Маданият/Искусство

Канткенде өзүңө бардык маектешти тартасың

17 декабря 2017 г. 12:35 2522

Кардар менен эффективдүү мамиле түзүүнүн жети жолу

Эл менен туура мамиле түзө билүү – бул топ-менеджер үчүн эң керектүү касиет. Менимче, бул кишилер табигый жол менен тандалып келсе керек. Харизмалуу лидерлер угармандарын таасирленте турган сөз таап, алардын маанайын көтөрүп, артынан ээрчитип кетүү сапатына ээ келет.

Жакшы коммуникаторлор эркектердин арасында да, аялзаттын арасында да көп эле кездешет. Негизи аялдар жакшы угарман, эркектер болсо ишенимдүү сүйлөөчү дешет. Бирок, кыз-эркегине карабай, тубаса талантына жана деңгээлине жараша мамиле түзүүдө ар бир кишинин өзүнүн күчтүү жана алсыз жактары болот. Анткени менен жетишпеген жактарды өнүктүрүү да мүмкүн. Анан калса, бул ишкерликте эле эмес, жөнөкөй жашоодо да пайдасы тийчү нерсе.

Уга билүү

Ийгиликтүү мамиле түзүү деген эмнелерден турат? Менин оюмча, эң негизгиси – угуу. Кардарлар менен түздөн-түз иштеше турган кандай долбоор болбосун, ийгиликке жетүү жолу талапкердин талабын жакшылап түшүнүүдө. Чынында бардык эле кардарлар эмне каалаарын так айта албайт. Ал тургай таптакыр эле башка нерсе тууралуу айтышы мүмкүн. Ушундан улам тактоочу суроолорду берип, чыныгы өзөктү тактап албасаң, кийин ошончо убара болуп жасаган ишиңиз таптакыр талапка туура келбей, кардарды канааттандырбай калышы мүмкүн.

Ошондуктан кунт коюп угуш керек. Мен карьерамдын алгачкы жылдары муну эң сонун өздөштүрдүм. Тажрыйбалуу шеригим менен эң алгачкы жолу ири компаниялардын бирине жолугушууга барганым эсимде. Биздин тыкыр даярдалган слайдыбызды кардарга көрсөтө салып, пикирин угушум керек деп чыдамсызданып бараткам. Бирок, шеригим мени токтотуп, «Биз азыр сүйлөө үчүн эмес, угуу үчүн баратабыз» деди. Жаш кезде муну жасаш анча оңойго турбайт.

Жолугушуу маалындагы паузалар кишини ыңгайсыз абалга салат. Андайда дароо эле кандайдыр бир акылдуу кептерди ортого таштап, тунжураган тынччылыкты маалыматтар менен толтуруп, өзүңдүн канчалык акылдуу экениңди көргөзүп, көңүл бурдургуң келет. Маектешке кенен-кесир сүйлөө мүмкүндүгүн берүү жөндөмү кыйла тажрыйбадан соң түптөлөт экен. Өзүнө ишенген кишилер башкаларды угуп, монологдордон турган диалогдорго даяр болоорун көп көрдүм.

Маселени ирээттей билүү

Кайсы көйгөй чечилиш керек экенин эки жак тең түшүнгөн соң гана аны чечүүгө киришкен оң. Айтмакчы, көптөгөн энелер балдары менен сүйлөшүп атып ушул жөндөмүн курчутат. Себеби баласынан кандайдыр бир жагымсыздыкты, маанайсыздыкты көргөн эне ага эмне болгонун, кандай көйгөйү бар экенин түшүнүү үчүн бекем көңүл буруп, суроолорду берип, сүйлөгөнүн угат. Анын сыңарындай, кишинин эмне каалаганын билип, талабын орундатууга туура түзүлгөн суроолор менен жетүүгө болот.

Айтмакчы, кардарды жакшылап угуп, чыныгы маселесин тактаган соң, аны маектеш өзү да жон териси менен сезип, каалаган нерсесин жыйынтыктуу көрө алуусу үчүн өзүнө ирээти менен кайра айтып бериңиз. Чынында жакшы психолог эмне кылыш керек экенин айтпайт. Болгону ар кандай суроолор менен кардар маселени өзү түшүнүп, өзү чечүүсүнө жардам берет. Бул кардарларга кызмат көрсөтчү ишкерликте деле ушундай. Биз даяр чечимди таштап койбой, алар өздөрү да түшүнүшү үчүн, алар менен чогуу иштешибиз керек.

Айтылчу кептин курамын даана түзүү

Бир кездерде жыйналышта отурган кызматкерлерден бирөө сооданы көтөрүү жолун сунуш кылып, бирок ага эч ким көңүл бурбай койгону тууралуу ролик YouTube сайтында тарап кеткен. Бирок кийин ошол эле ойду башка бирөө ишенимдүү түрдө айтканда баары аны кубаттап кол чабышты. Ошондуктан баары уга тургандай сүйлөй билүү зарыл. Өз оюн даана жана так чагылдыруу башкаларды ынандырып, ийгиликке жетүүнүн 50 пайызын камсыздайт.

Даана, так, далилдүү жана керексиз (паразит) сөздөрдү кошпой сүйлөөнү кантип өздөштүрүү керек? Бир чыгаан аял бул темада мага эң сонун кеңешин берген. Анын айтуусу боюнча, ар бир жолугушууга жолугушуунун өз убагынан сегиз эсе узак даярданыш керек экен. Жеңил сүйлөөнүн 95 пайызы дискуссиянын мурдатан ойлонулганына, алдын-ала мерчемделгенине, эмнени качан айтып, кандай отуруп, кандай туруп, кандай кыймылдаарына, тигил, же бул сөз айтылып атканда үндү кандай чыгаруу керектигине байланыштуу. Бул кудум театр сыяктуу. Эгер көрүүчү сизге кунтун коюп, көңүл бурсун десеңиз, анда сиздин образыңыз менен сөзүңүз, эмоцияңыз бүт шайкеш келип турушу керек. Маектешиңиз сиздин бардык айткандарыңыз ойлонулган, анализденген жана ишенимдүү экенин сезгидей болсун.

Өзүн кармай билүү

Шашылбаңыз. Бат-бат сүйлөө менен эле көп нерсе айтканга жетишем деп ойлобоңуз. Андан көрө ылдамдыкты басаңдатыңыз. Бул сизге туура сөз табууга жардам берет жана ишенимдүү көрсөтөт. Көбүнчө, айрыкча, жаш кызматкерлер карьерасында жакшы көтөрүлүп баратып эле, бир кезде башкалар аны олуттуу кабыл албай калышкандай сезимге кабылат. Так ошондой тынчсызданып, бир орунга отура албай чебелектеп, өзүңүзгө-өзүңүз ишенбей, басынып турган убакта башкаларга тажрыйбасыз көрүнө баштайсыз.

Албетте, маектешти ынандыра турган ачкычты табышыңыз керек. Бирок, кишилер ар кандай болот эмеспи. Сиз кандай адискөй, кандай кыйын болсоңуз да кайсы бир кардар менен тил табышуу оңой, кай бирөө менен аябай татаал болот. Жолугушууга ыраазы болбой турсаңыз да, сөзсүз кунт коюп угуңуз.

Маекти кура билүү

Кээ бир кишилер ишкерлик боюнча сүйлөшөөрдөн мурун жашоо тууралуу, өткөн-кеткен тууралуу маектешип алууну каалайт. А кээ бирөө сизди мындай лирикалык чегинүүлөргө татыксыз көрөт. Кимдир бирөө сизден алгач жооп алган соң, андан кийин аңгемелешет. А кай бирөөнө мындай жоругуңуз текеберленгендей сезим калтырат. Эң негизгиси алгачкы жолугушууда маектештин кандай киши экенин жаңылыш болжоп алып, ыңгайсыз абалда калбаш керек. Бул жерден бир кеңеш бере кетсем – жолугуша турган кишинин экосистемасын жакшылап изилдеп алыңыз.

Анын жүрүм-турумунан, кеңсесинин жупунулугунан, же ар кандай нерсеге толуп турганынан кандайдыр бир жыйынтык чыгарууга болот. Сиздин милдет – бул киши кандай сүйлөшүүнү жактыраарын билүү. Анан ошого жараша өзүңдү даярдайсыз. Кичүү болсоңуз сый мамиле кылууга камыныңыз. А эгер кызмат көрсөтүү жаатында болсоңуз, анда кардар дайыма сыйга татыктуу. Бул «Ал эмне айтса да макул болуш керек» дегендикке жатпайт. Бирок, кандай болгон күндө да кардардын эмне айткысы келгенин түшүнүп, ошого жараша өз пикириңизди далилдүү жеткириңиз.

Кокус маектешиңиз өз пикиринен кайтпай, сиздин ойду укпай жатса, анда эмнеге мындай пикирде экенин сураштырыңыз. Муну менен анын жооп издеп, аргумент табуу маалында башкача варианттар бар экенин сезүүсүнө да жардам бересиз. Мындай диалог өтө жакшы пайдасын тийгизет.

Жасалмалыктан качуу

Мен «Беш кол тең эмес. Киши бардык жагынан күчтүү болбойт жана бир киши баарына жетишем деп өзүнүн Кудай берген жөндөмдөрүнө каршы чыкпашы керек» деген пикирди колдойм. Алсыз жактарыңды басып кете турган тубаса күчтүү жактарыңды билүү эң маанилүү. Эгер сиз жеринен эле сыртка көп ачыла бербеген киши болсоңуз, анда шайыр-шатман болом деп аракет кылбай эле коюуңуз. Андан көрө маектешүүнүн башка нугун издегениңиз оң. Мисалы, жекеме-жеке отуруп, сырдашуу сыяктуу. Тубаса мүнөзүңүзгө жараша кандай сүйлөшүү ыңгайлуу болсо, ошого жараша жолугушууну уюштурганыңыз оң.

Жолугушууну жыйынтыктай билүү

Ар бир жолугушуунун аягында прогрессти, алга жылууну сездириш керек. Мына ошондо гана сиз маекти улантууга себеп бар экенин сезесиз. Жолугушуунун катышуучуларына дайыма эмнеге жетишкенин, мындан ары эмне болоорун, ким, качан жоопкерчиликти өзүнө алаарын даана жеткириш керек. Ошол учурда отурган чөйрө гана эмес, жалпы таасириңер тийчү аймак тууралуу так түшүнүк болуп, талкуунун чеги кайда жатканы даана билиниш керек. Жүзөгө ашкан процессте прогресс болуп-болбогону так байкалбай калса, маектешүүдөн кийин кандайдыр бир канааттанбагандай сезим пайда болот.

Жана сүйлөшүү жүргүзүүчүлөр үчүн эң акыркы актуалдуу кеңешим – телефонуңузду нары таштай туруңуз. Болбосо маектешиңиз бул сүйлөшүүлөр сиз үчүн маанилүү болуп, олуттуу киришкенге даяр экениңизге жакшы ишене бербейт.

Ольга Линде, Forbes