Саясат жөнүндө жазбай эле койсо болбойбу?” дегендер чыкты. Биз журналисттер эл окуган темада жазабыз. Биз кыргыз атуулубуз, ошондуктан башка өлкөдөгү жаман иштер бизде болушун каалабайбыз.

Түрк досьелеринде көрүлгөндөй, элдин бакубат турмушуна кетчү акчалар бети жок саясатчылардын жана эл аралык укук чегерген айып-пулдарга кетип жатат.

Мына биздин бажыдан атактуу раим-миллион кетти. Бирок ордуна кол баласын жылдырды дегендер бар. Кулматов бажынын башына барды. Ал орусиялыктарга жакын деп таанылат. Бажыбызда жашыруун схемалар менен миллиондогон долларлар желип жатканы арифметиканын төрт амалын билген кишилердин баарына маалым. Түркиядагыдай эле шылуундар менен эң жогорку саясий макамдагылар мындан жыргап жатат дешет. Бул иштер биздин сотто чыкпаса да, бир күнү Евразэстик же дүйнөлүк сотто бети ачылаары турган иш. Айып пулду суроо берген сиз жана жооп берип жаткан биз төлөйбүз.

Кыргыз менен түрк төө куш сымал башын жерге тыгып алса, бийлигинин жеп-ичкенин эч ким билбей калат деп ойлогондор Орусиянын мамлекеттик “Россия 24” каналынын төмүнкү берүүсүн 15-мүнөтүнөн 30-мүнөтүнө чейинки аралыгын көрсүн.


Арам кекиртек аткаминерлер эмне болот? Сыртка чыкса, дүйнөнүн төрт бурчунан кармалып соттолот. Ичте калса, бир күнү “сеннен баштайм” деген ак бийлик келсе жооп берет. Кыскасы ичкени ириң, жегени желим болуп бул жалгандан өтөт. Жараткандын алдына барганда ар бир тыйын жана жетим-жесирдин ар бир тамчы жашы үчүн жооп берет.