Борбор Азия

Кыргызстанда акча көбөйтүү: Акцияны кантип алсам болот?

16 декабря 2017 г. 12:37 1540

Акция алуунун тобокелчилиги жогору болгону менен кирешеси көбүрөөк. Кыргызстанда Apple, Google, Facebook сыяктуу 150дөн миң долларга чейин жеткен дүйнөлүк лөктөрдүн акциясын алуу кыйын жана кымбат. Ошондуктан ата-мекендик ишканалардын акциялары менен чектеле туралы.

Акция алиппеси

Акция – аны сатып алган кишиге ишкананын кирешесинен дивидент (үлүш) алууга жана компаниянын ишмердигине катышууга укук берген баалуу кагаз. Мындан сырткары фирма жоюлуп кетсе, мүлкүнүн бир бөлүгүн алганга да мүмкүндүк берет.

Ээлеринин укуктары баалуу кагаздын түрүнө жараша айырмаланат.

"Жөнөкөй акция" ээсине акционерлердин жыйналышында добуш берүү укугун берет, бирок мындай акциянын дивиденти ишкананын кирешесине жараша болот.

"Артыктуу акция" болсо добуш укугуна ээ эмес, бирок компаниянын ийгилигине, же чабалдыгына карабай, ээсине алдын-ала бекитилген киреше берип турат.

Акциядан кантип киреше кирет?

Баалуу кагаздардан дивиденттер же курс айырмачылыгы аркылуу эки түрлүү киреше тапса болот. Экинчи түрү мисалы, доллар же евро алып-саткандай, арзан алып, кымбат сатуу дегендик.

Ар ыкма өзүнө жараша өзгөчөлүккө ээ. Дивидент – бул акциядан пассивдүү киреше алуу. Мында киши кирешесин ошол же башка ишканага кайра инвестиция кылып, киреше табат. Мындайда тобокелчилик азайып, акционердик портфелдин жалпы кирешеси артат.

Курс айырмачылыгы менен ойноо болсо акциядан киреше табуунун агрессивдүү түрүнө кирет. Бул учурда акцияны кирешелүү алып-сатуу үчүн баалуу кагаздар базарындагы талап жана сунуштарга дайыма көз салып туруу керек.

Акция узун мөөнөт иштөөгө багытталган баалуу кагаз экенин жана анын баасы адатта дароо алмашпаганын билип коюу пайдалуу.

Акцияга инвестицияны эмнеден баштоо керек?

Бул тууралуу адабиятты пайдалануу.

Мисалы Уоррен Баффет, Питер Линч же Уильям Шарп сыяктуу ийгиликтүү инвесторлордун китептерин окуп чыксаңыз жакшы болот.

Базардагы талап менен сунуштарды карап чыгуу.

Акция сатып алуу соода-сатыктын башка түрүндөй эле базардагы сунуш менен талапты изилдөөдөн башталат. Кыргызстанда алуу же сатуу үчүн сунушталган баалуу кагаздарды “Кыргыз фонддук биржасы” жабык акционердик коомдун сайтындагы “Соода статистикасы/Котировкалар” бөлүмүнөн көрсө болот.

Учурда “Манас” эл аралык аэропорту", “Бишкексүт”, “Кыргызтелеком”, “Кыргызмунайгаз” ачык акционердик компанияларынын акциялары бааланууда. Мындан сырткары электр кубат жана банктык сектордун баалуу кагаздары жакшы баа берет.

Жеке инвестициялык мерчемди түзүп чыгуу

Сиз кайсы компанияга инвестиция кылып, андан кандай натыйжа күтүп жатканыңызды так чечишиңиз керек.

Базарга жаңы кирген ишканалар көбүнчөсүн бир топ убакыт өткөн соң киреше таба баштайт. Мындай компаниялардын баалуу кагазы “өсүү акциялары” делип, алардын баалуулугу бир топ артышы мүмкүн.

Көптөн бери иштеп келе жаткан ири компаниялардын акцияларын туруктуу киреше бергендиктен “дивиденттик” деп аташат.

Мындан сырткары “нарктуу” жана “чала бааланган” акциялар бар. Алар компаниянын тегерегиндеги негативдүү имиш жана окуялардан улам чыныгы наркынан төмөн бааланган баалуу кагаздар. Мындай акциялар бир нече убакыт өткөн соң калыбына келет.

Компания иштеп жаткан базардагы тенденцияларды изилдөө

Базардагы тенденциялар компаниянын ишмердигине тикелей таасир бербегени менен анын кирешесине, андан улам акционерлер алчу дивидентке оң же терс таасир этет. Жалпыга маалымдоо каражаттарына чыккан маалыматтардын жардамы менен базардын баштапкы талдоосун жүргүзсө болот.

Компаниянын ишмердигин изилдөө

Мында компаниянын каржылык көрсөткүчтөрүнөн сырткары анын келечекте өнүгүү мүмкүндүгүн карап чыгуу да өтө маанилүү. Инсайдерлик (чакан топко гана белгилүү) маалымат болсо пайдалуу бүтүмгө келүүгө же ишканага тиешелүү күтүлбөгөн тобокелчиликтен кутулууга жардам берет.

Баалуу кагаздарга инвестиция чегерүү үчүн адистешкен брокердик контора тандоо

Кыргыз мыйзамдарына ылайык, баалуу кагаздар базарында лицензиясы бар брокердик конторалар гана акцияларды алып-сатуу укугуна ээ. Учурда Кыргыз Республикасында 17 брокердик ишкана бар. Аларды тандоодо аброюна жана атагына көңүл буруу шарт.

Базардын “кан басымын” текшерип туруу

Акция алган соң чалкалап жатып калбаш керек. Базардагы тенденциялар менен компаниянын ишмердүүлүгүнө көз салып туруу абзел. Мындай көзөмөл ишканалардын баалуу кагаздарын убагында ала коюу же сатып кутулуу үчүн өтө маанилүү.

Тобокелдикти бөлүү

Бир гана компанияга инвестиция кылуу кооптуу. Түрдүү ишканалардын акцияларын алып, тобокелдикти бөлүштүрүү керек.

Учурда КРдин баалуу кагаздар базары оң динамика көрсөтүп жатат. 2015-жылдан берки андагы соода 3,7 млрд сомдон 9,5 млрд сомго чыккан (155%).

Ири инвестордун көбү капиталын акция алып-сатуу менен өстүргөн. Уоррен Баффетке окшоп келечектүү компаниялардын акцияларын аласызбы же Жон Темплтондой баары кутулуп кирген акцияларды сатып ала баштайсызбы, ал сиздин ишиңиз. Бирок, кандай болбосун Рожжер Бэбсондун: “Адамдар акчасы кайда кеткенин билбей калгандан көрө, аларды кайда жумшоо керек экенин үйрөнүүсү керек”, - деген керезин унутпаңыз.

akchabar.kg